ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-марттан 5-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жашоо шартыӊызды оӊдоо үчүн кошумча акча табуу тилегиӊиз ишке ашат. Оӊдоп-түзөө иштеринде өзүӊүзгө ишене бербестен адис чакырсаӊыз туура болот. Ошондой эле аптада кирешени бөлүштүрүү, салыктарды төлөө маселеси чыгат. Апта аягында ашар ишке аралашууӊуз ыктымал жана өзүӊүз тууралуу ушак угуп, териштирүүӊүз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында өз кызыкчылыгыӊызды коргоо үчүн айрымдар менен кер-мур айтышасыз. Апта ортосунда сүйүктүүӊүз мамилени териштирүүнү талап кылат. Ошондой эле пландалган иштер оӊой бүтөт. Бирок достордун колдоосунан ашыкча пайдаланып жатканыӊызды эске алыӊыз. Ишемби күнү өзүӊүзгө керектүү буюмду сатып алып көӊүлүӊүз тынчыйт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Мурдагыдай эле жагымдуусуз, жакшы көргөн адамыӊыз сиз менен баарлашууга макул. Бирок ортого ашыкча адамдарды аралаштырбоо керек, бузукулар көп. Чатакташкан туугандар жарашууга кол сунушат. Апта аягында ден соолугуӊузду чыӊдоого көӊүл буруӊуз, ал үчүн табият коюнунда таза абада сейилдөөнү жылдыздар сунушташат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада үй-чарбаны калыпка келтирүү иштери күтөт. Пландалбаган нерселерге акча коротууӊуз ыктымал. Бой көтөрбөй, бирге иштешкендер менен мамилени бузбаш керек. Болбосо лидерликти башкаларга алдыртып жибересиз. Аягы бүтпөс чырга айланып кетпеши үчүн тобокел иштен баш тартканыӊыз оӊ.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында шашылыш иштер жакшы көргөн адамыӊызга жолугууга жолтоо болот. Бирөөлөрдөн урунууга буюм албай туруӊуз, бүлүнтүп алып төлөмөр болуп каласыз. Шаршембиде базар кыдырууга туура келет. Жума күнү шашылыш иштер жолго чыгууга аргасыз кылат. Апта аягында маанайыӊыз ачык болуп, шаан-шөкөттү каалап чыга келесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында сыркоолоп калган жакыныӊызга убакыт бөлүүӊүз мүмкүн. Апта ортосунда кылык-жоруктарыӊыз эл көзүндө болуп, талкууга алынат. Жакшы жактарыӊызды көрсөтүүгө аракет кылыӊыз. Чакан чөйрөдө уюштурулган кечеге чакырык алууӊуз мүмкүн. Апта аягында үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге эс алып, энергия топтойсуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке жашоодо маанилүү окуя болору күтүлүүдө. Аны кабыл алууга даяр болуп, күтүүсүз сюрпризге таӊ калбаӊыз. Жасаган ишиӊизди жетекчилик баалап, айлыгыӊызды көтөрүшү ыктымал. Апта ортосунда үйдө талашып-тартышуулар көп болот. Апта аягында достор менен бир маселени талкуулоо үчүн кафеге же башка эс алуучу жайга барып келүүӊүздөр мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ашыкча түйшүк тартпайын десеӊиз, жаныӊызга ишенимдүү эмес адамдарды жолотпоӊуз. Жеке жашоодо таарынычтарды унутуп, жаӊыча мамиле түзүү кажет. Пландалган иштердин баарын убагында бүткөрүүгө аракет кылыӊыз. Болбосо түйшүктүү иштер кийинки аптага калып, кыйналасыз. Тааныштардан келбетиӊизге карата сын угууӊуз ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шейшембиде өрт чыгуу коркунучу бар, абайлап, балдарды да көз жаздымдан чыгарбаӊыз. Шаршембиде бирөөлөргө ишенип акча бербеӊиз, кийин алуу кыйын. Бейшембиде утуштуу болосуз же сыйлыкка татыйсыз. Жума күнү балдар олуттуу темага аралашып, өз талаптарын көтөрүшөт. Ишембиде тааныштар менен конокко барууӊуз күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жеке жашоо экинчи планга жылат, бирок иштин көптүгүнө карабай, жүрөгүӊүздөгү адам менен баарлашууга убакыт табасыз. Иште жетекчилик менен айтышпоо кажет. Андан көрө көпчүлүктөн бөлүнбөй, чагымчыларга аралашпай туруӊуз. Акчаны үнөмдөбөсөӊүз, кийинки аптада кыйналып каласыз. Үйдөгүлөрдүн пикирин угуп, чогуу-чаран иш кылыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта жакшы жаӊылыктар менен башталат. Шейшембиде күтүлбөгөн жагдайга туш болуп, колдоо издеп таасирдүү таанышыӊызга чаласыз. Бейшембиде үйүӊүзгө чакырылбаган коноктор келип убара кылат. Жума күнү колуӊузга акча тийип, зарыл буюмуӊузду сатып аласыз. Ишембидеги жагымдуу окуя жашоого шаӊдуу караганга түрткү берет. Жекшембиде ички туюмуӊузга таянып иш кылыӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башында энергияӊыз толуп, бир топ иш бүтүрөсүз. Жылдыздар жолдо жүрүүдө сак болууну эскертишет. Шаршемби, бейшемби алыс жолго чыгууга, туугандар менен жолугушууга ылайыктуу. Жума күнү эски тааныш менен кокустан кездешүү жагымсыз окуяны эске салат. Апта аягында бойдоктордун айрымдарына үй-бүлө куруу сунушу түшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан