Өткөн күнү – 21-март
Өткөн орду – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:35 (билетте 19:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алып баруучу – Шайбек Акматов
Жакшы номерлер – Ильяз Агыбай уулунун ырчылар тууралуу пародиясы, «Биз» тобу аткарган «Адина», «Буй-буй» ырлары
Билет баасы – 300-500 сом
«Биз» тобунун концерти болорун угуп Спорт Ордосуна бардым. Концерт өз убагында башталбасын билген жаным, бекер отурганча бекер маалымат алайын деп сахнанын жасалгасына үӊүлдүм. «Биз» деп чоӊ кылып жазып, баннерге сүрөттөрүн илишиптир. Жаӊычылдык жок тура деп концерттин башталышын күтүп, туурга конгон бүркүтчө балкондогу отургучта отурам. Бир убакта сахна ачылып, концерт башталды. Жаӊы тиктирген костюмдарын кийип жаркылдап чыгып келишти. Бактияр Токторов адатынча так секире бийлеп, төгүлгөн терин аарчып жетишпей жатты. «Ыр эле уга беребизби» деп отурсам, ак костюм кийген жигит чыга келди. Карасам, «Биз» тобунун түзүүчүлөрүнүн бири Ильяз Агыбай уулу экен. Ырчылар тууралуу пародиясы менен элди бир сыйра күлдүрүп, сахнадан кайып болду. Андан соӊ топтун балдары экиден ыр аткара башташты. Элдин купулуна алар анчейин толо бербеди бейм, «Бактияр чыксын!» деп кыйкыргандар да болду. Урма аспапта ойноп жаткан жигит «Буй-буй» аттуу ырды аткарганда, «Бактияр аткарса жакшы болот эле» деген ойго келдим. Топтун балдарына Бактиярды туурап бийлегендери такыр эле жарашкан жок. Толик атка конгондон бери көп концерттерде болдум, бирок бул концертте бир нерсеге таӊ калдым. Тойдо ырдаган ырчыларга акча кыстаргандай эле сахнага чыгып, гүл ордуна акча берип жатышты. Ичимден, «атаӊ гөрү, ушуну тим эле коюшпаптыр, анча эле акча бергиси келсе сахнадан башка жактан беришпептир» дедим. Алып баруучу болгон жигит эл кыстарган акчаны алып кеткенге катуу даярданган окшойт, жөн эле тыпылдайт. Эски ырларына муюп отурганымда, «Апа жүрөгү» аттуу жаӊы ырды аткарышты. Сөзү обонуна шайкеш келген жакшы ыр экен. Концертте жаш балдар шаӊдуу музыкага сахнанын алдына барып бийлешсе, чоӊдор эски ырлардан эргүү алгандай болушту. Эки жарым саатка созулган ыр-кече аяктап, эл менен кошо мен дагы үйгө жөнөдүм.
Толик Сынчы