Эл арасында аскердик кызмат өтөөгө баргандар сөзсүз өзүнөн улуу чакырылыштагы жоокерлердин ур-токмогуна кабылат, башкача айтканда, «дедовщинаны» башынан өткөрөт деген түшүнүк жашап келет. Жакында эле Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер мына ушундай «дедовщинанын» айынан көз жумду.
«УУЛУБУЗДУН ДЕНЕСИН БИЗ БАРГЫЧА СОЮП САЛЫШЫПТЫР»«Өлгөн уулумду тирилте албайм, бирок кылмыш кылгандар тиешелүү жазасын алсын» деген маркум жоокер Шамбеттин атасы Кайратбек Сейитмуратовдун арыз-муӊуна кулак түрдүк:
– Уулум Шамбет Сейитмуратов 1994-жылы 30-декабрда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Келечек айылында туулган. 2014-жылы 15-октябрда аскерге чакырылып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295-Тоо аткычтар аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жүргөн.
2015-жылдын 13-мартында болжол менен саат 16:30дар чамасында бизге аталган аскер бөлүктүн командиринин орун басары болом деп бирөө телефон чалып, «уулуӊуз катуу ооруп ооруканага түшүп калды, тез жетип келиӊиз» деп айтты. Биз жарым саат өтпөй жолго чыктык. Жолдо баратып улам командирлери менен байланышып жаттык. Ош шаарынан өтүп калган мезгилде кайра чалсак, «уулуӊуз каза болуп калды» деген жаман кабарды угузушту. Ошондо келинчегим Кенжегүл «биз барганча уулумду сойбой тургула» деп суранды. Ошентип жол алыстыгынан улам аскер бөлүккө 22:30дар чамасында араӊ жеттик. Бизди бөлүктүн жетекчилери тосуп алып, бир бөлмөгө алып кирип окуяны түшүндүрө башташты. Шамбетти өзүнөн 6 ай мурда аскерге чакырылган Нургазы Усманов аттуу катардагы жоокер сабагандыгын айтышты. «Уулубуздун сөөгү кайда?» десек, «өлүкканада» дешти. Бирок ал мезгилде биздин өтүнүчүбүз аткарылбай уулубузду уруксатсыз союп салышыптыр.
«КАН КУСУП ЖИБЕРИП ҮЗҮЛҮПТҮР»
– Уулумду жерге берип жатканда аскер бөлүктүн кызматкерлери жана окуяга күбө болгон жоокерлердин бири келди. Алардын айтымында окуя мындайча болуптур: Уулум бөлүм командири болуп жүргөн. Ошол күнү түшкү тамактан кийин өз бөлүмүндөгү аскерлерди 2-кабаттагы бөлмөгө алып кирип коопсуздук эрежелеринин кагаздарына кол койдуруп жатканда эшиктен Нургазы кирип келет да, «Рахманов, Сейитмуратов, ко мне!» деп уулумду жана дагы бир катардагы жоокерди чакырат. Анан «мен таап келгиле деген насыбайды алып келдиӊерби?» деп сурайт. Экөө бир ооздон «никак нет» дешет. Нургазы Рахмановду уруп, андан кийин уулумду муштуму менен көкүрөк тушка соккондо, ал эс-учун жоготуп жыгылат. Ошол жердеги эки жоокер сууга чуркашып, калгандары уулума алгачкы жардамды көрсөтүшөт. Уулум көзүн ачып, тигилер жөлөп өйдө тургузушканда бир чиренип кыйкырып, кан кусуп жиберип, кайрадан эсин жоготуп, ошол жерден үзүлүп кете бериптир. Жоокерлер уулумду санитардык бөлүккө жеткирип, ал жактан ооруканага алып кетишет. Анан ооруканадан өлүкканага алып барып, биз баргыча союп салып жатышпайбы.
Нургазы бөлүктүн командиринин айдоочусу экен. Аскер бөлүктө таянган кишиси болуп ал оюна келгенин жасап жүргөнбү деген ой келет. Кошумчалай кетчү жагдай, аскер бөлүктүн жетекчилиги бизге чейин прокуратура кызматкерлерин, Нургазынын ата-энесин чакырышып, өз ара сүйлөшүп, андан соӊ гана бизге телефон чалышкан. Нургазынын ата-энеси биз баргыча аскер бөлүккө келишип, ишти жабуу үчүн акча сунушташканын аскер жетекчилиги айтты. Бул жерде суроо туулат. Эмнеге алгач өлгөн жоокердин ата-энесин эмес, сабаган жоокердин ата-энесин чакырышат?
«ТЕРГӨӨ ИШТЕРИНЕ КАНААТТАНБАЙ ЖАТАБЫЗ»Ал эми маркум жоокердин апасы Кенжегүл Сейитмуратова уулунун мүнөзүн сыпаттап өттү:
– Шамбет зээндүү, уюштурууга шыктуу бала эле. 9-классты аяктаган соӊ колледждин юридикалык бөлүмүнө тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктаган. Кесиби менен иштөөгө аскердик билет керек экен. Биз «аскерге 1 айлык эле кызмат өтөөгө бар» десек, «толук эле кызмат өтөп келем» деп өзүнүн каалоосу менен кеткен. Уулум менен кээде телефон аркылуу байланышып турчубуз, ал жакта да үлгүлүү жүрүм-туруму менен бөлүмчөнүн командири болгондо бизге чалып сүйүнчүлөгөн эле. Ойдо жок жерден каргашалуу окуя болуп кетти.
Балабызды эми тирилте албайбыз да. Аны урган бала азыр камакта. Биздин суранарыбыз, уулумду сабап өлтүргөн жигит татыктуу жазасын алсын! Иш акыйкат тергелип, аскер бөлүктүн жетекчилиги да жоопко тартылышын өтүнөбүз. Уулумду өлтүргөн баланын ата-энеси бизге киши жиберип кечирим сурап жатышат. Угушубузча, алар аскер прокуратурасына да акча сунуштап жатышыптыр. Тергөө иштерине канааттанбай жатабыз. Себеби баламды атайлап сабап өлтүрүп жатса да тергөөдө кокустук, эреже бузуу катары баалап жатышат.
«САБАГАН ЖООКЕР КАМАКТА»
Бул окуя тууралуу Жалал-Абад облустук аскер прокурорунун орун басары Эркин Абдыкеримов төмөнкүчө маалымат берди:
– Катардагы жоокер Сейитмуратовду өлтүргөнгө шектелип Усманов Нургазы Камалдинович аттуу катардагы жоокер кармалып, маркумду урганын моюнуна алган. Ал Ош шаарындагы №36806-аскер бөлүктөгү гауптвахтага камакка алынган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 358-беренеси (бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин бузуу) менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматынын билдиришинче, экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Тергөөнүн жыйынтыгына карап аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилигине да чара көрүлмөкчү.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg