Урматтуу окурман, «Супер-Инфо» гезити менен SUPER.KG порталы 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 26-январь күнү жыл мыктыларын сыйлоо аземин «Алтын казына» ресторанында өткөргөн эле. Бул жылы аземге өзгөчөлүк киргизилип, жыл мыктылары Кызыл килемден өтүшкөн.
Мына ошол кечеде болгон кызыктарды сиз да көрө турган учур келди. Тактап айтканда, «Супер тандоо-2014» жыл мыктыларын сыйлоо аземин 31-март, шейшемби күнү саат 22:00дө ЭлТР телеканалынан көрө аласыз.