Улуттук коопсуздук комитети Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчисин 100 миӊ доллар пара алып жаткан жеринен кармады.
Маалыматтарга караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматына 19-март күнү жеке ишкер Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миӊ доллар талап кылып жатканын айтып кайрылган. Ошентип 24-мартта Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миӊ доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда аталган факт боюнча «кызмат абалынан пайдалануу», «пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Арпачиевди кармоодо анын жанында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Жеӊиш Сеитов да болгону айтылууда. Бирок УКМК ал тууралуу расмий маалымат тарата элек.Индира Жолдубаева: «ПРОКУРАТУРА ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАЗАЛООГО КЫЗЫКДАР»
Башкы прокуратура жыл башынан тарта чуулгандуу окуялардын чордонуна айланды. Адегенде Аида Салянова үн-сөзсүз эс алууга чыгып, көп өтпөй отставкага кетүү жөнүндө арыз жазганы коомчулуктун талкуусуна алынган эле. Анын ордун Индира Жолдубаева ээлеген. Марттын ортосунда баш прокурордун 3 орун басары кызматынан кол жуушкан. Эми Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси 100 миӊ доллар пара алып кармалып отурат.
Баш прокурор Индира Жолдубаева: «Материалдарды изилдеп чыккандан кийин кылмыш ишин козгоого негиз бар деген жыйынтыкка келдик. Бул факты такталган учурда Башкы прокуратурага, дегеле жалпы прокуратура органдарына чоӊ так каларын түшүнүп, жалпы мамлекеттик аппараттын жумушунун башына коюлган коррупция менен күрөшүү приоритеттерине таянып кылмыш ишин козгоого жана ыкчам аракеттерди өткөрүүгө макулдук бердим. Прокуратуранын кызматкерин кармоо операциясы биздин ведомствонун жана УКМКнын коррупцияга каршы кызматынан көп күчтү талап кылган иш жыйынтыгы болду. Учурда иликтөөлөр жүрүп жатат, аяктаганда жыйынтыктар тууралуу коомчулукка маалымат берилет. Аталган операция маалыматтар чыгып кетпестен жасалганы прокуратура өзүн-өзү тазалоого кызыкдар экендигин көрсөтүп турат»,- деп билдирди.
МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ КАНТИП ПРОКУРОР БОЛГОН?
Пара алып жатып кармалган Кылычбек Арпачиев 1991-жылы медицина кызматкери болуп иштеген. Ошол эле жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасына «стажёр» болуп орношуп, прокурорлук кесип тепкичи башталган. 2013-жылдын май айында ал кездеги баш прокурор Аида Салянованын жардамчысы, ошол эле жылдын декабрь айында Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Кылычбек Арпачиевге пара бермекчи болгон жеке ишкер эл өкүлү Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экендигин айрым маалымат булактары кабарлашты. Сөз болуп жаткан мекеменин тергөө башкармалыгынын жетекчисинин кармалышын айрымдар мурунку баш прокурордун командасын тазалоо үчүн буйрутма менен жасалган иш катары баалап жатышса, айрымдар "коррупция менен күрөшүүчү катары өзүн көрсөтүүгө аракет кылган Аида Салянованын чыныгы жүзү мына. Арпачиевди жогорку кызматтарга Салянова алып келген. Ал дагы Ат-Башыдан, Аида айымдын жердеши, күйөөсүнүн туугандарынан болот" деп сындашууда.
Европа өлкөлөрүнө иш сапары менен кеткен өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 25-мартта Франциянын ишкер чөйрөсү менен жолугуп жатып Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырып, коррупциядан коркпой эле коюу керектигин белгиледи. «Иш сапарга чыгарда мен Башкы прокурор жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги менен жолуккам жана күч структураларын өздөрүн өздөрү тазалоо керектигин айткам. Мен күткөндөй эле кечээ Башкы прокуратуранын башкы тергөөчүсү камакка алынды»,- деп билдирди мамлекет башчы.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg