Жаз келгенден баштап жер айдап эгин себүү, жайында чөп чаап, аны ташып келүү, күздө түшүм жыйнамай, ал аяктаганда кайра жер айдоо сыяктуу иштер жүрө берет эмеспи. Бул сапар биз дыйкандар дайыма муктаж болуп келген трактористтин түйшүгүнөн кабар алдык.
«КҮН САЙЫН ТРАКТОРУМА БУЗУЛА КӨРБӨ ДЕП ЖАЛЫНАМ»
Төрт баланын атасы, жашы 40ты таяган Саттар Сапаровду достору, коӊшулары жана тааныш фермерлери эӊ керектүү адам деп билишет. Анткени ал иштерман, анан да «жер айдап бериӊиз» деген сыяктуу өтүнүчтөн эч качан баш тартпаган ак көӊүл адам. Бишкектин четиндеги Маевка айылында жашаган бул мырзага өзүнүн темир тулпары менен талаада жер айдап жүргөн жеринен кезиккенибизде, ал кантип тракторист болуп калганын айтып берди.
-10 жыл мурун туулган жерим Баткенден Бишкекке көчүп келгенимде 3 гектар жер сатып алып, ал жерге беде эгип, түшүмүн сатып жан багып жүрдүм. Техникам жок болгондуктан иштин баарын акы төлөп бүтүртүүгө туура келчү. Өзүӊдүкү болбосо ишиӊ жүрүшпөйт турбайбы деп ичпей-жебей акча чогултуп, алгач трактор, кийин соко, мала сатып алдым. Ошентип башка дыйкандардан да заказ түшө баштады. Кудай жалгасын деп өзүмдүн жеримден тышкары алардын жерлерин иштетип берүүгө өттүм.
Анан 2 жыл мурун ойлонуп, мунун да үзүрүн көрөйүн деп комбайн сатып алгам. Чүйдө жер айдоо марттын 15теринде башталып, апрелди ортолоп бүтөт. 1 гектар жерди 2500 сомго айдап, 1200 сомго малалайм. Күнүгө 4-5 гектар жерди айдоого заказ түшүп жатат. 5 гектар жерди айдоо үчүн күйүүчү майга 4000 сом, майлоочу майга 200 сом кетет. Майдын аягында чөп чабыкка, июнда культивацияга заказ түшөт. Ушинтип иш улана берет. Кокус тракторуӊ бузулуп оӊдотконго эле акча кетпесе, пайда жакшы калат. Бирок бузулса оӊдош да, тетиктер да кымбат. Мисалы, чоӊ дөӊгөлөгү 20 миӊ сом турат. Кыймылдаткычты оӊдотконго 40 миӊ сом кетет. Жүрөк өйүткөн дагы бир маселе – шаар ичинде тракторлорду оӊдогон жай (техсервис) жок. Кокус темир тулпарыӊдын олуттуу жери бузулса, анда оӊдоочу адамдарды үйүнөн чакырууга туура келет. Түндө бузулуп калса, анда ошол жерде түнөдүӊ дей бер. Андыктан күндө рулга отурарда жүргүзүп көрүп, тияк-биягын карап, «бузула көрбө» деп тракторуӊа жалынасыӊ. 10 чакты күндө бир жууп-тазалайм. Андан көп жууганга убакыт жок. Көӊүлүм ачык кезде тракторумду «өзүмө окшош карала-торалам» деп эркелетип коём.
«ОЙЛОНУП КЕТИП, БАШКА БИРӨӨНҮН ЖЕРИН АЙДАП АЛГАН УЧУРЛАР БОЛОТ»
-Жазында жер айдоонун бир керемети бар. Тракторуӊа отуруп талаага чыкканыӊда өзүӊдү чыныгы талаа кожоюну сезесиӊ. Жердин жытын көөдөн толо искейсиӊ. Күздө болсо өзүӊ айдаган жердин түшүмүн ооз тийгендеги керемет сезимчи...
Жерди тереӊ, тегиздеп айдабасаӊ мол түшүм бериши кыйын. Чымдуу жерлерди өз уятыӊ менен 2 сыйра айдашыӊ керек. Болбосо ал жерге жарытылуу эч нерсе өспөй калат. Культивация кылганда 1 сантиметр эле кыйшык айдап кетчи, отоо чөптү эмес, керектүү өсүмдүктү тебелеп жок кылып саласыӊ.
Кээде талаада жүрүп кызык иштер болот. Мисалы, сүйлөшкөнгө эч ким жок, тереӊ ойго батып кетесиӊ. Андайда бурула турган жерден бурулбай түз кетип, башканын жерин айдап баштаган болосуӊ. Же арыктарды байкабай, тракторуӊ менен өӊкүлдөп секирип кетесиӊ. Кээде кечки убак катуу чарчаганда бир аз жата турайын деп түн жарымга чейин уктап каласыӊ.
Бир жолу чөп жыйноо учурунда тракторум менен сыртта уктап калыптырмын. Ойгонсом эле көктө жылдыздар жыбырайт. Чөнтөгүмдөгү ширеӊкени күйгүзүп, эки жакты карап тракторду жүргүзсөм эле алды жакта чөп өрттөнүп жатат. Жанымда ала жүрчү төшөнчү бар эле, ошону менен чапкылап жатып араӊ өчүрүп калгам. Көрсө, ширеӊкенин чийин өчүрбөй ыргытып жибериптирмин.
«ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНДУУ ЖАГЫ БАР»
-Күн ысыкта кабинанын ичиндеги ысык 40 градуска чейин көтөрүлүп, темирине колуӊ тийсе күйгүзгүдөй болот. Талаада көлөкө жок, аргасыз тракторуӊдун алдындагы көлөкөгө жатып эс аласыӊ. Көлөкө аты эле болбосо, сергитип кыйратпайт. Чаӊ сапырылып суусаганды айтпа. Тракторуӊда кечке силкилдеп, анын дүрүлдөгөн үнү кулагыӊды жейт. Бир орунга жабышып отургандан бүт денеӊ талыкшып уюйт.
Өзгөчө картошка казганда, буудай оргондо чаӊ оозу-мурдуӊа, көзүӊө кирип жүдөтөт. Май кармагандан колу-бетиӊ карала-торала болуп, майдын жыты колуӊа, кийимиӊе сиӊип калат. Ушинтип майланышкан кийимиӊ менен жүрүп, анан бир күнү тойго костюм-шым кийип жасанып барып калсаӊ, «оо, ушундай эле красавчик болчу дейбиз да» деп тамашалап калышат. Кээде аялым «самын сенин колуӊ менен кийимиӊди жууганга эле кетет» деп чымчып сүйлөп калат.
Булардын тышкары түшкүсүн ысык тамак ичүүгө шарт жок, көбүнчө кургак нерсе жеп аласыӊ. Жер семирткичтер, отоо чөпкө каршы дарылар менен да иштөөгө туура келет. Ушулардын баары терс таасирин тийгизип, оору жаралары чын. Мисалы, бронхит, варикоз, куяӊ, остеохондроз, гастрит, жогорку кан басым жана башкалар. Менде булардын жарымы бар, жылда кышында дарыланып турам.
«ТЕХНИКАГА ЖАКЫНДЫГЫМ АТАМДАН ӨТКӨН»
-Шаардык трактористтерге караганда айылдык механизаторлор кадырлуу. Эртеӊ менен ойгонсоӊ үйүӊө акчасы менен тамагын түйүп келип, жер айдап же үрөн сээп берип кой деген дыйкандар күтүп турган болушат.
Менин техникага жакындыгым атамдан өтсө керек. Анын кесиби айдоочу. Мектепти, анан механизаторлук курсту аяктаган соӊ Баткенден Бишкекке келип, Политехникалык институтка өттүм. Бирок турмуш-шартка байланыштуу окууну таштап, үй-бүлөм менен Орусияга кетип, ал жакта 8 жыл курулушта иштедим. Кийин Бишкекке көчүп келип, жер иштеткенге туура келди. Кудайга шүгүр, бул жактан үй алдык. Чоӊ нерсе алганга же бизнеске деп акча чогулта баштадык.
Негизи механизаторлукту бүтүп алсаӊ, анан кошумча окуп, бульдозерист, экскаваторщик, комбайнер болуп алсаӊ болот. Ошентип универсал кесип ээси болуп чыгасыӊ.
Жылмайып коюӊуз!
Алыскы айыл жолунда бараткан жеӊил машина чуӊкурга тыгылып калат. Жакын жерде трактор турганын көргөн айдоочу трактористтен унаасын чыгарып коюшун суранат. Тракторист машинаны чуӊкурдан чыгарган соӊ:
– Сенден 1000 сом...
– Эмне мынча кымбат?
– А эмне, мен чуӊкурду бекер казыптырмынбы?
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg