Көлдөн чыккан таланттуу ырчы Замир Арыкбаев мындан бир топ жыл мурун кандай болсо, дагы деле ошондой бир калыпта. Качан көрбө дайыма каткырып күлүп, тамашакөйлүгүнөн жазбай жүрөт. Биз бүгүн ырчынын жан-дүйнөcүнүн эшигин каккылап, ичине сүӊгүгөнгө аракет кылдык.
«КЫЗ БАЛА ҮЧҮН ШОУ-БИЗНЕС ОПУРТАЛДУУ»
– Табиятымдан мүнөзүм токтоо, интригадан алыс адаммын. Урунуп-жулунбаганым үчүн чайпалбай бир калыпта жашап келем. Чыгармачылыкта болобу, жеке жашоодобу дос күтүп, ким менен мамиле курбайын сыйдан ары ашпайм. Өтө ысык мамиледе болгон кооптуу деп ойлойм. Кезинде ысык ымалада болуп, жүз карашпай калган инсандарды деле көрүп жүрбөйбүзбү. Мурда тентек, өтө тамашакөй болчумун. Ойлонбой тамашалайм деп кээде жакындарымды таарынтып да алчумун. Жыл өткөн сайын бул кыялым жоголуп бараткансыйт.
Өзүмдү жакшы күйөө, жакшы атанын катарына кошом. Жубайым Лира менен жаӊы баш кошкондо ал өзүнүн оюн таӊуулап, мен өзүмдүкүн бербей ортобузда түшүнбөстүктөр көп эле болуп турчу. Жадакалса болбогон нерседен кызганып, уруша кеткен учурларыбыз эсте. Убакыттын өтүшү менен бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнүп калдык. Мен ага, же ал мага баш ийди эмес, турмуштагы багытыбыз бир экенин сездик. Күмөндөр агабыз «аялымды мен башкарып жатам деп жүрө берипмин, көрсө, аялым мени башкарып жүрүптүр» дегендей, турмушта аялга баш ийип, аны уга турган учурлар да болот. Үйдө акчаны өзүм кармайм. Менин уруксатымсыз бир сом да эч жакка жылбайт. Тартип болушу керек, акчаны ал келип сууруса, мен ала берсем болбой калат го.
Чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп балдардын кандай чоӊоюп калганын билбей калат экенсиӊ. Чоӊ кызым Акбермет 2-класста окуп жатат, экинчиси Акмарал 5 жашта, балдар бакчасына барат. Кичүү уулум Актилек 1 жашта. Акмаралдын жароокер, тамашакөйлүгүн, Акберметтин токтоо, жооштугун өзүмө окшоштурам. Ал эми уулум Актилек апасын тартып ыйлаак. Кыздарым таланттуу, бирок "ырчы болобуз" дешсе каршы чыгам. Анткени кыз бала үчүн шоу-бизнес опурталдуу, өтө сак болушу керек. Такыр эле болбой ырдайм десе, ар бир кадамын өзүм көзөмөлдөйм. Учурда балдарыма көп көӊүл бура албай жатам. Сабактарын караган, сейил бакка алып барып ойноткон апасы. Кээде келинчегим «өзүӊ сыртта жүрөсүӊ, үйгө келип уктайсыӊ, балдарга көӊүл бурбайсыӊ» деп нааразы болуп калат. Лиранын айтуусу боюнча, менин эки кемчилигим бар. Биринчиси жалкоолугум, экинчиси романтик эмесмин. Анын үстүнө 5 жылдан бери 5 убак намаз окуп дин жолунда жүрөм. Келинчегим да хиджап кийген. Майрамдарда келинчегиме «өзүӊ каалаганыӊды алып ал» деп акчасын эле берип коём. Көрсө, аялдарга романтика тартуулап, өзгөчө белек берсеӊ жагат экенсиӊ. Бирок тырыӊдап-мырыӊдап тамак тандабайм. Жубайымдын 7 эле түр тамагы бар, алмак-салмак ошолорду жасап бере берет. Мен тажабай жей берем.
«БАЗАРДА МАКСЫМ САТЫП СООДА КЫЛЧУМУН»
– Кичинекей кезимде эле соода менен алектенчүмүн. 1-класста чоӊ апамдын багынан алма, өрүк терип, автобекетке барып сатчумун. Андан сырткары талаадан жүгөрү кайрып келип, аны апама бышыртып алып сатар элем. 6-класстан тарта каникул сайын Бишкекке таякемдин үйүнө келип, «Дордой» базарында иштеп, лимонад, максым сатчумун. Ал кезде базарда контейнерлер жок, дунган, кытайлар машинесине товарларын жайып сатышчу. Күн ысык, тим эле куйкалайт. Тердеп, суусап бир дунган бир күндө 7-8 бөтөлкө лимонад же максым ичип салчу. Ошентип акча таап, мектеп кийимдерин алып сентябрда айылга кетип калчумун.
Негизи менин соодага шыгым бар. Кудай буюрса, бизнес кылайын деген ойдо жүрөм. Эмнегедир саясатка жүрөгүм тартпайт. Депутат, министр болбой эле чыгармачылык, бизнес менен деле элиӊе жардам берсеӊ болот. Ар бир айылда жок дегенде бирден ишкер бар. Ошолор айылдын муктаждыктарын карап койсо, айылдагы маселелер чечилет. Демек, айыл оӊолсо, Кыргызстаныбыз оӊолот деп эсептейм.
Чыгармачылыгым менен эле үй-бүлө багып, чакырган тойлордон калбай келем. Илгери артист десе ичип кеткен адамдарды элестетишчү. Апам да айтып калчу «артист деген да кесиппи?» деп. Анткени союз маалында артисттер гастролдоп, айылдарга барып таӊ атканча ичип өздөрүн жаман көрсөтүп алышкан. Буга улуу муундагы ырчылар күнөөлүү деп эсептейм. Мындай көрүнүштүн четин биз да көрүп калдык. «Ай, ырчы деген тамакты майлап алып анан ырдайт. Кел, куюп берейин» дешчү бизге да. Сахнанын арты тамеки, арак жыттанып турчу. Азыркы муун мындай көйгөйдөн алыс. Баарынын иштейли, оокат кылалы деп тытынып жүргөндөрү мени кубандырат.
«ӨЗҮМДҮН ТОБУМДУ АЧКЫМ КЕЛЕТ»
– Студент болуп жүргөндө текстке обон жазып ырдап чыксам эле Сыймык Бейшекеевге окшошуп калчумун. «Көлдүк карындаш» деп эӊ алгач ырдап чыкканда мени Замир Арыкбаев катары эл тааныбай койду. Улукмырза Полотовго барсам оозумду ары-бери керип отуруп азыркы калыпка салып койду. Агайдан бир жыл сабак алгандан кийин эле өзүмдүн үнүмдү таптым. Азыр элдин угуу табити өзгөрүп баратат. Эл жандуу үндү айырмалай баштады. Тойлордо фонограмма менен ырдасаӊ, бири-бири менен сүйлөшүп көӊүл да бурбай калышат. Качан гана жандуу ырдаганда кошулуп ырдап, бийлеп ортодо байланыш түзүлөт. Ошондуктан жандуу ыр ырдаган Замир Арыкбаевдин тобун ачсам деген оюм бар. Ошондо шоу-бизнеске кошкон салымым же жакшы иш жасаган болмокмун.
Ооба, көп жылдан бери концерт бере элекмин. Концерт койгонго кудуретим жетет, сценарийин жазып, сахнаны эптеп-септеп жасап дегендей. Бирок мен андай концерт бергим келбейт. Артыӊда оркестр коштоп турса, жандуу үн менен тердеп-кургап 2 саат ырдагым келет.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg