Мурат экөөбүздүн баш кошконубузга 9 жыл болду. Аялзаты күйөөгө тийгенден кийин төрөшү керек, муну жакшы билем. Бирок Кудай маӊдайыбызга жазбаса эмне кылам?! Көрүнбөгөн доктур, барбаган бүбү-бакшыбыз калбады. Баары эле жакшы дейт, бирок... Бир жакшы жери Мурат унчукпайт, ал дагы башкаларга кошулуп мени кажыса түтпөй кетсем керек эле. Бир күнү экөөбүз кеӊешип, бала багып алалы деп чечтик. Ошентип балдар үйлөрүн кыдырганга өттүк. Кандай боору таш, жүрөгү мерез энелерге ушундай мөлтүрөгөн балдарды төрөө бактысы туш келет билбейм. Наристелердин карегинде сагыныч, коркуу, үмүт жанып тургансыйт. Мынча көп баланын ичинен дүкөндөн товар тандагансып бала тандоо өтө оор экен. Шаштык, мынча көздүн үмүтүн арттырбайлы деп кашы-көзү кара, өзүбүзгө түспөлдөш 4 айлык баланы болжодук...
Ошентип үйүбүздүн бир бурчун наристе ээледи. Нурадил деген ысым ыйгарып, тууган-урук, кошуна-колоӊ болуп чакан тойчук өткөрүп койдук. Менин уулум... Талпынып эки колун сунса эт жүрөгүм эзилип кетет. Атасы эркек болгон үчүн бир аз карманат. Бирок билгизбегени менен баласаак, Нурадил ыйлап калса аттап-буттап жанына жетип барат, бир нерселерди айтып эркелетет, ал күлсө кошо жыргап калат. Мындай учурду байкасам көрмөксөн болуп чыгып кетем.
Акыркы күндөрү эч нерсеге көӊүлүм чаппайт. Бат ачууланам, жөндөн-жөн эле Муратка бир тием, кайра кечирим сурайм. Башым ооруйт, кускум келет, жаным жер тартат. Мурат мындай жүрүм-турумума чыдабай кетти көрүнөт, бир күнү ой-боюма койбой бейтапканага алып барды. Врачка кирип-чыккандан кийин анализдин жыйынтыгын күтүп отуруп калдык. Бир маалда врач кабинетине чакырды:
– Кош бойлуу экенсиз, кабатыр болууга себеп жок. Баары жакшы...
Бир нерселерди эле сүйлөп жатты, менин көзүм тумандай түштү...
– К-кандайча кош бойлуу?- деди жолдошум каргылданган үн менен.
– Кызыксыз го, ата болосуз. Аялыӊыздын боюнда 4 жумалык түйүлдүк бар...
Мурат экөөбүз кучакташып ыйлап жаттык, бизге ашыкча сөздүн кереги жок эле...
Нурадилим, менин ак жолтоюм... Менден өтүп апамдын сүйүнгөнүн айтпа. «Нурадил сендеги энелик мээримди ойготту, ошондуктан кош бойлуу болдуӊ» дейт кудуӊдап. Чын эле ошондой болду, эл эле эмес, өзүбүз түӊүлүп калган убакта Нурадилдин артынан удаа-удаа бөбөктөр жарыкка келди. Эки уул, эки кыздуу болдук, Нурадилди кошкондо 5 балабыз бар. Мурда бир жакка чыккандан корунсам, азыр башты көтөрүп, балдарымды жөжөдөй кылып ээрчитип алам. Асты мектепке барып калды. Көрсө, болот экен го күтсө, Кудай берчүсүнө 10 жылдан кийин болсо деле берет экен го...
Балдарыман Нурадилиме негедир өзгөчө жакынмын, коргоп эле турам. Бир күнү мектептен көзү кызарып ыйлап келди. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей тыз эте түштү.
– Балам, жыгылдыӊбы, бирөө менен мушташтыӊбы, ким?..- суроо артынан суроо узаттым.
– Апа, мага балдар «сен бакма баласыӊ, ата-энеӊ жок» дешти.
– ...
– Апа дейм, мен сенин балаӊмын, ээ?
– Менин баламсыӊ! Ал кандай неме келжиреген?!
Дүйнөдө эӊ таш боор, мыкаачы адам тура. Жан дүйнөсү таза ал кичинекей бала деле Нурадилдин бакма экенин кайдан билсин, баарын айткан чоӊдор да. Биздин байлыгыбызга көз арттыбы же бактылуу жашообузга ичи күйдүбү? Мен корккон нерсенин чети чубала баштадыбы? Мен баламды коргой аламбы? Ар түркүн ойлор келет башыма. Бала эмеспи, Нурадил баарын унутуп, күнүмдүк жашообуз улана берди.
Картайганымды балдарым тирелип чоӊоюп, кыздарым күзгү каранып жасана баштаганда сездим. Баарын колдон-буттан алышып, атасы экөөбүз жыргап эле калдык. Бир күнү туугандар биздин үйдө конок болуп жатышкан, ашканага чыга калсам, кайнежемдин уулу менен Нурадил кызыл чеке болуп урушуп жатышыптыр.
– Сен кайсы арыӊа кыйын болосуӊ? Бул жерде эч нерсеӊ жок, сен бирөөнүн таштандысысыӊ!- укканым ушу сөз болду.
Демейде атырылып чыкчу жаным бутум тушалгандай эле турган ордумда каттым. Байкуш балам, ай... Кайра чыгып кеттим, конокторду кандай узатканымды деле билбейм. Качан келет, качан сурайт деп жаным чыгат. Бирок балам келген жок, сураган жок, билгизген да жок. Кадимки күнүмдүк жумушун кылып короодо ары-бери басып жүрө берди. Демек, билет экен... Ойлонуп көрсөм, Нурадил башка бир туугандарындай болуп атасы экөөбүзгө эркелебейт экен, атасы жокто эле мага айланчыктап калбаса. Ким эмне дебесин макул болуп коёт же күлүп кутулат. Берки балдарым кийимдин, телефондун жаӊы чыкканын алып берүүбүздү талап кылса, ал эмне алып берсеӊ ошону «рахмат» деп ала берет, ашыкча акча да сурабайт.
Мен туура эмес кылдымбы, ага айтышым керек беле «сени багып алганбыз» деп? Антип айтсам Нурадил эшикти тарс жаап кетип калса, жини менен өзүнө кол салса кандай айла кылам?..
Бирок ал менин балам, ага эч кимдин жаман айтууга укугу жок, балам үчүн керек болсо бүт ааламга согуш ачам. Эч кимге бербейм деп өзүмдү сооротуп келем...
Айнура