Айбек Замиров, ырчы: «НАЗГҮЛ ЭКӨӨБҮЗ 10 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫЗ-ЖИГИТПИЗ»

Айбек Замиров 2011-жылы Арсен менен «Бишкек» дуэтин түзүп «Жаӊы толкун» сынагына катышып келген. Ал эми анын сүйлөшкөн кызы Назгүл Токтакунова да кыргыз эстрадасында үн десе үнү, өӊ десе өӊү бар таланттуу ырчы. Бүгүнкү маегибизде жылдыздуу түгөйлөрдүн биз билбеген сырларын ачууга аракет кылабыз.

– Куш келипсиӊер, Айбек, Назгүл! Экөөӊөрдүн көптөн бери кыз-жигит экениӊерди билебиз. «Качан той жейбиз?» деген суроолорду туш тараптан угуп жатсаӊар керек?
Айбек: – Саламатсыздарбы? Ооба, бул суроону көбү беришет. Тоюбуз буйруган күнү болот. Датасын азыр белгилей элекпиз. Башкысы биз чогуубуз, аны баары билишет.
– Бир чөйрөдө жүргөн адамсыӊар, жылдызыӊар качан жарк-журк деп чагылыша түштү?
– А.: Назгүл экөөбүз 10 жылдан бери таанышпыз. Ал убакта Сары (ред. Назгүлдү ушинтип эркелетет) да, мен да кафеде ырдачубуз, ошол убактан бери билем. Кийинчерээк достуктан кантип сүйүү жаралганын өзүбүз да билбей калдык окшойт. Башында сезимдерибизди бири-бирибизге билдирбегенге аракет кылып жүрдүк. Бирок кайсы бир кырдаал, абалдар бизди табыштырып койду. 10 жылдын канча жылын дос, ал эми канча жылын кыз-жигит катары өткөрдүк деп бөлбөйбүз. Биз экөөбүз тааныш болгон 10 жылдын баарын кыз-жигит деп эсептейбиз.
– Дос болуп жүрүп кыз-жигит мамилесине өткөндө мамилеӊерде өзгөрүүлөр байкалдыбы?
Назгүл: – Ооба, болду. Дос болуп жүргөндө деле эч нерсе жашырбай, баарын төкпөй-чачпай айта берчүмүн. Ал эми кыз-жигит болгондо андан да жакын болуп кетет экенсиӊ. Мен бул жерде жан дүйнө жакындыгы жөнүндө айтып жатам (күлүп).
– Сырттан алып караганда экөөӊөрдүн чыгармачылыгыӊар да бир нук менен кеткендей сезилет...
Н.: – Көп жыл чогуу жүрүп окшошуп да калат экенсиӊ. Кээде ырдап калсам тааныштарым «ырдоо манераӊ Айбектикине окшош экен» деп айтып калышат. Бир чөйрөдөнбүз, досторубуз бир дегендей, анан окшошобуз да.
А.: – Окшоштугубуз болушу мүмкүн. Экөөбүз теӊ атактуулукка жулунбайбыз. Мисалы, мен бир ырым өзүмө жакмайынча ичимде бышырып жүрө берем.
– Бири-бириӊердин ата-энеӊер менен таанышкансыӊарбы?
Н.: – Ооба, менин ата-энем чыгармачылыктан алыс адамдар болгондуктан мага чыгармачылык тууралуу Айбектин ата-энеси менен сүйлөшкөн ыӊгайлуу. Анткени алар искусство тармагында эмгектенип, көп нерсени билишет, мени туура түшүнүшөт.
А.: – Мен «күйөө бала» деген статусту толук ала элегиме байланыштуу таанышканым менен Назгүлдүн ата-энесинен бир аз алысыраакмын. Сый мамиледемин десем болот.
– Сүйүү бар жерде кызганыч болот дешет. Бири-бириӊердин телефонуӊарды текшересиӊерби?
Н.: – Айбек такыр телефонун текшерттирбейт. Ошонусу эле жакшы болуш керек. Капыстан жагымсыз СМС окуп калсам, албетте, чыр чыгарам, жинденем.
А.: – Негизи мага телефон текшерүү деген жакпайт жана бири-бирибиздикин текшербейбиз. Анткени ортобузда ишеним күчтүү. Сарынын өзүнө деле айтам «обу жоктонуп
калп эле кызгана бергендин эмне кереги бар?»
деп.
– Экөөӊөр бири-бириӊердин мүнөзүӊөрдү сүрөттөсөӊөр...
Н.: – Айбек бир сырдуу, ичиндегисин айтпайт. Башында жиним келе берчү «эмнеге айтпайсыӊ?» деп, азыр көнүп калдым. Тескерисинче, ушул табышмактуулугун жана бир аз каардуулугун жактырам.
А.: – Назгүлдүн эс-тутуму начар. 10 мүнөт мурун айткан окуясын кайталап айта берет. Мен угуп отура берем. Эӊ аягында «муну айтып берген болчусуӊ» десем, «жана эле айтпайт белеӊ» деп таарынып калат.
– Көпчүлүк түгөйлөр «үйлөнгөндөн кийин сүйүү балага өтүп кетет, сүйүү сыйга алмашат» деп айтып калышат. Силердин оюӊарча аял-күйөө мамилеси кандай болуш керек?
Н.: – Сүйүүнүн балдарга өтүп кеткени жакшы эле көрүнүш. Ал эми аял-күйөө мамилесинде, дегеле үй-бүлөдө аял эркекке баш ийиши керек.
А.: – Айткысы келбей жатып айтканын кара (күлүп).
– Айбек, айтсаӊ, Назгүлдө лидерлик сапат барбы?
А.: – Назгүл кичинесинен эле өз алдынча өсүп, көйгөйлөрүн өзү чечип чоӊойгон кыз. Ал эми мамиледе мен Назгүлгө «тандачу адамыӊды тандадыӊ, эми өз алдынчалыгыӊды, чечкиндүүлүгүӊдү мен жакка өткөр» деп айткам. Сары мага баш иет. Мен муну сыйлагандык деп түшүнөм. Айымдар дайыма эркектин алдында эмес, артында колдоочусу, тирөөчүсү болуп турганы жакшы. «Сүйөм» деген сөздүн ичинде баары бар деп ойлойм. Сүйсөӊ, демек, сыйлайсыӊ, бардык кыйынчылыкка чыдайсыӊ. Сары достукту баалайт, досу үчүн жанын да берет. Анын туруктуулугун баалайм.
Н.: – Биз буга чейин чогуу отуруп маек берген эмес элек. Чынында, чогуу маек берген аябай ыӊгайсыз экен. Өзүм буга чейин уга элек сөздөрдү эми угуп жатам. Айбектин башкарышына каршы эмесмин.
– Жарандык никеге көз карашыӊар кандай?
Н.: – Билбейм, мага азыркы кыз-жигит болуп жүргөн мамилебиз жагат. Айбек үйүмө келип, жолугушууга чакырып, романтика тартуулап турганы сонун го. Ал эми жарандык нике – бул романтиканын баарына бөгөт коюп коёт. Жеке практикамда жарандык никеде жашап, үйлөнүү тойго жетпей калган түгөйлөрдү көргөм. Андыктан жарандык никени колдобойм.
А.: – Биринчиден, ал нерсени түшүнбөйм. Экинчиден, бул ара жолдо калып калган мамиле деп ойлойм. Же кыз-жигит эмес, же аял-күйөө эмес. Ары же бери болуш керек да.
– Экөөӊөр бир тасмада чогуу роль ойногуӊар келеби?
А.: – Билбейм, эмнегедир мага тасмага чогуу тартылуу, ырдоо жакпайт. Сары «клибиме тартылып койчу» деп сурана берет. Бирок анын экрандагы жигити Арсен да, «Арсен менен аягына чейин бол» деп коём. Клибинде сатуучунун же айдоочунун ролун аткарганга макулмун, бирок сүйүктүүсүнүн эмес.
Н.: – Ооба, клибиме тартылууга учурда көндүрүп жаткан кезим.
– Айбек, клипке тартылууга макул болосуӊбу?
А.: – Жок.
Н.: – Бул Айбектин акыркы чечими эмес. Көндүрүү иштери аягына чыга элек (күлүп).
– Маегиӊерге чоӊ рахмат!

Назгүл: "Айбектин музыкага болгон табити жакшы, ыр жазып берчи деп эле суранып жүрөм".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айбек менен Назгүлдүн сүйүүсү ачыкка чыкты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Sagidko88
2015-04-07 11:46:36
Сонун пара)))
+4
crishti_7
2015-04-07 15:30:06
Хахаха, байкуш Сары, жигитинин айтканын кылат экен. Жигити Сарыга эптеп эле чыдап журот окшойт. Э Сары бир ошибка кылсан сени таштап кеткидей Айбегин
-3
bela77
2015-04-07 18:18:07
Хи-хи-хи Сарышка 10 жыл кантип чыдап жүрөсүң, башын айлантып,окутуп-чокутуп эле тийип ал да:)))Силердин мамиленерди америкалыктарга окшоштурдум, болот го ушундай түгөйлөр жүрө беришет кыркка чыккыча. Жарандык нике боюнча экоонордун тен оюнар жакты. Бар болгула сапсарылар:)))
+4
Bili
2015-04-07 22:34:05
Аябай кызыксыз маек болуптур! Сарышкасы ото эле образга берилип алыптыр же биринчи маегиби билбейм. Жогоруда айтылгандай сарышка эптеп тийип ал эми таштап кете элегинде.
-1
aziziko
2015-04-08 14:50:27
Сарыны Айбек таштап кетеби де кетпейби силерге эмне? Нике кыйдырып жашайбы же омур бою кыз жигит болуп жашайбы силерге эмне кереги бар ? Жон эле жакшы оюнарды жазып койгулада . Ушул жерде жазгандар баарынардын телегейинер тегизби ? Силер такыр ажырашкан эмесинер силерди жигитинер же суйлошкон кызынар таштап кеткен эмес да э
+1
Inanna
2015-04-08 18:29:44
Ары же бери болушпайбы дептир, оздору деле 10жылдан бери ары же бери болушпайбы десен...
0
Afina
2015-04-08 22:55:11
Бактылуу болгула))))))))) бирок сары дебей эле койсо болмок грубый угулуп калат экен.
0
bliznesy
2015-04-08 23:24:53
Бакыт каалайм
0
Venerochka
2015-04-08 23:50:17
Экоо бири-бирине пара!!! Бактылуу болгула!!!
0
eliza5566
2015-04-09 03:02:44
Суперчилер булардын тоюнан кабардар кыларсынар ээ, ырчы Каныкейден интервью алгылачы турмушка чыккандан бери козу кантип калыптыр коргум келет
0
admin_superstan
2015-04-09 09:49:41
eliza5566, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Аракет кылабыз.
0
Nurgul92
2015-04-10 13:50:29
Айбек уйлонгон эмес беле я?
0
zeet
2015-04-10 14:03:02
Бактылуу болгула, эми реклама кылбай эле журо берсенер болотко
0
abdyldaeva
2015-04-11 14:08:55
Бакыт каалайбыз!!! Тойунарды кутобуз!
+1
Chynyshka
2015-04-11 17:18:37
супер инфо жана супер инфонун колдонуучуларына.
Айылдагы алма бак,
куштар сайрап кумар жазат деген ырды ким ырдачуу ссылкасы болсо жооп жазып койгулачы.Рахмат
0
Chtc
2015-04-12 11:58:19
Сары деп эркелетсе, эмнеге грубый болмок эле.Жакшы сезим менен айтылган сөз.
+3
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан