ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ УНААСЫ МЕНЕН ӨЛТҮРӨ СҮЗГӨН АЙДООЧУ ТАБЫЛА ЭЛЕК

Гезитибиздин өткөн санына «Кызымды өлтүрдүӊ, жок дегенде келип адамча кечирим сурап кет» деген аталыштагы макала жарык көргөн эле. Анда Токмок шаарынын тургуну 4-классты аяктап жаткан карачечекей кызы Шаангүлдү белгисиз унаа сүзүп, убал-сооптон коркпогон айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин баяндаган эле.

«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНА ИШЕНБЕЙМ»
Биз окуяны кененирээк иликтеп келүү үчүн Токмок шаарына барып, маркум Шаангүлдүн атасы Паяз Ильязовго жолуктук. Арманы аттын башындай атанын айтымында, каргашалуу окуя болгондо кызы Шаангүлдүн жанында 2-3 коӊшу кыздар болгон. Тилекке каршы, алар унаанын түсүн эстеп калганы менен, номерин кароого жетишпей калышкан.
– Өзүм Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Жайылган деген айылынан болом. Токмок шаарына үй-бүлөм менен көчүп келип жашап жатканыма 15 жылдын жүзү болду. Шаангүл балдарымдын улуусу эле, андан кийин 1 кыз, 1 уулум бар. 2014-жылдын 15-май күнү кызым мектепке бараткан маалда өтмөк жол жээктен кызымды машина сүзүп кетиптир. Үйдөн чыкканына 10 мүнөт өтпөй кыздар «Шаангүлдү машина уруп кетти» деп чуркап келишти. Эсим чыгып тигилер айткан жакка чуркап барсам кишилер үймөлөктөп, кызым жол жээкте сулк жатат, тапичкелери ыргып, сумкасы чачылып калыптыр. Көтөрсөм жаны чыгып кеткен экен. Байкуш кызымды таш боор айдоочу сүзгөнү аз келгенсип, 45 метрге чейин сүйрөп барыптыр. Окуя болгон жерде сүзгөн машинанын бир фарасы түшүп калыптыр. Алайын десем ал жерде тургандар «милиция кызматкерлери келип өздөрү текшерет, эч нерсесине тийбе» деп коюшту. 10 мүнөттөн кийин милиция кызматкерлери келишти.
Кызымды ошол күнү кечке жуук жерге берип, андан соӊ милиция кызматкерлерине барып арыз жаздым. Арадан 1 айга чукул убакыт өткөндө 1074ВС номурлуу унааны Нурбек аттуу Жол-кайгуул кызматкери Бишкектен кармап келип, «бир машина кармадык, алды чийилген, фарасы алмашылган экен» деди. Барсам машинаны көрсөтүп «мен кармап эле келем, калганын тергөөчү чечет» деп экөөбүз тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө кирдик. Үчөөбүз ал жерде отурганда тергөөчүгө «машинаны чыгар, байкем Бишкек прокуратурасында иштейт» деп бирөө телефон чалды. Анан тергөөчү мага карап, «мына, көрдүӊбү, мени коркутуп жатышат. Аркаӊда колдоочу адамыӊ барбы?» деди. «Буюрса, табылып калар» деп ал жерден кеттик. Мага айдоочусун көрсөтүшкөн да жок, эмне болуп жатканын да айтышкан жок. «Айдоочусу кармала элек» деп коюшкан.
Кийин бирөөлөрдөн уксам, ал машина Бишкек мэриясына тиешелүү кызматтык унаа экен. Ал тууралуу тергөөчү мага айтмак түгүл, телефон чалсам кээде албай, алса да «тергөө жүргүзүп жатабыз» дегенден башканы айтчу эмес. Кийин бул иш боюнча МАИ кызматкери Нурбекти да ишинен бошотуп салышты. Ошентип ал ак машинаны «экспертизадан таза чыкты» деп коё беришип, кийин күмүш түстөгү машинаны кармап келишти. Ал азыр унаа токтотуучу жайда токтоп турат. Мен ал машинанын сүрөтүн окуяга күбө болгон кыздарга көрсөтсөм, «бул эмес, ак машина болчу» дешти. Кызым каза болгондо кийимдерин экспертизага алып кетишип, «күмүш түстөгү унаа сүзүптүр» деп келишкен. Кечээ прокуратурада иштеген бирөө «көйнөктөрүн текшерген экспертизанын жыйынтыгы чыга элек» дейт кайра. Экспертизага да ишениш кыйын. Айтор, булардын сөздөрү эки анжы чыгып кишинин башын айлантып жатат.

«МЭРИЯНЫН КЫЗМАТТЫК УНААСЫНЫН БУЛ ОКУЯГА ТИЕШЕСИ ЖОК»
Биз бул окуяны тергеп жаткан Токмок ШИИБинин тергөөчүсү Самат Кулжабаевге жолугуп, бир катар суроолорубузга жооп алдык:
– Бул окуя боюнча көптөгөн унаалар текшерүүгө алынган. Акыркы жолу Бишкек мэриясынын Дэу Нексия үлгүсүндөгү кызматтык унаасы текшерилип, экспертизанын корутундусунун негизинде ал машина жогорудагы кырсыкка тиешелүү эмес болуп чыкты. Тагыраак айтканда, кырсык болгон жерде Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын оӊ фарасы түшүп калган. Ал эми окуяга тиешеси бар деп шектелген Бишкек мэриясына тиешелүү кызматтык унаанын сол фарасы мурда алмаштырылган экен. Мындан тышкары жакын арада түзөтүлүп же сырдалган белгилери жок. Айдоочусу Нурлан аттуу жигит «бизде айдоочулар тез-тез алмашып турат. Бул унааны мен айдай баштаганда эле фарасы ушундай болчу» деп жатат. Кызматтык унаа болгондуктан жана экспертизадан окуяга дал келбеген корутундулардан улам биз аны унаа токтотуучу жайда кармап тура алган жокпуз. Айдоочунун аты-жөнүн, дарегин толук жазып алып унааны чыгардык. Бирок ал айдоочу тергөө иштерине кайсы күнү чакырсак келип берет. Азыркы убакта дагы ошол үлгүдөгү унаа текшерүүгө алынып жатат. Ал унаа боюнча азыркы күнгө чейин экспертизанын толук корутундусу чыга элек.
Маркум кыздын ата-энесине деле түшүнүп турабыз. Ошондуктан окурмандарга кайрыларым, бул окуя тууралуу ким маалымат билсе же көрсө Токмок шаардык милициясына же 0701 15-36-06 номуру аркылуу мага кабарлашса жакшы болмок. Ал эми МАИ кызматкери Нурбек байке тууралуу айтсам, «бул ишке байланыштуу кызматынан кетиришти» деген жабырлануучу тараптын сөзү чындыкка дал келбейт. Ал азыр угушумча, Жайыл районунда Жол-кайгуул кызматынын ага инспектору болуп иштеп жатат. Ал эми мага «прокурор байкем» деп бирөө телефон чалганы жалган маалымат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өспүрүм кызды сүзгөн унаа Бишкек мэриясына караштуубу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aikol87
2015-03-30 10:06:29
Ата энесине сабыр берсин.
0
Altynbekova.01
2015-03-30 10:29:50
Ал унаасын минге болуп саатып ийсе керек эмдигиче.
0
erika8982
2015-03-30 16:16:52
Ким кунолуу болсо да кудай жазасын берсин.Атасын коруп угуп олтуруп аябай боорум ооруду,неге ушундай бир бечаралардын эле укугу тебелене берсин аа,айтымында табылбай да жазаланбай да калат го.Аллаа тапсын андай пенделерге азыркы убакта кудай тен келбесе пендеси тен келбей калган заман болуп калды азыр.
+1
Umut.94.13.11
2015-03-30 16:22:00
Жакынын жоготуу ушунчалык кыйын сабыр кылыныз эми булар акыйкат чыгарбаса да Аллах бар буларга да куноолуулорго да сабыр тилейм.
+1
medetbek
2015-03-31 02:21:43
кудай сактасын кудайым андайдын бетин ары кылсын го, бирок, ошол кыз бир чоңдун кызы , башкача айтканда ошол мериядагы иштеген чиновниктики болсо ошол замат таап камап койюшса керек эле. Биздин өкмөттүн укук коргоочулардын жумушу карапайым адамдарга кайдигер мамиле кылгандыгы ушул жерден даана көрүнүп турат.
+1
bema_bema
2015-03-31 18:01:19
Депутаттар омуру камалбайт,сразы эле ооруп калышат турмодон коркуп,бир жерин кестирип операция боло калышат.Бизге окшош байкуштарды, ушундай кордошот коз коруно каратып туруп делону жаап салышат.Алла жазанарды берсин,силер дагы баланардан ажыраганда билесинер бул кишинин сыздаганын.
+1
suiuktuujar
2015-03-31 19:53:11
Кунолуну бир кун кыздын арбагы уратго ошондо козу ачылат.
+2
Meruet84
2015-04-01 20:56:44
Аллах жазасын берсин!
0
begai93
2015-04-04 05:31:05
Ой тооба бир пендени корбойсун эй кылган ишин мойнуна алган!Каралап аткан,актанып же актап аткан.кимисинин созуно ишеништида билбейсин.Башка нерсе болсо да мейли,а адамды болгондо да наристени олтуруп койуп кантип журогу чыдап журот?Омур бою кыйналып откучо андан коро ата энесинин алдына келип кечирим сурап,куран тушурсо озу да женилдеп Кудайдын алдында да куноосу женилдейтго!Алдына келсе атандын кунун кеч дегендей окуп жатсан кеч боло электе келип кечирим сура кечиришсе керек
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан