Технология өнүгүп, жашообузга интернет түшүнүгү тереӊ орноп алган бүгүнкү күндө социалдык тармакты колдонбогондор аз. Социалдык түйүндөрдө активдүү отургандардын арасында жылдыздар да көп. Бирок чын эле ошол жылдызбы же анын атын жамынган бирөөбү, билүү кыйын. Мындай «жалган» жылдыздар атактуулардын атынан түрдүү кептерди жазып, ырчыларды дагы уят кылып койгон учурлар көп кездешүүдө. Шоу-бизнес өкүлдөрүн ушул туурасында кепке тарттык.
"Фейк" же «fake» япон тилинен которгондо жасалма (фальшивка) деген маанини түшүндүрөт. Фейк түшүнүгү 3 учурда колдонулат:
Айпери Калыкова: «ЖАКЫНДАРЫМ МЕНЕН МАМИЛЕМ БУЗУЛГАНГА ЧЕЙИН БАРГАМ»
– Эсимде, бир кездерде жакшы алакада болгон тааныштарым, классташтарым, жакын адамдарым мага тескери мамиле жасап калышкан. Көрсө, иш менин атымды жамынып социалдык тармакта отурган "Айпери Калыковада" экен. Ал менин атымдан болбогон нерселерди жазып, алардын көӊүлүн суутуп коюптур.
Акыркы жолу инстаграмда отурган «фейк» «Супер-Инфо» гезитинин жамаатын жамандап, "Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасовадан Малайзияга барыш үчүн 2000 АКШ долларын алыптыр. Ар бир ырчыдан акча алат, болбосо жамандайбыз деп коркутушат" деп жазыптыр. Мен сиздердин гезит менен канча жылдан бери иштешип келем, бир сом алышпаса, же акча берген ырчыны көрбөсөм, же мени "акча бербей койдуӊ, жамандайбыз" деп коркутушпаса. Интернетке кирбеген жаным аталган тармакка катталып тигиге жаздым. Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат болуп "фейк" мени купуя кат аркылуу сөгүп кирди. Чындыгында, видеокайрылуу дагы жасадым. Акыры чыдамым түгөнүп, аккаунтумду өчүрүп салдым.
Мындан кийин социалдык тармактарга катталбайм. Жөн жерден гезит менен көп жылдык кызматташуума шек келтирип, мамилебизди бузуп коё жаздаганы өкүндүрөт.Нурлан Насип: «МАЛИКА МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ ДЕП СТАТУСУНА ЖАЗЫП...»
– Азыр социалдык тармактардан менин атымды жазып издесем 100дөн ашуун "фейк" чыгат. Алардын арасынан кимиси мен экенимди билишпеген күйөрмандарым сүйлөшө беришет экен. Кыздарды алдап "акчам калбай калды" деп бирдик салдырышкандары да бар.
Бир жолу бир "фейк" «Малика Дина экөөбүздүн ортобузда сүйүү бар, буюрса, балалуу болобуз» деп статусуна жазып алыптыр. Аны көрүп жаман жиним келди. Аларга "эмнеге менин атымдан отурасыӊ?" деп жазсаӊ, кайра өзүӊдү сөгүп салышат.
Гастролдоп айылдарга барып калсаӊ, «Экөөбүз интернеттен сүйлөшчүбүз, эсиӊиздеби? Мен сизге бирдик салчу элем го» деген жаш кыздарды көрүп, аябай ыӊгайсыз абалда калам. Аларга "мен социалдык тармактарда отурбайм" деп түшүндүрөм. Акыркы окуялардан улам атымды жамынган "фейктерге" катуу чара көрүү керек экенин ойлонуп калдым.
Сайкал Садыбакасова: «САЙКАЛДАР» ДАЛАЙ УЯТ КЫЛЫШТЫ»
– Социалдык тармактарда менин атымды жамынып, интернетке туура эмес сөздөрдү жазып жаткандарына күбө болгом. Досторумдун дарегинен ошондой "фейктерге" кат жазсам, "Сайкалмын" деп оозу-мурду кыйшайбай жооп берип коюшат. «Уятсыз, сен Сайкал эмессиӊ, мен Сайкалмын» деп кайра мени доого жыгышат. Инстаграмдагы менин атымды жамынган колдонуучу бир учурда чыгармачыл чөйрөдөгү айымдарга асылып, аларга карата түрдүү сөздөрдү жазып баштагандыктан, ырчы досторумдан "өзүмдүн официалдуу баракчамдын дареги менен бөлүшүп койгулачы" деп сурангам.
Учурда көпчүлүк социалдык тармактарда жүргөн "Сайкал Садыбакасова" дегендер мен эмесмин. Азыр атымды кыскартып, жакындарым гана билчү ысым менен катталып калгам. Жакында эле кесиптешим Айпери Калыкованын атын жамынган «фейк» инстаграмга Нурлан Насип экөөбүздүн Малайзияга болгон сапарыбызда «Супер-Инфо» гезити 2000 АКШ долларын алган» деп жазып эсимди оодарды. Албетте, бул калп, 2000 АКШ долларын эмес, 2 тыйын да берген эмесмин. Муну инстаграмга да жаздым. Көӊүл бурбайын десеӊ адамдын абийирине шек келтирип жалган кептерди жазышып, элдин оозун ачырган пикирлерди калтырышат.Гүлжигит Сатыбеков: «МЕНИН АТЫМДАН 22 000 СОМ БАНККА КОТОРТКОН»
– Интернеттеги калпычы "Гүлжигит Сатыбековдордон" күйөрмандарымдын запкы жеп калгандары бар . Кээде «жолугабыз деп сүйлөшпөдүк беле?» деп кыздар келип калышат. Анан аларга "ал мен эмес болчумун" десем ишенишпейт.
Бир жолу бир кызга "клип тартат элем, акча керек" деп "фейк" 22 000 сом банк аркылуу котортуп алыптыр. "Өзүм ала албайм, досумдун атына которуп кой" дегенине эмне дейсиӊ? Канымды кайнатканы «чечинип сүрөткө түшүп жөнөт» дегендери да болуптур. Күйөрмандарымдын алдында мени уят кылышууда.Урмат Усенов: «БИРӨӨНҮН АТЫН ЖАМЫНГАНДАР КОЛУНАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕГЕНДЕР»
– Башында социалдык тармактарга такыр катталбайм дечүмүн. Кийин тааныштар «Бул ат менен, тигил ат менен катталган сенби? Экөөбүз бул тууралуу интернеттен сүйлөшпөдүкпү» деп айтып калышканынан кызыгып кирип катталып калдым. Менин атымдан отурган адамдар менен өзүм да байланыштым. Биринчи сүйлөшкөндө эле алардын жеӊил ойлуу, дүйнө таануусу төмөн, психикалык жактан жабыркаган адамдар экенин түшүндүм. Тарбиялуу, билимдүү, түз жүрүп, таза ойлонгон адам эч качан мындай жоруктарга барбайт. Реалдуу жашоодо «фейктердин» колунан эч нерсе келбейт. Бетме-бет келгенде оюн толук билдире албаган адамдар деп билем. Алар компьютердин алдында гана өздөрүн эркин сезе алышат. Азыр деле менин атымды жамынган "фейктер" бар. Алардын активдүүлүгүн көрүп ушунчалык да бекерчи адамдар барбы деп таӊ калам.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg