Кыргызстан эгемендүү өлкө катары дүйнөнүн 125 өлкөсү менен дипломатиялык кызматташтыкта, ошондой эле 108 эл аралык уюмдар жана конвенцияларга мүчө. Алар өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу эмне дешет? Сындар, нааразычылыктар көппү же калыӊ элге жетпей жаткан көп жакшы иштерди биргелешип жасап жатышабы? Мына ушундай суроолордун айланасында биз чет элдик уюмдардын өкүлдөрүнүн сырттан салган көз карашына, пикирлерине токтолдук. Орустар айтмакчы, «со стороны виднее» эмеспи.
САЯСИЙ СТАБИЛДҮҮЛҮК, ИШЕНИМ ЖӨНҮНДӨБоб Леверингтон, Улуу Британиянын Орто Азиядагы Эл аралык мамилелерди өнүктүрүү министрлигинин башчысы:
– Кыргыз Республикасынын өкмөтү өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизинде иш алып барып жатат. Биз да биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштешип жатабыз. Аз убакыт мурун өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен калктын өкмөткө ишениминин индекси 5 эсе көбөйгөндүгү жарыяланды. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Ал 2010-жылдан тарта Кыргызстандын өкмөтү ачык-айкын иштеп жаткандыгын айтып турат.
Өкмөт кыйла жоопкерчиликтүү болуп калды. Коомчулук өкмөткө ишеним артып, өкмөт да эл менен жакындашууда. Бул жакшы жышаан. Өкмөт башчынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча жана жеке менчик секторду өнүктүрүү боюнча так багыты бар. Мартин Негеле, Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы:
– Мен 13 ай мурун Швейцариядан келгем. Бул убакыт аралыгында биз кыргыз өкмөтү менен жемиштүү иштешип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. 6-7 жылдан бери чогуу жасалып келе жаткан биргелешкен консультативдик программаларыбыз бар болчу. Өткөн жылы Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо турган, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясына жооп бере турган долбоорлорду кошууга да жетиштик. Биздин учурдагы жетишкендиктерибиз менен толук канааттандым. Эгер мерчемделген нерселерди ишке ашырсак, бул өлкө үчүн да, биздин шериктештик үчүн да жасалган чоӊ кадам болот.
Мурун Кыргызстандагы көпчүлүк тааныштарым өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышчу. Азыр кайра кайткандарды көп көрчү болдум. Бул маанилүү көрсөткүч, ал элдин, ишкерлердин өкмөттүн ишмердигине болгон ишеничин көрсөтүп турат. Азыр ишкерлердин көбү көмүскө иш жүргүзүүдөн ачык-айкындуулукка өтүп баштаганын байкап жатабыз, бул нерсе өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошот. Бул саясий стабилдүүлүктүн жыйынтыгы десек болот. Өткөн жылы өлкөдөгү өзгөрүүлөр рационалдуу, ушаксыз, ызы-чуусуз өттү, кадимки стабилдүү өлкөдөгүдөй. Ишкерлер, инвесторлор үчүн бул маанилүү белги.
ИЙГИЛИКТҮҮ ДОЛБООРЛОР, ӨКМӨТТҮН КОМАНДАСЫ ТУУРАЛУУМайкл Грин, USAID миссиясынын Кыргызстандагы башчысы. Ал Кыргызстан менен 1992-жылдан бери тыгыз иштешип келе жаткандыгын, бул аралыкта биздин өлкөгө 600 миллион доллардан ашуун жардам көрсөтүлгөндүгүн баса белгиледи:
– Кыргыз өкмөтү менен айыл чарба секторундагы реформа боюнча КАЕД долбоорун эӊ ийгиликтүү долбоор деп эсептейм. Анын алкагында биз республикага 400 ири айыл чарба жабдыктарын, трактор, комбайн, сугат каражаттарын алып келдик. Ошондой эле жакшыртылган уруктарды алып келип 40 миӊ дыйканга тараттык, алар мол жана сапаттуу түшүм алышты. Буга катар Монтана штатынан бат чоӊойгону жана этинин сапаты менен таанымал болгон кара ангус породасындагы 200 баш уй алып келдик. Бул уйлар 15 айдын ичинде 500 килограмм салмак кошо алышат жана өлкөдөгү ири мүйүздүү малдын генетикалык түзүмүн жакшыртууга жардам беришет.
Лариса Манастырли, Европалык өнүктүрүү жана реконструкция банкынын өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы башчысы:
– Акыркы 3 жылдан бери өкмөттүн ишине көз салып жатам. Азыр министрлер премьер-министр менен бир багытта иштеп жатышат. Баарынын өлкө кайсы тарапты көздөй багыт алышы керектиги тууралуу так көрсөткүчү бар. Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү менен биргеликте 12 долбоорду ишке ашырып жатабыз. Анын ичинде негизги долбоор – Ош-Исфана жолун түзөтүү.
Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Андрей Широков мырза аталган банк Кыргызстандын аймагында 2012-жылдан тарта гана иштеп баштаганына карабай кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташып, жемиштүү биргелешкен долбоорлор ишке ашып жатканын айтат:
– Маанилүү делген долбоорлорубуздун бири Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана реабилитациялоого багытталган. Кыргызстандагы эӊ чоӊ бул ГЭСтин өлкө үчүн канчалык маанилүү экендигин айтпаса да белгилүү. Өкмөттү, дегеле бийлик өкүлдөрүн эл аралык уюмдар менен иш алып барууда бюрократия орун алат, долбоорлор көп жылдап ишке ашат деп сындап келишет. Бирок биз мындай нерсеге кабылган жокпуз.
БАТ-БАТ АЛМАШКАН МИНИСТРЛЕР ЖАНА БЮРОКРАТИЯБермет Молдобаева, Миграция боюнча эл аралык уюм миссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы:
«Кыргызстандын өкмөтү биргелешкен долбоорлорго, идеяларга дайым ачык. Мурда өкмөт техника алуу же оӊдоп-түзөө иштерине жардам берүү сыяктуу суранычтар менен кайрылса, учурда эксперттик жардам, документтердин экспертизасына жардамдашуу өтүнүчү менен кайрылып баштады. Өкмөттүн түзүмүндөгү стабилдүүлүктүн жоктугу чоӊ көйгөйлөрдүн бири. Анткени өкмөттөгү өнөктөштөрдүн бат-бат алмаша берүүсү долбоорлорду, программаларды ишке ашырууну жайлатып, залалын тийгизет»,- деген ойдо.
Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы координатору Александр Аванесов кыргыз өкмөтү менен жана министрликтер менен абдан тыгыз иштешип жаткандыгын, ал мамилелердин жыйынтыгы жакшы экендигин айтып өткөн. Ал: «Өкмөттүн мынчалык бат-баттан алмашышын каалабайт элем. Бир министрликтин өкүлү менен сүйлөшсөм, 4 жыл ичинде 8 министр келип кеткенин айтты. Мындай шартта иштөө кыйын да. Эӊ негизгиси, өкмөткө Евразиялык интеграцияга киргенден кийин ачылуучу бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ошол эле учурда донордук потенциалды максималдуу пайдаланып калууну каалайт элем»- деп билдирген.
Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ояма Такаюки мырза: «Кыргызстандын өкмөтү кызматташууга, диалогго дайым даяр. Биз агенттиктин башкы кеӊсесинен делегациялар келгенде премьер-министр, вице-премьер министр, дегеле өлкө жетекчилиги менен жолугушуу уюштурууда тоскоолдуктарга туш боло элекпиз. Бул кызматташтыкка даяр экендикти айгинелейт. Бул көрүнүштү өкмөттүн күчтүү тарабы катары баалайм. Ал эми гранттык долбоорлорду ратификациялоо процесстеринин ар кайсы министрлик менен макулдашылып ишке ашуусу, чоюлуп кетүүсү көйгөй жаратат. Мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда байланыш начарбы же башка себеп барбы, билбейм, бирок гранттык долбоорду бекитүү жөнүндөгү макулдукту алууга көп убакыт короп жатат»,- деп билдирген.
ЭЛЧИЛИКТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Улуу Британия (Великобритания) элчилигинин конфликттерди алдын алуу боюнча аймактык кеӊешчиси Рой Уилсон мырза да кыргыз өкмөтү тууралуу өз оюн бөлүшө кеткен. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү менен биргеликте бир катар долбоорлор ишке ашкан. Алсак, Түптө, Караколдо балдарды колдоо борборлору ачылган.
Рой Уилсон мырза:
«Айрым бир адамдар аркылуу да өкмөттүн ишмердиги көрүнөт. Аз убакыт мурун Кыргызстандын укук коргоо органдарынан 2 чиновник Лондонго жана Белфастка иш сапары менен барып келишти. Алар британиялык кесиптештерин өздөрүнүн кесипкөйлүгү менен таӊ калтыра алышты деп айта алам. Экөө өз ишин мыкты билген адистер экенин далилдешти»,- деген ою менен бөлүшкөн.
Ал эми Швейцариянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ренэ Холенштайн мырза былтыркы жылы биздин өлкөгө Швейцариянын президентинин, каржы министринин келип кеткенин эске салып, кыргыз өкмөтү менен жогорку деӊгээлде кызматташуу жүрүп жатканын айткан. Ренэ Холенштайн мырза: «Менин көз карашымда, премьер-министр реформаларды жасоо иштерин улантып, чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында иш алып барууда. Саясий эрктин мамлекетти өнүктүрүүгө багытталганы маанилүү. Бардык реформалар демократия менен байланыштуу болуп жатат. Мисалы, ошол эле таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүү, коррупция менен күрөшүү аракеттери. Мунун баары элдин өкмөткө ишенишине эле эмес, экономикалык жактан өнүгүүгө да мааниси чоӊ»,- деген оюн айткан.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg