КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы єткєн сандарда)

Чындыгында Садыр да, Жылдыз да турмуштун оош-кыйышын кєрє элек. Бири ата-энеси бала деп кєзї кызарып Кудайдан тилеп алган жалгыз уул, бири беш уулдан кийин тєрєлгєн жалгыз кыз. Башка эч нерсени ойлобостон, бир болсок эле баары жакшы болот деген тїшїнїк менен кетип бара жатышты. Айылга жете бергенде кооптонушту, бирок бири-бирине билгизишкен жок. Садыр тереў дем алып:

– Сен ушул жерде кїтїп тур. Мен їйдєгїлєргє келин алып келгенимди айтайын,- деди. Жылдызды єзї менен кошо ала кирсе, апасы катуу сєз айтса кєўїлї ооруп калабы деген ойдо ушул жолго барды. Эшиктин алдына суу чачып жаткан Зуура баласын кєрєрї менен чакасын кыйшайта кармаган боюнча туруп калды. Айтпай-дебей келген уулуна:

– Кандайсыў, кагылайын, деги тынччылыкпы? Окууў эмне болду?- деп тынчсыздана суроо узатты.

– Сїйїнчї, апаке! Жєн келген жокмун, силерге келин алып келдим. Сизди дароо кєрсє сїйїнгєнїнєн жїрєгї жарылып кетпесин деп сыртка калтырып келдим,- деди. Апасы селейип туруп калды. Ал баласына єзїнїн сиўдисинин кызын алып берїїнї ойлоп, сїйлєшїп дагы койгон. Оокат-ашка тыў, анын їстїнє сиўдисинин кызы. Баласы сїйєбї, жокпу, аны менен эсептешпей, тек гана сыртынан тон бычып койгон.

– Апа, эмне унчукпайсыз? Келиниўиз кїтїп калды. Ээрчитип келейин,- деп артка басканда апасы токтотуп калды.

– Токтой турчу, ал кимдин кызы?

– Бизден эмес, апа,- деди кїлїп. Сизге Чїйдїн чїрєк кызын келин кылып берем.

– Чїрєгїў менен жерге кир. Босогомду аттатпайм. Эч ким уга электе шаарга жибер.

– Мен аны...

– Окууўду аяктаганда їйлєнєсїў. Мен сага жубай камдап койгом,- деп чакадагы сууну шар эткизе чачып жиберип їйдї кєздєй басты.

– Апа, уксаўыз, биз сїйлєшїп жїрєбїз. Мен аны, ал мени сїйєт.

– Аркалыгыў менен аўга тїш. Бїгїн їйлєнєсїў, эртеў мурдуўдан жетелеп шаарга алып кетет.

Апасы їнїнїн барынча кыйкырып, ээрчип келген келин уксун дегенчелик кылды.

– Апа, акырын, Жылдыз укса...

– Уксун! Ошол мага чеке тердетип чай берер бїлє болмок беле?

Зууранын заар чачып кыйкырып жатканынан атасы эшикке чыга калды.

– Ой, балам, келдиўби? Баратам деп телефон чалып койбойсуўбу. Жайлоодон козу алдырып союп турмак экем.

– Ата, мен келин алып келдим. Сыртта турат.

– Ботом, сыртта турганы жарамак беле? Жоолук салып киргизбейсиўерби. Эй, кемпир, дїйнєнїн тешигин бїтєчїдєй далбастайсыў да.

– Жоолук салмак тїгїл короого кадам таштатпайм. Аркалык келин алып бербейм,- деди апасы дагы деле буркулдап.

– Їнїўдї бас, кыз укса эмне дейт? Чакыр жеўеўди. Апаўдан акыл кїтїп турасыўбы? Аркалыкпы, башкабы, айырмасы эмне? Балабыз жашап кетсе нур їстїнє нур эмеспи.

– Ат менен тєєнїн ортосунда асман менен жердей айырма бар. Сен катындардын ишине аралашпа.

– Сага эмне дедим, Зуура?!- деди атасы зирк эте.

Коўшулары келин келди дегенде чуркап келишти. Короонун ичиндеги талаштын баарын угуп Жылдыз “Ушуну кєрмєкмїн, азыр кабыл албай коюшса шаарга кантип барам? Ата-энеме “мен кєўїл сїйгєн адамыма турмушка чыгып жатам, бїгїн айылга кетебиз” деген кат жибербедим беле. Эми ит болдум, куш болдум деп бармак белем?” деп ичинен сыза ойлонуп турду. Ансыз деле айылда ата-энеси кудасына кепке кемтик, сєзгє сєлтїк болгон. Талаш кєпкє барып токтоп келинди їйгє киргизишти. Кайнене жалгыз, анан да тун келинине ак жоолук салганга жараган жок. Эл чакырып той берип, эркектер кулдук уруп кудасына барып келишти. Чоў тоскоолдукту жиреп єткєнсїп эки жаштын кубанычында чек жок. Сїйїктїїсїнїн жанынан чыкпаган уулуна апасы:

– Жаман катынпоз, тизгинди азыр эле бергенин кєр. Башын айлантып алганын кара. Шерменде, сенден ушул кордукту кєрєт белем? Баары бир жашатпайм. Айылдагылар “Зуура элге кїлчї эле. Єз баласы аял алып келгенде їнї чыкпай калды го” деп айтып жатышат...- деп жинденип жатты.

– Эл эмне, казаныўа аш салып береби? Тїтїнї бєлєктїн тїйшїгї бєлєк,- деди жинденген атасы.

– Эл караган бетимди жер каратты. Кєрєсїў, мен муну менен эле калып калбайм.

– Эй, кемпир, эртеў ушул келиндин колунан чай ичип, тєрєп берген баласын чекесинен сїйєрїўдї ойло. Ушул боюнча эле тура берем дебе. Алдан, кїчтєн таясыў. Анын кайсы жерден, кайсы уруудан экени маанилїї эмес. Кеп камырдай ийлеп, ийге келтирип тарбиялап алышыўда.

– Менин купулума толгон келин эмес. Балам кызыгы тараганда кетирип жиберет.

– Кетирип, кайра алып келгендей кыз буюм эмес, ал дагы бирєєнїн баласы,- деди акыл токтоткон атасы.

Ошентсе да кайнене тынч алып калбады. Той єткєндєн кийин келинине їстємдїк жасап, терс мамиле кылып баштаган. Баласына єчєштїбї, шаарга окууга дагы жибербей койду. Нанды кєп же аз жасап койсо дагы уруш. Кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издейт да турат. Жылдыз сїйїктїїсїнїн кєўїлї калбасын деп кайненеси эмне десе, бардыгына макул болуп жатты. Анын їстїнє “Апама каяша айтпа. Азыр бизге ызаланып жїрєт” деп кїйєєсї эскерткен. Теўчилик, бейпилчилик заманда эне баласына кас болуп, їй-бїлєсїн бузат деген эмне шумдук? Тєрєп калса мындан кутула албайм, тезирээк кєзїн тазалайын деп ойлоп, тїрдїї жоруктарды жасады. Таў атпай тургузуп короонун киши баспаган жерлерине чейин шыпыртат. Эзели жуулбаган кирин жуудурат. Айтор, кара кїчкє сала берди. Жасаган тамагын жактырбай, тїрткїлєп ичпей койчу адат тапты.

Бир кїнї “аяшыбыздын колунан даам сызалы” деп достору келгенде апасынын тїлкї акылы иштеп кетти. Келинин уяткарып, баласын досторунун алдында сєзгє калтыргысы келди.

– Балдарга єзгєн кїрїчїнєн аш басып бер,- деди Жылдызга. Бечара кїрїч басканды кайдан билсин? Эптеп жасап, демделсин деп їйгє кирип кетти. Кайненеси ал кирип кеткенден кийин алакандай кийизди казанга салып аралаштырып жиберди. Жылдыз тамак бышты деп табакка салып алып кирди. Бардыгы эле оозунан кыл алып чыгышып, “ээ, досум, аяш жїндїн баарын кошуп коюптур го” деп биринен экинчиси єтїп шылдыўдап жатып калышты. Конок да кетти.

– Мына сенин сїйгєн аялыў! Досторуўдун алдында сєзгє калып жїрє бер,- деп калды апасы.

– Апа, бул нерсени сиз кылдыўыз. Уят эмеспи?

– Муну кара, єз энесине сїйлєп турганын. Аялыў менен бир жыл жашабай жатып таламын талашканыў кантет?- деди энеси дагы деле уялбай.

– Садыр, досторуўдун алдында уятка калтырдым,- деди аялы ыйламсырай.

– Сенде кїнєє жок,- деп ал чекесинен сїйїп койду. Зууранын бул жолку тузагынан дагы майнап чыккан жок. Коўшу айылда ысытма-суутма окуган аял бар эле. Ошого барып кєўїлї биротоло кала тургандай кылып келбесемби деп тескери дуба окутуп келди. Эми уруп-сабап ортосундагы ысык мамиле сууйт деп ойлоду. Бирок андай болгон жок. Алар мурункудан ынак, жакын боло беришти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
nur16
2015-03-30 09:34:23
кандай болор экен эми
0
mersedes2013
2015-03-30 10:23:57
ушундай кайненелер барбы обу жок
0
lionna
2015-03-30 17:31:15
mersedes2013, ишенсен бар экен. )))
0
vivi
2015-03-30 11:48:16
ушундай кайненеден кудай сактасын адам эмес ко бул, оз баласынын бактысына балта чапкан акылы жок неме
+1
kazemir
2015-03-30 13:07:59
Биздин кайнене мындан беш беттер,эле отурсан опок,турсан сопок кылат эле,Оттон алып чокко салат эле олбочуудой болуп,козу да отуп кетти Эми жаткан жери жайлуу болсунда.
+1
jurnalistika
2015-03-30 17:09:41
Мен да жаман коп ойлоном,кайненем кандай болот деп))))).
0
s9zen098
2015-03-30 17:47:48
Бир жакшыга, бир жаман деген ушул да
0
aniraz.zari
2015-03-30 18:07:57
Toobo akyly jok neme go uwundai kainenelerden kudai saktasyn kelininin jakwy je jaman ekenin bilbei ele oosarlana bereni emnesi
0
jipara86
2015-03-30 23:51:02
Мындай кайненелер коп эле .Келин башында чыдап койсо кийин кайненеси экоо бири бирине уйронуп кетишет.
0
Dalina22
2015-03-31 01:54:27
Myndai kainaneler chynynda ele bar. Menin kainanem demdep koigon plofumdu.achyp salyp jakwy bywpai. Kaira demdep ubara bolgom.
0
jazira_92
2015-03-31 23:40:20
Эжемдин кайн энеси дагы ушундай болчу,кочого кетип кайсыл саатта эмне жумуш кылганына чейин андычуу экен.Баласы тандаган келин жакпаса оздору эле тийип алышса болмок экен.
+1
tynara1983
2015-04-04 09:03:37
jazira_92, туура айтасын, менинда кайнанем да ушундай.
0
elika86
2015-04-01 00:49:36
Менин кайненем дагы ушундай ошонун айынан еки ажырашып еки жараштык
0
nargizka.kg
2015-04-02 14:49:22
Иииий кудааай жашоодо кайнененин дагы ролу ото чон. Кудай сактасын мындай кайненеден
+1
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан