Бул жолу «Миллиондук мелдеш», «Соолуган карек», «Сен эмне кылмаксыӊ?» аттуу тасмалардын, Султан Садыралиевдин «Кыргыз бийи», Гүлнур Сатылганованын «Сага» аттуу ырларынын клибин тарткан таланттуу режиссёр Сүйүн Откеевдин чакан мамлекети тууралуу сөз кылмакчыбыз. Анда жан шериктерден жагымдуу маек.
– Саламатсыздарбы, алгач эле кантип табышып калдыӊар эле деп сурагым келип турат...
Сүйүн: – Ал кезде Германияда окучумун. Шайлоо деген таанышым Наргиза тууралуу айтып, Германияга окууга тапшырууга жардам берип коюшумду суранган. Сүрөттөрүн көрүп эле «опа-а» дедим да. Анткени үйлөнөйүн деп кыз таппай жүргөн элем. Калп эле бул документ керек, дагы сүрөт керек деп көбүрөөк байланыша баштадым. Кийин телефон чалууга өттүм. Эки айдан кийин Кыргызстанга келип, ата-энелерибизди тааныштырып, кыргыздын салты менен Наргизага сөйкө салып, 6 айдан соӊ баш коштук.
– Алгачкы жолу жолукканда өзгөчө толкундоолор болсо керек?
С: – Экөөбүз биринчи жолу Ошто жолукканбыз. Укмуш даярданып алгам. Гүлдесте алып, такси менен жолугушчу сейил бакка бардым. Аябай толкунданып алгам, сатып алган гүлдестени бергенден тартындым окшойт, тиги айдоочуга «Жеӊем барбы?» десем «бар» деди. «Гүл берип көрдүӊүз беле?» десем «жок» дейт. «Анда бул гүлдү алып барып бериӊиз» деп карматып койдум. Тиги байке таӊ калган боюнча кетти. Ошентип биринчи жолугушууга кечигип, анысы аз келгенсип гүлү жок баргам. Азыркыга чейин жеӊеӊер айтып жүрөт «мага гүл алып келген эмессиӊ» деп.
Наргиза: – Жолугушууга биринчи келип алыптырмын да. Көпкө күтүп калганыма намыстанып эми кетейин деп турсам Сүйүн келип калды. Башында аябай бири-бирибизден сүрдөгөнбүз, тамактанганы барып аны да жей албай (күлүп).
С: – Ошол убакта пицца жаӊы келген болчу биз тарапка. Анан пицца жегенибиз эсимде.
– Бири-бириӊиздерди көргөн соӊ алгач эмнеӊиздерди жактырдыӊыздар эле?
С: – Эӊ биринчи келбетине көӊүл бурасыӊ да. Мага келбети жакты.
Н: –Мен болсо Сүйүндүн мага жасаган мамилесине көӊүл бургам. Биринчи сүйлөшкөндө эле мага туура келерин түшүндүм, экинчиден Германияга кетиш керек болду да(күлүп).
– Үйлөнүү тууралуу сунушун Сүйүн мырза кантип киргизген?
Н: – Эсимде жок. Мен ага чейин жигит жандабагам. Жигит менен сүйлөшсөӊ бул турмушка чыгууга даярдануу деп ойлочумун. Сүйлөшүп жаткандан кийин, демек, мени алат деп ойлогом, колумду өзгөчө сурашын деле күтпөгөн окшойм.
– Жубайлар турмуш кургандан кийин да бири-биринен жаӊы нерселерди табышат го, сиздерде да ошондой болду беле?
Н: – Мен жолдошумдун үй-бүлөсүнө таӊ калгам. Биздин үйдө катуу айтуу, тарс-тарс сүйлөө деген көнүмүш адат. А Сүйүндүн үй-бүлөсү аябай акырын сүйлөп, бири-бирине сый мамиле жасашат экен. Ушул нерсе мага аябай жаккан. Башында өзүм кырс сүйлөп алып, өзүмдү ыӊгайсыз сезген учурлар болгон.
С: – Мага баары эле жаккан, жыйынтыгы көрүнүп турбайбы, эки татынакай кыздуу болдук.
– Эки кыздуу демекчи, алар тууралуу айта кетсеӊер...
С: – Улуу кызым Айлин 6 жашта, учурда бала бакчага барат. Экинчи кызым Назик 2 жашта. Айлин токтоо, кичүү кызым аябай эркек мүнөз, тентек кыз. Тун кызымды жарнамалык роликтерге көп тарттым, бирок акыркы учурда апасы экөө буга каршы болуп калышты. Мен жумушта көп убакыт өткөргөндүктөн, көбүнчө апасы менен калышат. Үйдө бир нече тилде сүйлөшөбүз, Айлин да азыр орусча, түркчө, кыргызча, англисче аралаштырып сүйлөп калган. Кээде бир сүйлөмдө эки-үч тил аралашып кетип, өзүнүн да башы айланып калат. Назик али кичинекей болгондуктан, ага оюн болсо болду.
– 9 жылдык үй-бүлөлүк тажрыйба сиздерди кандай өзгөрүүлөргө дуушар кылды?
Н: – Башында экөөбүздүн кыял-жоругубуз карама-каршы болчу. Убакыттын өтүшү менен мүнөздөрүбүз окшошуп баратат.
С: – Башында баары «идеальный» болчу. Наргизанын тили узарганы чындык, ал нерсе кыскарбаса керек (күлүп). Жубайымдын эӊ жаккан сапаты – сабырдуулугу. Жумушка байланыштуу үйгө келбей калган учурлар да болот. Наргизанын ордунда башка бирөө болсо чыдайт беле, билбейм.
– Наргиза айым, жолдошуӊуздун айланасында жаш, сулуу актрисалар жүрүшөт. Кызганбайм десеӊиз, ишенбейм.
Н: – Тааныштарымдын көпчүлүгү «сенин ордуӊда болгондо, мен тасма тарткан жерге барып алмакмын» деп айтып калышат. Бирок мен Сүйүнгө ишенем. Жашырбайм, кызганыч болот. Бирок чектен чыкпаганга аракеттенем.
– Кызганычтан улам таарынып, катуу айткан учурлар болду беле?
С: – Жок, болгон эмес, ээ? (күлүп).
Н: – Кызганыч эмес, «жумушта көп кармалба, кыздарыӊа көбүрөөк көӊүл бур» деп тизгинди тарткан учур болгон (күлүп). Биз үчүн чогуу отуруп кечки тамакты жеген өтө маанилүү. Ошол нерсеге көп наалыйм.
– "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" демекчи, бири-бириӊиздерге жакпаган сапатыӊыздар?
Н: – Сен башта. Болбосо мен токтобой айта баштайм (күлүп).
С: – Андай болсо айтпай эле коёюнчу?!
(Сүйүн мырза сурообузга жооп таба албай көпкө ойлонуп калганда абалды жубайы жөнгө салды).
Н: – Мага Сүйүндүн шаштырганы жакпайт. Эки бала менен эч нерсеге жетишпей турсаӊ «батыраак кыймылдабайсыӊбы» дей берет, же жардамдашып койсочу. Өзү болсо интернетке байланып отура берет.
С: – Интернетке бул өзүнүн телефонунан, мен компьютерден кирем. Балдар дагы интернеттен мультфильм көрүшөт. Анан булардын баары отурса, мен да отурам да (күлүп). Төртөөбүз төрт бурчта отурабыз анан. Интернет бир саатка эле өчүп калса, кадимкидей ыӊгайсыздык башталат.
– Сүйүн мырза дайыма бир калыпта жүргөн адам. Ачууга алдырган учурлары да болобу?
Н: – Чындыгында токтоо. Жолдошумдун бир гана жолу мага катуу айтканы эсимде. Анда жаӊы үйлөнгөн кезибиз. Короодо жумуш кылып жүрсөм, Сүйүндүн жакшы көргөн итин кошунанын ити келип тиштеп жатыптыр. Аларды ажыраткандан коркуп турсам, бул чуркап келип мага «Эмне менин итимди коргобойсуӊ?» деп кыйкырып салган. Ошондо таарынып аябай ыйлагам. Мага эӊ катуу айтканы ошол болгон.
– Маегиӊиздерге рахмат! Бактылуу түгөйлөрдөн болуп жүрө бериӊиздер!
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg