КЫРГЫЗ КИНОСУ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ПРОКАТТА

2014-жылдын ноябрынан тарта Руслан Акун режиссёрлук, Эрмек Нурбаев продюсерлик кылган «Сүйүктүүмдүн каарманы» аттуу тасма элдин назарына коюлган. Тасма кыргыз кино сүйүүчүлөрүнүн купулуна жакшы эле толду көрүнөт, учурунда «Сүйүктүүмдүн каарманына» кеттим» деп киного шашкандарды көп эле кезиктирдик. Баш каармандардын ролун Жеӊиш Майрамбек уулу, Айбек Айтбаев жана казак актрисасы Алия Телебарисова ойногон.
Эми бул тасма Казакстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлмөкчү. Кийинки кездеги кыргыз кинолорунун ичинен биринчи жолу чет өлкөгө прокатка чыгып жаткан тасманын продюсери Эрмек Нурбаевдин айтымында, Казакстандын бардык кинотеатрлары менен келишим түзүлгөн. Тасма 25-апрелде Алматы шаарында жабык эшик артында көрсөтүлүп, 30унан тарта кинотеатрларда коюлат. Бул да болсо кыргыз киносунун бир кадамга алдыга жылганынан кабар берет.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
tina-janka
2015-03-30 13:08:55
Молодцы
+1
Deesmond
2015-03-30 13:33:57
Ийгилик!!!
+1
almasha
2015-03-30 16:12:53
Кайдагы чет олко, кошуна олко десенер боло...
0
eliza89
2015-03-30 16:35:17
Чет олкодо десе,Америкада гоо деп кире калсамчы))
0
hairullo
2015-03-30 18:23:42
Эрмек молодец, озундой азаматтарды кобойто бер, сен жасаган ийгиликтер чыныгы патриот адамдын гана колунан келет
Биздин "чиповниктер" да сендей патриоттуулук менен иштесе Кырг.н тез эле онукмок.
+1
eliza5566
2015-03-31 00:19:13
эрмек кино жаатынан озун сынайын деген го.
0
beka1207
2015-03-31 12:54:41
жакшы башталыш))))коч бара бара тузолот
+1
begai93
2015-03-31 21:06:16
Эми конечно алардын актрисасы ойносо кызыгып койобуз дейтда.Биздикилерден ойногондо да ошентишмек.Кинонун озунго корбодум бирок озулордон катышкан учун гана алып атышса керек деп ойлоп койдум себеби буга чейин деле жакшы кинолор чыгып ататго.
+1
Zamknutaya92
2015-04-01 14:35:31
Комментарийдин тексти
Коруш керек экен корейлердин сериалдарына окшошуп турат.
0
arena2014
2015-04-02 07:46:00
Кинонун даты кантет? Жакшыыы АТ койсо болбойбу?
-1
ILYAS181296
2015-04-09 17:59:15
Кинолор чачтан коп болду го
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан