БИР КАНЧА ЧУУЛГАНДУУ КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИ АЧЫЛА ЭЛЕК БОЛСО, 2 ЖАШАР НАРИСТЕНИ ЗОРДУКТАГАНДАРДЫН СОТУ ЖАКЫНДА БАШТАЛМАКЧЫ

Гезитибиздин бул санына буга чейин жарыяланып келген тагдырлардын, кылмыш иштеринин жыйынтыктары кандай болгондугун окурмандар менен тааныштыра кетүүнү эп көрдүк.

КААРМАНЫБЫЗ КАЗА БОЛУП КАЛДЫ
Гезитибиздин №608-санына «Дарыгер өзүмдү майып кылып, күйөөмдү тартып алды» деген аталыштагы макала жарыяланып, анда Ош шаарынын Гүлдана Бердигулова аттуу тургуну Анара Акматова аттуу дарыгердин айынан кургак учук оорусу күчөп кетип 1-топтогу майып болуп калганын, анысы аз келгенсип жолдошун ошол дарыгер тартып алганын айткан. Биз каарманыбыздын ден соолугун билүү максатында телефон аркылуу байланышканыбызда туугандары «Гүлдана каза болуп калды» деген суук кабарды айтышты.

ЭЖЕСИНИН 9 ЖАШТАГЫ КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨН ЖАРАНДЫН АКЫЛ-ЭСИ КЕМБИ?
Эсиӊиздерде болсо, гезитибиздин №594-санына «Кара-Балтада 9 жашар кыз зөөкүрлүк менен өлтүрүлдү» деген макала жарыяланган. Анда 2014-жылдын 15-мартында Кара-Балта шаарынан 9 жаштагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы жазылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Амантур Тургунбек уулу кармалган. Ал көз жумган кыздын апасынын бөлөсү болуп чыккан. 13-февралда ИИМ «Бул ишти Жайыл райондук соту карап, айыпталып жаткан 19 жаштагы жаранды «акыл-эси кем» деп таап, мажбурлоо иретинде дарылоого чечим чыгарды» деген маалымат тараткан. Бул чечимди жокко чыгаруу жана ишти кайра карап чыгуу арызы менен райондук прокуратура кийинки инстанцияга кайрылган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча иш Чүй облустук сотунда кайра карала тургандыгын маалымдады.

2 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ОТУРУМУ 2-АПРЕЛДЕ БАШТАЛАТ
Чүй облусунда катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы наристе боюнча тергөө амалдарын Чүй ОИИББи жүргүзүп, 16-мартта Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп берген. Алгачкы соттук отурум 2-апрель күнү жабык режимде каралары белгилүү болду.
Эске сала кетсек, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза анын катуу токмоктолгонун жана зордукталгандыгын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары наристенин атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы кармалган. Кийин наристенин атасына да кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Наристенин туугандарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 28- 97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) жана 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер), ал эми атасына 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча айып тагылган.
Наристенин денесиндеги жарааттары айыгып, буту-колу кыймылдап, мурдагыга караганда жакшы болуп, тамак ичип, бир аздан салмак кошо баштаганын, бирок, тилекке каршы, дале эсине келе албай жатканын Бишкек балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков маалымдады.

ЧУУЛГАНДУУ БИР НЕЧЕ КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИ ДАЛЕ АЧЫЛА ЭЛЕК
Ал эми өткөн жылдын эӊ чуулгандуу кылмыштары аталган спортчу Руслан Абазов жана студент Камила Дүйшөбаевалардын өлүмдөрүнүн бети ачыла элек.
Ошондой эле гезитибиздин №644-санына чыккан Дубайда сексуалдык кулчулукка кабылып, мекенине араӊ кайтып келген кыз: «Мени алдап сатып жиберген Замир кармала элек. Анын телефон номери дале иштеп жатат, бирок Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери «таппай жатабыз» дегенден башканы айтпай жатышат. Укук коргоочуларга ишенбей деле калдым. Прокуратурага арыз жазамбы же жокпу белгисиз. Себеби ал жакта деле ушул көрүнүш да»,- дейт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aksy-13
2015-03-30 11:30:01
журогунду сыздаткан окуялар коп болуп барататго. Камила деген кыз аябай татынакай кыз экен эле не себеп болуп каза тапкан?
0
aikakg
2015-04-03 13:35:30
Aksy-13,kamilany byltyr jazynda biwkekten olturup ketiwken belgisiz adamdar
0
shazi
2015-03-30 13:22:27
Гулдана жайы жаннатта болсун. Куйоосуно болсо аллах бар. Бети ачыла элек кылмыштардын дагы айыптусуна аллах жазасын берет.
+1
Meruet84
2015-03-31 13:06:16
Аллах жазасын берсин! Ушундай да айбанчылыкка барышабы . Айбанда бул кылыкты кылбайт .Ууухх э журогум сыздап кетти .Суттон ак кылып чыгарып жиберишпесе болгону .
0
Parish
2015-03-31 17:58:56
Бейкуноо откондордун жайы жаннаттан блосун
ата энесине,урук тууганына конул айтам. Ал эми табылбаган кылмышкерлерди кудай жазаласын.
0
suiuktuujar
2015-03-31 19:43:10
Каза болгондордун жаны жаннатта болсун куноолулор жазасын алсын.
0
ainuska00
2015-04-02 10:51:27
Гульдана Гулчолук кызбы? 1984 жылкы Гулдана деген кыз бар эле ....окшош ко аябай...же ошолбу айтканыма тооба кылдым
0
almagul_aravan
2015-04-05 13:56:11
ужас!!! ушундай адамдар жаман болуп, бир - бирине болгон сый урмат кайда баратат. Ата оз кызын карабаса , эр катынын олтурсоо....... ужас эле...
0
adonis98
2015-05-03 19:37:42
Камиланын суротун корсом эле журок сыздай берет ушундай татынакай кыз кимге жамандык кылды экен
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан