Бардык адамдар турмуш жолуна бирге аттанчу түгөйүн тандоону өтө маанилүү кадам катары санашат. Ылайыктап бирөөнү тапса дагы той болгонго чейин өздөрүнө «Биз бири-бирибизге төп келебизби?» деген суроону бере беришет. Эгер сиз турмуш жолуна аттануу үчүн түгөй издеп жүргөн болсоӊуз, же ал азыр бар болсо да бир көз салып, жылдыздар сиздердин төп келишүүӊүздөрдү кандай мүнөздөйт, билип алыӊыз. Бул ирет кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн багыт бермекчибиз.
КОЙ ЖАНА КОЙ
Кой жылдызындагы эки адам бириксе – бул алардын эӊ алгачкы жаӊылыштыгы делет. Бирок бирге өмүр сүрүүдө кетирген катачылыгы менен ийгиликтери теӊ салмакта өтөт. Жалпысынан «жаман эмес, жашаса болот» деген тыянак келип чыгат. Кой-мырзалар чарбачыл келишет. Ал эми кой-айымдар ийкемдүү болуп жашабаса, шеригинен кол жууп калуу коркунучу бар.
КОЙ ЖАНА БУКАЧАР
"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дегендей, булардын тил табышуусу кыйынга турат. Бала тарбиялоо, үйгө эмерек тандоо сыяктуу түйшүктөр кой менен букачар жылдызындагы түгөйлөр үчүн тирешүүнү жаратат. Мындай учурда эркек аялдын көк беттигине теӊелбей, ал эми аял эркектин үй-бүлө башчысы экенин эске алып гана компромисске келе алышат.
КОЙ ЖАНА ЭГИЗДЕР
Бул эки жылдыз алдында төрөлгөндөр чогуу бир ишке киришсе, тоону томкоруп жибере турган күчкө ээ. Экөө теӊ эл алдында сүймөнчүккө ээ болгондуктан, сырттан карагандарга идеалдуу түгөйдөй сезилишет. Бирок кой жылдызынын ээлери эркиндикти самаган өзүмчүл эгиздер менен бардык эле жерде тил табыша беришпейт.
КОЙ ЖАНА БӨЙӨН
Бөйөн кой жылдызынын алдындагы адамга тагдырын байласа абдан кызуу кандуу, ачуулуу адамга айланат. Кайраттуу жана демилгечи мүнөздөгү кой жылдызынын ээси бир аз туруксуз жана назик мүнөз бөйөндү жүдөтүп жиберет. "Бирок жылуу сөз жыланды да ийининен чыгарат" дегендей, өз ара тил табышуу бул эки жылдыз үчүн түз жол болмокчу.
КОЙ ЖАНА АРСТАН
Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр жеӊишти сүйгөн адамдар. Албетте, жаныбарлардын падышасы аталган арстанга бул дымак жакпайт. Бийиктикти багындырам деп тырмышкан эки түгөй эрегише берип, өздөрүн жабыркатып алуулары толук ыктымал. Кыскасы, арстан менен койдон түзүлгөн келишим ийгилик жаратпайт.
КОЙ ЖАНА БИЙКЕЧ
Кой токтоо, ал эми бийкечтер сарамжалдуу, бышык адамдар. Бул мүнөздөр бири-бирин толуктап турат десек жарашат. Бийкечтер ички сезимдерге абдан маани берип, түгөйүнөн да ушундай көӊүл бурууну талап кылышат. Эгер кой бийкечти тандаган болсо, түгөйүнүн ар бир кыймылына шек көз менен карай берип, натыйжада уруш-талаш чыгары турган иш.
КОЙ ЖАНА ТАРАЗА
Тараза жылдызынын алдында төрөлгөн адамдардын теӊ салмактуу жана сабырдуу мүнөзүнө ичи тардык кылгандардын катарында кой бар. Эгер бул эки союз турмуш
жолуна бир түшсө, экөө теӊ өзүндө жок нерсенин баарын менчиктөөгө умтулушат. Мындай эрегишүү курулган үй-бүлөнүн же жаралган сезимдердин көпкө созулушун камсыздай албайт.
КОЙ ЖАНА ЧАЯН
Чаяндар бир мүнөз адамдар. Булардын кыжырына тийбей жашасаӊыз, бардыгы ойдогудай өтөт. Эгер сиз кой-айым, мырзаӊыз чаян болсо абдан туура шайкештик жаралат. Эгер тескерисинче болсо, анда кой-мырза айымыӊыз үчүн «жүрөктөрдүн багынтуучусу» катары калганыӊыз оӊ. Чаяндар тийишпесе чакпайт, эгер чакчу болсо кандай чагары эсиӊизде болсун.
КОЙ ЖАНА ЖААЧЫ
Жаачы менен кой жакшы шайкеш келе турган түгөйлөрдөн. Кой жаачынын түз жүргөн, чындыкты айткан мүнөзүн абдан баалайт. Кой жылдызында жок артыкчылыктарды жаачылар дипломаттык ыкма менен жаап-жашырып турат. Буга кой жылдызындагылар романтикалуу мамилеси менен жооп кайтарып, гармонияда өмүр сүрүшөт.
КОЙ ЖАНА ТЕКЕЧЕР
Кой өзүмчүл болсо, текечер да өзүн өтө сүйөт. Ошондуктан бирин-бири «сиӊире» албай убара болгон түгөйлөрдүн катарына кирет. Реалдуулукка жакын, ырахаттын даамын көзү көрүп, колу кармаган нерселерден таткан текечерлер сүйүктүүсүнөн да ошону талап кылышат. Эгер текечердин бул талабы аткарылбаса, түгөйлөрдүн тил табышуусу оор болот.
КОЙ ЖАНА СУУ КУЯР
Кой жылдызындагылардын стихиясы от, ал эми суу куярдыкы аба. Шамал жанган отту үйлөп, күчөткөн сыяктуу, турмушта да булар бири-бирин колдоп, эриш-аркак өмүр сүрүшөт. Бир гана сүйүү жаатында эмес, достук, туугандык мамиледе дагы жакшы шайкеш келген союз. Бирок эки тараптын теӊ кайдигерлик мүнөзү бири-бирине болгон мамиленин муздашын шарттайт.
КОЙ ЖАНА БАЛЫК
Эгер сиз кой жылдызында төрөлүп, балык жылдызындагы адам менен турмуш курууну пландап жатсаӊыз, тандоодон жаӊылган жоксуз. Астрологдор стихиялары карама-каршы экенине карабай бул эки адамдын союзун туура шайкештикке кошушат. Экөө бири-биринин ишине жолтоо болбой, бир мамлекет болуп жай турмуш кечире беришет.