18-март күнү Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов аталган өлкөнүн падышасы Янг ди-Пертуан Агонгу Туанку Аль-Хаж Халим Муадзам Шах ибни Альмурхум Султан Бадлишах XIV менен жолугушуп, ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Жолугушуу учурунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты кеӊейтүү ниети айтылды.
Кылычбек Султанов эки өлкөнүн мамилеси тууралуу сөз кылып жатып, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда көп окшоштуктар бардыгын жана бүт тармактарда кызматташтыкты кеӊейтүүгө чоӊ потенциал бар экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Малайзия падышасы элчиге: «Кыргыз элине жана өлкө башчысына эӊ жакшы тилектерим менен катар чын дилден салам айтууӊузду өтүнөм»,- деди. Ошондой эле ал Малайзиянын Кыргызстан менен кызматташуусун өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көӊүл бурарын, эки тараптуу мамиленин чыӊдалышына жана өнүгүшүнө аракеттер көрүлөрүн айтып өттү.
Эльвира Караева,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg