Өспүрүм куракта азгырыктардан баш тартуу кыйын. Аларга туруштук бере албагандар тамеки чегип, алкоголь ичимдиктерин ичип, андан ары токтоло албагандар баӊгизаттарын пайдаланууга өтүшөт. Төмөндө өспүрүм курактагылар эмне үчүн баӊгизатына бат берилишет жана анын кесепеттери, азгырыктарга кантип туруштук берүү керектиги тууралуу кеп кылабыз.
КООМДУ ДҮРБӨЛӨӉГӨ САЛГАН «СПАЙС»
Жакынкы күндөрү «спайс» аталышындагы зат тууралуу кабар тарап, бул эмне болгон зат, ден соолукка коркунучу канчалык деген сыяктуу суроолор жаралууда. Спайс
тууралуу маселе Жогорку Кеӊеште да каралып, аны баӊгизаттарынын катарына кошуу боюнча долбоор сунушталууда.
Учурда коомду дүрбөлөӊгө салып жаткан спайс медицина кызматкерлеринин изилдөөсү боюнча баӊгизаттардын эӊ эле зыяндуусуна кирет. Аны колдонгон адамда баш оору, кусуу, ачуулануу, депрессия өнөкөт адатка айланат. Айрымдары бийиктиктен учууну каалашат да, көп кабаттуу имараттардан же болбосо жолдогу тез ылдамдыкта бараткан машиналарга боюн ташташат. Спайсты өлчөмүнөн көп колдонуп алган адам өлүмгө дуушар болушу толук мүмкүн.
Акыл-эси токтоло элек, өспүрүм курактагылар эрте чоӊоюуну каалап, чоӊдор кылган нерселердин баарын өз жон териси менен сезгиси келет. Айланасындагы чоӊдордун
арак ичкенин, тамеки, насыбай тартканын көргөн өспүрүмдө «мен деле ичип, тартып көрсөм эмне болмок эле?» деген ой жаралары бышык. Ошол эле компьютердик оюндар, интернет, телевизордон коомдук адепке туура келбеген видеотасмаларды көргөн баланын психологиясы жакшы жагына өзгөрбөй турганы анык. Баланын мындай азгырыктарга кабылышынын дагы бир себеби – кимдир бирөө тарабынан кысымга алынуусу.
«14 ЖАШЫНАН ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛГЕН КЫЗДАР БАР»Баӊгизаттардын жана алкоголдук ичимдиктердин зыяндуулугу боюнча врач-нарколог Шайлообек Өмүралиев буларга токтолду:
– Эӊ алгач өспүрүм баӊгизатын колдонуу менен кандай зыян тартат, ошону тереӊ түшүнүп алуусу зарыл. Баӊгизаттын кайсы түрү болбосун аны колдонгон адамдын акыл-эси, эске тутуусу, кабыл алуусу начарлайт. Боор, бөйрөк, жүрөк-кан тамырлары жана жыныстык органдары жабыркайт, айрымдар тукумсуздукка кабылышат, балалуу болсо да майып бала төрөлөт. Баӊгизатын колдонгондо биринчиден нерв клеткалары өлөт, мээге кычкылтектин жетүүсү кыйындап, баш оору өнөкөтү пайда болот. Бизге жакында эле 17 жаштагы кыз келди. Ал ичкилик ичүүнү, тамеки чегүүнү 14 жашында баштап, 3 жыл аралыгында аракечтикке кабылган.
Өспүрүмдөр алгач кызыгуу катары татып көрүшөт. Анын башаты насыбай, тамеки тартуу менен башталып, акырындык менен баӊгизатына жетет. Көчмөн калктын организминде алкоголго каршы күрөшүүчү дегидрогеназа ферменти аз болот. Натыйжада организм бат жабыркайт. Бул фермент жүзүмдү көп жеген батыштын калкында көп болот. Ошондуктан биздин өспүрүмдөр эле эмес, чоӊ адамдардын да организми алкоголь, баӊгизаттардын айынан бат жабыркап, аз убакыт аралыгында эле берилип, баш тарта албай калышат. «ЖАМАН ДЕП БИЛГЕН НЕРСЕГЕ «ЖОК» ДЕП АЙТУУДАН КОРКПОШ КЕРЕК»
Өспүрүмдөрдүн психологиясы туурасында психолог Кеӊешбек Үсөнов буларга токтолду:
– Өспүрүм курак инсульт, инфаркт, баш оору, тукумсуздук, боор, бөйрөктүн жарактан чыгуусу, рак, шал, көрүүнүн начарлашы деги эле оору эмне экенин, ден соолуктун баркын билбеген курак болот. Алар коомдо болуп жаткан нерсени кандай жол менен болсо да жасап көрүүгө умтулушат. Баӊгилик, карта, компьютердик оюндар, ичимдик, жаш курагы жете электе жыныстык мамилеге баруу сыяктуу жаман адаттар жана күнүмдүк кайф алууну алар мода катары кабыл алышат.
Ата-энелер баласынын тамеки чеккенин же башка жаман жорукка барып жатканын кантип билсе болот?
1. Бала мурда жасабаган иштерди кылууга өтөт, мисалы, таштанды төгөм, мал жайгарам, суу ташыйм дегендей сыртка чыккан шылтоолору көбөйөт.
2. Тишин бат-баттан жууп, сагыз көп чайнайт, бөлмөнүн терезелерин улам-улам ачып желдетет, жыт билинбеши үчүн.
3. Дүкөнгө жиберсеӊиз кайрымжы акчаны кайтарып бербегенди адат кылат.
4. Өзүнүн оокаттарына башка бирөөнүн жакын келүүсүн, анын бөлмөсүн бирөө жыйноосун каалабай калат.
5. Баланын кумар азгырыгына абдан берилгенин анын акча табуу үчүн уурулукка бара баштаганынан билсе болот.
Балдардын жаман нерсе экенин билип турса да ага «жок» дей албаган мүнөзүн жоготуу керек. Ал үчүн үйдөгү тарбиясы эӊ негизги ролду ойнойт. Ата-эне баласына эмне жаман, эмне жакшы экенин жеткиликтүү түшүндүрүп бере алуусу зарыл. Баланы ойлонууга, оюн ачык айтууга ата-эне кичине кезинен тарбиялашы керек.
Бала эркин болушу керек.Өспүрүмдөрдүн арасында сөзсүз бир тентек лидер болот. Лидерлер көпчүлүк учурда жогорудагы жаман адаттарды илештирип жүргөн балдар. Анын кылганын жанындагы жан жөөкөрлөрү аткарбай койбойт. Бала өзүнө ишенимдүү болуп, жаман деп билген нерсесине «жок» деп айтуудан коркпош керек.
Эгер кысым көрсөтүлсө, ата-энеге, мугалимге же болбосо милиция кызматкерлерине кайрылуу уят иш эмес экенин, ал адамдык укугун коргоп жатканын түшүнүшү маанилүү. Эгер кысымга моюн сунуп, жаман жолго түшүп кетсе аягы эмне менен аяктаарын, андай адамдардын келечеги жоктугун тереӊ түшүнүп билүүлөрү зарыл.
«Супердин» сурак бурчу
Баӊгизат, кумар оюндары сыяктуу азгырыктарга кантип туруштук берүү керек?Гүлкан Тойчубекова, 5 баланын апасы:
– Балага ишенимдүү мамиле кылып, аны менен ачык сүйлөшүү керек. Зыяндуу нерселер туурасында роликтерди көрсөтүп, чыныгы турмуштан мисалдарды айтып берсек болот. Спорт, бий сыяктуу ийримдерге катыштырып, бекерчиликке жол бербеш керек. Анын маанайы, жүрүм-туруму өзгөрүп жатканын байкап туруу зарыл.Алимбек кызы Алиса, 17 жашта:
– Эрктүү болуш керек. Үй-бүлөдө ар кандай тарбия алган балдар бар. Акылдуу, тарбиялуу, жаман жолго баспаган достор менен мамиле куруу абзел. Менин чөйрөмдө тамеки тартып, арак ичкен курбу, досторум жок. Эгер андай жолго барууга теӊтуштарымдан сунуш түшсө мен такыр макул болбойм.Сабиров Уларбек, 17 жашта:
– Азгырык деп ичимдик, уурулук, баӊгизаттарын колдонуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү айтып жатасыз го. Менин досторумдун арасында деле ичкени ичет, чеккени чегет. Бирок уурулук, рэкетчиликке барганы жок. Достор ушуну чегип көр же ичип көр десе эле аны аткара койбойм. Ар ким өзү чечет да эмне кылышты.Атыркүл Мамытмусаева, мугалим:
– Өспүрүм курактагы балдардын көӊүлү аябай сезимтал болот. Аларга этияттык менен мамиле кылуу керек. Туура эмес жолго түшүп алган баланы катуу урушуп же окуучулардын, мугалимдердин алдында жемелебеш керек. Түшүндүрүү, жакшы мамиле менен кээ бир окуучуларды андай жолдон чыгарып алган учурларыбыз болгон.Куттубек уулу Болуш, 18 жашта:
– Окууга аябай берилгендиктен, маданий иш-чараларга тынбай катышкандыктан андай азгырыктар деле боло элек. Мектепте чоӊ класстын окуучулары салык салышчу. Андай деле ичимдик ичүү, тамеки чегүү, баӊгизатын колдонуу деген болгон эмес. Ал эми компьютердик оюндарды ойноп калабыз, бирок чеги менен, көбүнчө ата-энелерибиз көзөмөлдөп турушат.Кыял Атырова, мугалим:
– Зыяндуу нерселерге тартылуу балада 6-7-классында башталат. Туруштук берүү үчүн ата-эне да, мугалим да бала менен достук мамиледе болсо, андагы өзгөрүүлөрдү байкап, жардам бере алат. Чөнтөгүн аӊтарып, катуу айтпаш керек. Эгер урушуп мамиле жасаса, бала каяша айтууга көнөт.
Уулбү Каныбекова
kenesh@super.kg