Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүндө иш сапары менен жүрөт. Расмий иш сапар 23-мартта Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолугушуудан башталды. Эки өлкө башчынын журналисттерге өткөргөн маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаевге журналисттер: "Сиз Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы достордонсуз. Батыш өлкөлөрүнүн башчыларына кеӊеш бере аласызбы, аны менен кантип мамилени жолго салса болот?"- деген суроо узатышты. Ажо Кыргыз Республикасы Украинада коррупционерлердин режиминин кулаганын, жаӊы бийликтин келгенин колдогон биринчи өлкөлөрдүн катарында болгондугун эске салып, "биз Орусия менен Евробиримдиктин мамилелери калыпка келишин каалайбыз. Бири-бири менен сокку алмашуу кырдаалдын жакшыруусуна эмес, начарлоосуна алып келет. Путин Орусиянын Европа менен мамилесинин оӊолушуна жана Украинанын аймагында тынчтык орноосуна кызыкдар" деп билдирди.
Кыргыз делегациясы 24-мартта Парижге келип конду. 25-мартта Алмазбек Атамбаев кыргыз-франциялык бизнес-форумга катышып, Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушуу өткөрдү. Ушул эле күнү ажо баштаган расмий делегация Швейцариянын борбору Бернге барды. 26-мартта Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруга жана аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчынын иш сапары 26-27-мартта Бельгияда уланып, анда Европа союзунун өкүлдөрү, Европа кеӊешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушат. 30-мартта президент Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушуп, 1-апрелде Германиянын президенти Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркель менен жолугушуу өткөрөт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg