Атактуу спортчунун түгөйү болуш оӊой иш эмес. Спортчулардын күнүмдүк графигине, дегеле алардын жашоосуна көнүп кетүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Алар дүйнө жүзүнө белгилүү да, акчалуу да эмеспи.
Ушул жылдын башында дүйнө жүзүнүн эӊ көрүнүктүү түгөйлөрүнүн бири футболчу Криштиану Роналду менен орус топ-модели Ирина Шейктин ортосундагы үзүлгөн мамиле дагы да болсо талкууга алынууда. Анда кеп спорт дүйнөсүндөгү таттуу түгөйлөр жөнүндө болмокчу.
Жомоктогудай түгөйлөр. КРИШТИАНУ РОНАЛДУ ЖАНА ИРИНА ШЕЙК
Жаштык, сулуулук, байлык... Алар спортто гана эмес, шоу дүйнөсүнүн эӊ таттуу түгөйлөрү эле. Беш жылга созулган «love story» укмуштуу үлпөт тоюу менен уланарын көпчүлүк күтүп келген. Бирок...«Мадейранын ханзаадасы» Криштиану менен «Челябинсктин күлала кызы» Ирина 2010-жылы жарнамага тартылуу учурунда таанышышкан. Ошондон кийин эле экөөнүн ортосунда сүйүү оту тутанып, бактылуу күндөрдү кечиришкен.
Булардын ажырым жолго түшкөнү ушул жылы Роналдунун 2014-жылкы «Алтын топ» сыйлыгын алуу учурунда Ирасыз келгенинен байкалды. Арадан аз өтпөй эле футболчу: «Беш жылдан берки Ирина менен болгон мамилем аягына чыкты. Экөөбүз үчүн мындай кадам туура болот»,- деп билдирген. Ал эми Шейк: «Мен идеалдуу мырзамды таптым деп ойлогом. Бирок Роналду чыныгы мырзам болууга татыктуу эмес экен",- деп жакында эле жар салды.
Ажырашуунун себеби болуп Роналдунун апасына Шейк анча жакпай калганы айтылат. Ира болочок кайненесинин 60 жылдык мааракесине баруудан баш тарткан. Акыркы убактарда Шейк белгилүү актёр Дуэйн Жонсон менен жакын мамиледе экени айтылып жүрөт. Ал эми Роналдуга ажырашуу терс таасир бергенби, айтор, футбол талаасында мурдагыдай мыкты оюн көргөзө албай келүүдө.Чырлуу түгөйлөр. ЛЬЮИС ХЭМИЛТОН ЖАНА НИКОЛЬ ШЕРЗИНГЕР
Дагы бир белгилүү түгөйлөр, белгилүү ырчы айым Николь Шерзингер менен «Формула-1» жарышынын учурдагы чемпиону Льюис Хэмилтондун мамилелерине чекит коюлду. 36 жаштагы Николь менен 30 жаштагы Льюис жети жыл мамиле куруп келишкен. Алар бул арада төрт жолу ажырашып, кайра табышууга жетишишкен.
Белгилүү ырчынын жакындары: «Экөөнө теӊ карьера башкы ролдо болушу жана алар көп убакыт бою бири-биринен алыстыкта болгондугу ажырашуунун башкы себеби»,- деп түшүндүрүшкөн.
Николь спортчунун ар бир жарышына катышып, анын №1 күйөрманы катары дайым колдоп келер эле. Ажырашуу чемпионго кандай таасир берет, аны убакыт көрсөтөт.Теннистеги таттуу түгөйлөр. МАРИЯ ШАРАПОВА ЖАНА ГРИГОР ДИМИТРОВ
Акыркы үч жылдын ичинде «теннистин таттуу түгөйлөрү» наамын орус теннисчиси Мария Шарапова менен анын болгариялык кесиптеши Григор Димитров колдон чыгарбай келишет. Бири-бирине төп келишкен сүйүктүүлөр 2011-жылы таанышып, ошондон бери ысык мамиледе. «Экөөбүздүн сүйүүбүз көрсөткөн оюндарыбызга терс таасирин тийгизбейт, тескерисинче, мыкты оюн көргөзүүгө чоӊ өбөлгө болот»,- деп айтышат белгилүү спортчулар.
Бул сөздө канчалык чындык бар, билбейм, бирок Мария Шарапова «сүйүү убагында» «Ролан Гарросту» утса, болгар теннисинин үмүтү Григор Димитров АТР теннисчилер
рейтингинде 22-орунду кармап келет. Эми 28 жаштагы Мария менен 23 жаштагы Григордун сүйүү баяны үлпөт тойго жакындагандай.
Эӊ үлгүлүү түгөйлөр. ШАКИРА ЖАНА ПИКЕЖарашыктуу, үлгүлүү жана мамилеси менен оозго алынган белгилүү түгөйлөр деп колумбиялык ырчы Шакира менен «Барселона» курама командасынын коргоочусу Жерар Пикени айтсак болот. Пике Шакира менен анын 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунун расмий ырына («Waka Waka») клип тартуу учурунда таанышкан. Арадан 1 жыл өткөн соӊ белгилүү ырчы интернеттеги өздүк баракчасына Пике менен мамилеси бар экенин ачыкка чыгарган.
37 жаштагы ырчы менен 27 жаштагы футболчу учурда 2 баланын ата-энеси. 2013-жылы алгачкы наристеси төрөлүп, ага Милан Пике деген ысым ыйгарышкан. Ал эми ушул жылы да Саша аттуу уулдуу болуп отурушат. Кызыгы, сүйүктүү түгөйлөр азыркы күнгө чейин расмий түрдө никеге катталыша элек.
Спорт жаӊылыктары
АлышЭЛ АРАЛЫК «ГРАН-ПРИ» МЕЛДЕШИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
17-март күнү Бишкекте Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык «Гран-При» мелдеши болуп өттү. Ага өлкөбүздөн сырткары Беларусь, Грузия, Индия, Литва, Латвия, Молдова, Монголия, Орусия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Финляндия, Эстония жана Израиль өлкөлөрүнүн 115 спортчусу катышты. Жыйынтыгында мекендештерибиз 8 алтын медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду алды. Кыз-келиндер арасында Анара Рыскулова (52 кг), Нагира Сарбахова (76 кг) алтын медаль тагынса, эркектер арасында Нурлан Садыралы уулу (60 кг), Мырзабек Кочкоров (70 кг), Шүкүрулло Равшан уулу (80 кг), Нурбек Кожобеков (90 кг), Чыӊгыз Аканов (100 кг) жана Абдумалик Малажанов (100 килограммдан жогорку) чемпион аталышты.Футбол
КЫРГЫЗСТАН ООГАНСТАНДЫ ТОСУП АЛАТ
31-март күнү Ош шаарында өлкөбүздүн футбол боюнча улуттук курама командасы Ооганстан курама командасы менен жолдоштук беттеште кезигет. Бул Дүйнө чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарына даярдык көрүү этабынын алкагында болуп өтөт. Белгилей кетчү жагдай, улуттук курама команда эгемендүүлүк тарыхында алгачкы жолу Ош шаарында оюн өткөрөт. 31-март. Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион. Башталышы саат 16:00. Келип колдоп кетиӊиздер!Бокс
Дүйнөлүк бокс сериясы: АЗАТ УСЕНАЛИЕВДИН КЕЗЕКТЕГИ КУРМАНДЫГЫ
«Украиналык атамандар» жарым профессионалдык клубунда өнөрүн көрсөтүп келе жаткан кыргыз мушкери Азат Усеналиев 20-март күнү Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын алкагында 4-беттешин өткөрдү. Анда украин командасы Киев шаарында «Кытай ажыдаарлары» командасы менен беттеш өткөрдү. 52 килограмм салмакта рингге чыккан Азат атаандашы Ху Жиангуандан 3 раунд бою мыкты болуп, жыйынтыгында упай айырмачылыгында утуп алды. Ал эми командалыкта 4:1 эсебинде жеӊишти камсыздай алышты.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg