Бул жигит чыгыш ханзаадасы болуп таанылган. Жаш кыздардын арасында сүймөнчүккө ээ. Мирбек Атабековдун сахналаш бир тууганы, Канат Култаевдин «баласы» Даниель биздин төрдө.
Даниель жигиттик кылдыбы, айтор, интервью алайын десем, түшкү саат бирге түштөнүүгө чакырды. Ошентип, чай үстүндө маек курдук.
– Даниель, акыркы кезде көрүнбөй кеттиң. Жалкооң катуу кармаган го?
– Элдин баары эле ушинтип айтышат. Клип тарттырып, ыр жаздырып иштеп жатабыз. Жакында эле Аваз Чекиловдун “Ойлойсуңбу?” деген ырын жаңыртып жаздырдым.
– Баса, жакында эле “Култаев командасы менен ооруп калды” деп уктум...
– Ооба, Ошко гастролго барып, суукка урунуп калыптырбыз. Канат байке, Мирбек, администратор Сүйүн ооруканага жаткан. Аларды көргөнү барып жүрүп мен да ооруп калдым. Ийне дегенди ошондо биринчи жолу алдым. Айыкканча 6 килограммга арыктап кетиптирмин. Элдин арасында «Канаттын командасы чочко тумоосуна кабылыптыр» деген сөз тарап кетиптир.
– Дайыма Канат менен бирге жүргөндөн тажабайсыңбы?
– Канат байке менен иштешкениме 3 жыл болду. 1-июлда келишимибиз бүтөт. Дагы 3 жылга узартайын деп жатам. Канат байке менен жүргөндөн тажабаймын, тескерисинче, көнүп калгам. Бир тууган агамдай эле болуп калды.
– Жашырбай айтчы, Мирбек, Алихан үчөөңөрдүн ортоңордо атаандашуу барбы?
– Бизде атаандашуу жок. Бир туугандай бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз. Жеке концертимди бере элекмин. Буюрса, март айында өтүүчү концертиме даярданып жатабыз. Мирбекке караганда Алихан менен көбүрөөк сырдашам.
– Эми Канат акеңерди качан үйлөнтөлү деп жатасыңар?
– Биз деле Канат акеге үйлөнүңүз деп айтып жатабыз. Гастролдоп Өзгөнгө барып калганда ата-энеси деле “уулум, 30га чыгып калдың, үйлөнбөйсүңбү?” деп калышат. Өзү “мына көрдүңөрбү, силерди чыгарам деп картайып баратыптырмын” деп күлүп калат. Кудай буюрса, келерки күздө чоң той берип продюсерибизди үйлөнтөбүз го.
– Сени тойго чакырыш үчүн ким менен сүйлөшүү керек? Дегеле «ставкаң» канча?
– Канат байке менен сүйлөшүү керек. Келишим боюнча ушундай. Негизи, келишим ырчы менен продюсердин сүйлөшкөнүнө жараша түзүлөт. 3 ырга 10 миң сом алам.
– Келишимиңерде дагы кандай чектөөлөр бар?
– Канат байке көбүнчө “кыздар менен сүрөткө көп түшпөгүлө” деп эскертет. Анткени сүрөтүңдү кыздар дубалатып салган учурлар болот экен. Бир жолу аябай катуу ооруп доктурга көрүнсөм, дартты аныктай албай коюшту. Молдого барып дем салдырып, араң жакшы болгом. Дем салган молдонун айтуусунда, бирөөлөр мени дубалаткан экен, ошол үчүн ооруптурмун. Арабыздагы эле ырчыларды дубалап аларга турмушка чыккан кыздар бар экен да. Азыр деле бир айда бир жолу молдого барып, өзүмө дем салдырып турам. Кыздардын айынан учурда телефону жок жүрөм. Чалып алышып “сенден боюмда бар, мени албасаң өлтүртүп кетем” деп коркуткандары кездешет.
– Дуба демекчи, өзүң көзү ачыктарга кайрылып көрдүң беле?
– Ден соолукка байланышкан маселе менен бир күчтүү көзү ачыкка эжем менен баргам. Туптуура айтат экен. Канат байкенин туулган күнүндө аябай майрамдаган элек. Ошону да билип койбодубу. “Сен бир жума мурун ичиптирсиң, сага ичкен болбойт” сыяктуу көп сөздү айткан. Бирок көзү ачыкка барган күнөө экен. Ата-энем, эжелерим намаз окушат. Кудай буюрса, мен да окуюн деген тилегим бар. Көзү ачыкка бир жолу баргам. Аны Кудай өзү кечирсин.
– Кыздардын кайсы сапаттары жакпайт?
– Ашыкча боёнгон, ичкилик ичкен кыздар жакпайт. Орусияга барганда кыргыз кыздар кафеде мас болуп дааратканада жатып калганын, дагы бирөө тамекисин үйлөп сөгүнүп жүргөндөрүн көрдүм. Кыскасы, жүрөгүң ооруйт. Мага ыймандуу, акылдуу, түшүнүктүү кыздар жагат. Кудай буюрса, 25 жашка чыккычакты кыялымдагы кызды кезиктирем деп ишенем.
Курсакты кампайтып алып, Даниель экөөбүз сейилбакты аралап маегибизди уланттык.
– Даниель, кантип эс аласың?
– Жайында бассейнден чыкпайм. Кышында лыжа тепкени барам. Айтор, жаратылыштын коюнунда болгонду жактырам. Таттууну аябай жакшы көрөм. Күнүгө бир маал шоколад жеп эс алам десем да болот.– Шаарда жөө жүрөсүңбү?
– Учурда машинам жок. Таякелеримдин же Канат байкенин машинасы менен жетчү жериме жетип алам. Ырчы болгондон бери эки жолу маршруткага түштүм.Үйдөгүлөр машина алып берели дешсе, өз эмгегим менен алам деп болбой жатам.
– Ата-энең менен бирге турасыңбы?
– Мен өзүм көлдүк болгонум менен, Ошто өскөнмүн. Учурда кымбат адамдарым Ошто турушат. Бул жакта таякелеримдин колундамын. Ата-энеме 3-4 айда бир барып турам.
– Мектепте кандай окудуң эле?
– 7-класска чейин жалаң “5” деген баага окудум. Кийин чоңоюп, өткөөл мезгилге туш болуп кыздардан кол бошобой “3” деген бааны аралаштыра баштагам. Учурда Ошто Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын 4-курсунун студентимин. Буюрса, быйыл жогорку окуу жайга тапшырып, Бек Борбиевдей бажы кызматкери болсомбу деп жатам.
– Келечекте өзүңдү саясатта элестете аласыңбы?
– Мен саясатка такыр кызыкпайм. Акыркы кезде бизнеске кызыгып жүрөм. Келечекте кафе, ресторан, спорттук зал ачсам деген ойлорум бар.
– Кандай түштөрдү көрөсүң, түшкө ишенесиңби?
– Түштөрүм кээде дал келип калат. Түшүмдө көбүнчө бийиктиктен кулап кетип чочуп ойгонуп кетем. Түшүмдө да, өңүмдө да жыландан корком. Айылда чөп оруп жүрсөм жылан орокко оролуп алып мени менен тиктеше кеткен. Колумдан орок кантип ыргып кеткенин билбейм. Ошол окуяны эстесем азыр да жүрөгүм титиреп кетет.
– Дубайга жөнөп жатыптырсыңар, качан келесиңер?
– Дубайга өзүбүздүн командабыз менен баратабыз. Албетте, концерт коюп, эс алып, клип тарттырып келебиз. Бул сапарыбыз бир жумага созулат.
– Сапарыңар байсалдуу болсун. Жеңил барып, оор келгиле.
Даниелдин уюлдук телефонуна келген SMS-билдирүүдөн: “Эгер 10 мүнөттүн ичинде мага чалбасаң, балаңдын атасы башка бирөө болуп калат”.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg