«САБАЛЫП, ЗОРДУКТАЛДЫ» ДЕЛГЕН 2 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН АТАСЫ CОТТОЛДУ
24-март күнү Аламүдүн райондук соту «катуу сабалып, зордукталды» делген 2 жаштагы наристенин атасы 41 жаштагы Назарбай Түлебековдун ишин карап, жыйынтыгында аны «жашы жете электерди тарбиялоодо милдеттерди аткарбоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 2 жылга жатак-абагына кести.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январына караган түнү Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын да аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон эле.
5 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАНГА ШЕКТҮҮ АДАМ КОЛГО ТҮШТҮ
Бишкек шаарынын четиндеги Келечек жаӊы конушунда «5 жаштагы кызды зордуктаган» деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка караганда, 29 жаштагы айым милиция кызматкерлерине кайрылып, анын 2010-жылы төрөлгөн кызын 37 жаштагы Нурбек аттуу коӊшусу зордуктап салганын айткан. Анын айтымында, окуя 21-март күнү болгон. Арыз ээси ал күнү түшкү саат 12:30 чамасында күйөөсү менен Нооруз майрамын майрамдоого даярданып жатканда кызы курбулары менен ойногону эшикке чыгып кеткен. Ошол маалда коӊшусу «момпосуй берем» деп алдап үйүнө алып барып зордуктап салганын 5 жаштагы секелек кыз апасына айткан. Бул боюнча кылмышка шектүү катары Нурбек аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертизанын жыйынтыгы чыккан соӊ ошого жараша кылмыш ишин козгоо же козгобоо чечими чыкмакчы.125 КИЛОГРАММ ГЕРОИНДИ ТАШЫП БАРАТКАНДАР КАРМАЛДЫ
Чүй облусунун Сокулук районунан 125 килограмм героинди чет өлкөгө алып кетмекчи болгон 3 чет элдик жаран кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-март күнү УКМКнын кызматкерлери Түркия-Иран-Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия-Бельгия каттамы аркылуу баӊгизат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүшкөн. Тинтүү учурунда унаанын алдына бекитилген героин салынган 240 кутуча табылып, анын жалпы салмагы 125 килограммды түзгөн. Кармалган жарандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg