25-мартта Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев Жогорку Кеӊештеги 5 фракциянын лидерлери менен жолугуп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү талкуулашты.
Сунушталып жаткан долбоордо премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өстүрүү, ага министрлерди кызматтан алууга, мэрлер менен акимдерди кызматка дайындап же бошотууга укук берүү каралган. Ошондой эле өкмөт башчы болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат. Ал эми партиялар депутатты мандатынан ажырата алышат. Соттук бийлик боюнча парламенттин мүмкүнчүлүктөрү кеӊейтилет.
2010-жылдагы референдумда жаӊы Баш мыйзам кабыл алынган. Анда "2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө" жобосу да кабыл алынган болчу. Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында жемиштүү жыйынтык бербей келет. Анткени ал кайсы бир күчтөрдүн колундагы бийликти күчөтүү максатында гана жасалат. Учурдагы Баш мыйзамга ылайык, президент бир гана мөөнөткө шайланат. Андыктан жогоруда айтылган толуктоолор кабыл алынса премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү менен бир партиянын бийлиги бир нече жылдарга орношу мүмкүн.
Аскар Акаевдин Конституцияны өзгөртүү менен президенттик мөөнөтүн узартышы анын бийликтен кубаланышына алып келген. Конституцияга өзгөртүү киргизип, колуна бүткүл бийликти чогулткан Бакиев да революция жолу менен бийлигинен ажыраган. Кыргыз Республикасынын 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамы Акаевдин тушунда 4, Бакиевдин тушунда 3 жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Конституциялык реформалардын дээрлик баары бийлик бутактарынын арасында бийликти бөлүштүрүүдөн улам келип чыгып, 2010-жылга чейин ал президенттин пайдасына чечилип келген.
Негизги мыйзамды улам бир жакка чоюп өзгөртө берүү коомчулукта мыйзамды сыйлабастыкка, бийлигиӊ болсо өзгөртүп алууга болот деген залалдуу түшүнүккө алып келиши мүмкүн. Ошол мыйзамдар аткарылып жатабы-жокпу, мына ушул нерсе маанилүү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg