Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

1873-жылдын жайы... Тоо тарап дагы тынчсыз. Кудаяр хан кызууланган күнү «Кырам! Өрттөйм!» деп кыйкырат. Соолукканда колунун учу титиреп, өзүнөн акыл чыкпай, өзгөгө ишене албай, ынактарын кыдырата тиктеп «Караӊ ки, баары ууру, баары чыккынчы, баары ашкеби!..» деп жүзүн үйрүп, ындыны өчөт. Кабар күнүгө жаӊы. Төрө-Коргондогу Саранчы пансат көтөрүлгөн элге кошулуп Чартак беги, өзүнүн тагасы Кедейбай датка, Наманган беги Шамило талкаланып, бүткүл Наманген вилаети көтөрүлгөн элдин колуна өттү. Ордодо «эмне кылуу керек?» деген сөз ортого ташталып, жарымпашадан жардам суроо зарылдыгы айтылып, жарымы каршы чыгышты.
– Амиран,- деди Абдырахман абтабачы, акырын, ызат менен. – Өзүбүз эле жайгарбайбызбы өз чатагыбызды?
Кудаяр хан жарылып кетти:
– Өзүбүз?! Кантип?! Алып койду селсаяк Болот Намангенди!
Диван хандын эркин колдоп, тандамал 500 сыпай берип Науман пансатты тоо тарапка аткаруу менен бүттү. «Кечирилгис күнөөгө кирипдар болгон карабагыш, кытай, кутлук-сейит, найман, курама уруктарын канга бөлөп, ыйык тактын алдына кайрадан чөгөлөтүп келүү» буйругу берилди ага...
Эки жоо Ханабад кыштагында кездешти. Исхактын жанында эки гана киши. Бири оӊ канаттын саркери Момун, экинчиси сол канаттын саркери Саранчы.
Науман баш кагып калган пансат болчу. Эрегишчилердин куралы түзүк жагынан атайылап буйтап, аркы дарбып чапкандарын көбүрөөк беттеп уруш жүргүздү. Өзү так ортодон кетпей «Йа-а, жигит пири Шаймерден, өзүӊ колдо!», деп кашкөйлөнүп турду. Жигит пири куралы мыктыларды, уруш ыгын жакшы билгендерди колдоду. Бул беттешүүдө Исхак тандамал 300 азаматынан ажырады. Көшөрө берсе Наумандын бир да сыпайын калтырбай жок кылып жеӊишке жетет. Баасы канча болот? Ордонун аскери ушуну менен түгөнсө го! Өзүнүн негизги күчүнөн ажырайт... Исхак түн жамынып тоо тарапка, Ала-Букага карай чегинип кетти.
– Кана баатырлар, эмне кылабыз мындан ары?.. Урушка жарамсыз экенбиз али. Бул беттеш алыбызды чактады...
Ала-Бука кыштагында түштөнүп отурган Исхак кеп баштады.
Тээ этекте салбырап отурган Камбар ыкшалды.
– Эми, акыбалыбыз ушул экен... мындан ары деле колубуздан эмне келмекчи?..
– Мейли,- деди акырын. – Өз акылыӊ өзүӊө эп. Башынан эле ыргылжыӊ экениӊди байкап жүргөм, мейли, кала бер айылыӊа. Ишиӊ алга жылса ага теӊ орток, а жылан менен кармашып өлтүрө албай жатсаӊ таш алып бербей тескери караган өнөк – өнөк болбойт. Ушундай кишилер ушул кебетеси менен биздин ишти белге тебет. Кана... Кете тургандар дагы барбы?..
– Жо, кетпейбиз биз,- деп жиберди Эр Эшим. – Биз кете албайбыз, элибизди коргойбуз, бек!
Ыраазы боло өрөпкүгөн жигитке башын ийкей Исхак сөз жалгады:
– Куп, жакшы! Чаткалга чегинебиз, уста жыйып курал жасап, ок куйдуруп, дары ийлетебиз. Алтын табалы, орустан курал сатып алышка аракет кылабыз.
Бул аймакта эл-журтка кара болуп туруш үчүн жүз башы Эр Эшимди Чанач ченге таштап, Чаткалга ашып кетти Исхак.
«Орустар Түркстанды басып, Оуганстан менен Индостанга коркунуч пайда кылат...» деген кооптонуу Орусия менен атаандаш мамлекеттердин арасында көп сөз болуп, алар Орусия кызыккан дүйнөдөгү маанилүү маселелерге тоскоолдук уюштура башташкан. Андыктан жергиликтүү майда бийлердин «карамагыӊарга өтөбүз» деген кагаздарын кабыл алуу токтотулуп, «өлкөнүн эгеси азирети хан менен шартнамага келишүү» аркети башталды.
Үрөйү периштедей генерал-губернатор фон Кауфман ак пашанын атынан Кудаяр ханга «Высочество» деген атоо титул берип, бриллиант жылдызы бар 1-даражадагы «Станислав» ордени менен сыйлады.
Эми Кудаяр кутурбаганда ким кутурат?!
Баягында амир Музаффардын маслахаты менен ордого аралаштырган уулу Абдылда бекти тымызын чакыртып алды Курманжан датка.
Өкүмдарынан мактоо, сый алган Науман пансат желигип, эрегишке катышы бар-жогуна карабай Чартак, Шоркен, Беш-Коргон, Азирети-шаа, Мамай, Нанай кыштактарын талкалап, тоноп, тоо этектеп Көк-Жар, Ала-Букага жетти.
Эр Эшим сыпайларды капыстан басып, баарынын куралын, минген атын тартып алып, «Науман сартка айткыла, кол кайрый албаган элге азар көрсөтпөсүн!» деп эскертүү
берип, жөө айдап жиберди.
Тээ илгери, төрт жыл илгери кайран эл хантагасынын кунун тартып, жабыр көргөн жылы кеч күздө касиеттүү көк өзөндөн Эшимдин туз насиби көтөрүлгөн эле. Алгач Айзааданын «баягы жесир бармактай жыртыгын тыя албай боозуп алыптыр» деген айыӊ кеп болот. Өзүӊ киши салып көрдүӊ го, аваӊ мени сага ыраа көрөр пейили жок, унчукпай койду... Көздөн, сөздөн далда кетели...» деген өтүнүчүнө макул болбой койгон. «Өз элимден бөлүнүп, киндик каным тамган жерден бозуп, ыя, кайда барам?! Бир катынды ээрчип...» деп келиндин шагын сындырган эле. Ошонун эртеси эле эл жатар убакта Теӊирберди аксакалдын үйү жактан чуу чыгып калды. Тура чуркады Эшим да. Авасы үйгө сүйөнүп бозоруп отурган экен. А кемпири айгай салып турат:
– Жанагы өлүгүӊө отура калайын кара такыя жок! Ээ, мен билип эле, байкап эле жүргөм... А өлүгүӊдү көрөйүндүн шүйкүмү бузула баштаган...
Чогула калган айылдаштарынын оозу ачылып же кубана албайт, же тиги ажаан жеӊесине кошулуп каргаша албайт.
– Ой?! Эмне селейесиӊер баарыӊ?! Ыя, намысты ойлогон эркектана калган эмеспи бул айылда?! Баатыр уул бир күн үйүндө жок болуп калса эле айгыры жок үйүрдөй тентиреп, башсыз каласыӊарбы, ыя?! Чап!- деди тажаал кемпир катуу буйрук кыла. – Тентиреп, адатынча кыӊылдап ырдап, ыйлап бир көмүскөдө жүргөндүр. Таап уруп, атка өмгөктөтүп айдап кел. А ниети бузулуп качкан болсо, ал өлүгүӊө отура калайындын жазасы ошол, жеткен жеринде баш-шын кес-сип ташта... Кузгун таласын...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан