Кээ бир ата-энелер эгиз балалуу болууну эӊсешет эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыз 3 эм уулду төрөгөн эне Жаӊылкан Дайырбекова «Жараткан тилегимди орундатып 3 уул берди, бирок оорусу менен бериптир» дейт.
«БИР УУЛУМДУ ДАРЫГЕРЛЕР АДАМ БОЛБОЙТ ДЕШКЕН»– Аты-жөнүм Жаӊылкан Дайырбекова. Жолдошум Шайбек экөөбүз 2005-жылы баш кошконбуз. 2007-жылы 16-ноябрда ар бири 1,5 килограмм салмакта 3 эм уул төрөдүм. Аттары Аманбек, Эсенбек, Турсунбек.
Кош бойлуу болгонума 32 жума болгондо кан басымым көтөрүлүп кетип, дарыгерлер операция жолу менен төрөтүштү. Бир уулум ыйлап түштү, экөө ыйлаган жок. Төрөгөн соӊ №2-шаардык төрөткананын жандандыруу бөлүмүнө жатып калдым. Балдарымды болсо №4-төрөтканага алып кетишип, вакуумга салып коюшту. 1 ай балдарым вакуумда жасалма жол менен дем алып жатышты. Ошентип үйгө чыгып келдик, бардыгыбыздын кубанычыбызда чек жок эле. Ал жылдары маал-маалы менен жарык өчө берчү, кыш да катуу болуп, балдарым биринен сала бири сасык тумоо менен ооруп, ал кышты ооруканада эле өткөрдүк. Чоӊ апалары да каралашып, балдарыбыз минтип алты саны аман, 12 мүчөсү түгөл адам болду.
Уулдарынын маӊдайынан сылап алган эненин маанайы чөгө сөзүн андан ары улантты:
– Булардан кийин 1 жылдан соӊ кыздуу болдук. Уулдарыбыз өтө тентек болуп чоӊоюп жатышты. Үчкө чыгышканда бала бакчага берип, ошондо гана балдарыбыз өзү теӊдүүлөрдөн акыл-эси, сүйлөө жөндөмдүүлүгү артта экендигин билдик. 1 жылдан соӊ бизди комиссиянын кароосу менен атайын бала бакчага которушту. Дарыгерлер уулдарымдын үчөөнө теӊ «балдардын аӊ-сезиминин жана сүйлөөсүнүн кечигип өөрчүсү» деген диагноз коюшту. Дефектологдор сүйлөө жөндөмдүүлүгүн оӊдоого аракет кылышты. Балдарым өздөрү тамак ичишет, кийинишет, айлана-чөйрөдөгү бардык нерселерди таанып-билишет, болгону эки сөздү улап айта алышпайт. Биз мурда булар аябай тентек болгондуктан эркелеп сүйлөбөй жатышат го деп ойлоп жүрсөк, жок, медицинанын тили менен айтканда мындай балдар «гиперактивдүү» балдар экен. Уулдарым 4 жашынан баштап дарыланышууда. Өкмөттөн балдарыма майып катары ар бирине айына 3 миӊ сомдон берилет. Ал акча дары-дармектерине кетет. Дарылардын таасири тийип, азыр балдарым сөзгө түшүнүп, токтоо болуп калышты. Эми биз балдарды логопеддерге көрсөтөлү дегенбиз. Бирок бизде логопеддер бир балага жарым саатка 500 сомго чейин алышат экен. Балдарын Швейцарияга алып барып дарылатып келишкен 3 баланын ата-энесине жолуктум. Алардын балдары мурда өз алдынча тамак ичип, кийине алышчу эмес экен. «Жыйынтыгы аябай жакшы» дешти. Менин балдарымдын оорусу жеӊил, жыйынтык чыкса керек деген үмүт менен Швейцариядагы Дмитрий Пинчук деген дарыгердин дарегин алып, интернет аркылуу байланышып, диагнозун жибергем. Дарылануу үчүн балдарымдын ар бирине 8 миӊ евродон керектелет экен. Өзү жакында Кыргызстанга келерин айтты. Келгиче акча таап калсак, анда ар бирине 4 жарым миӊден евро кетет. Балдарымдын толук айыгууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок каражат тартыш болуп жатат. Ошондуктан кайрымдуу мекендештеримен жардам сурайм. Балдарымды айыктырып алсам арманым жок эле.
«ЖОЛДОШУМДУН ТАПКАНЫ ТАМАК-АШТАН АШПАЙТ»
Маектешим сөзүнүн ушул жерине келгенде алдында отурган балдарынын бири тура калып чуркаса, артынан берки экөө да кошо чуркашты. Кайра отургузсак апасы «ордулары алмашып кетти, эч нерсе болбойбу?» деп күлөт. «Балдарыӊыз коёндой окшош экен, сиз кантип айырмалайсыз?» десек төмөнкүдөй жооп кайтарды:
–Уулдарымдын мүнөзү үч бөлөк, Аманбек тентек, Эсенбек боорукер, Турсунбек токтоо. Бири-бирине окшош деле эмес. Үйдөн мультфильм көрүшөт, топ ойношот, велосипед тебишет. Бала бакчага алып баратканда көбүнчө троллейбус менен алып барам, үчөөнү теӊ салып бүткүчө айдоочулар эшикти жаап жиберип, далай жолу эшигине башым кыпчылган (күлүп).
Бир жолу бир айдоочу унаа айдап келе жатса бурчтан бирөөсү велосипедчен чыга калат, анан андан соӊ ага окшош дагы бирөө чыгат, көп узабай дагы бирөө чыкса ал айдоочу «көзүмө көрүнүп жатабы?» деп ойлоптур. Ушундай кызыктуу окуялар көп болот. Азыр 7 жашка чыгышса да бала сыяктуу болуп өздөрүнчө ойношпойт, толук менин көзөмөлүмдө. Сүйлөй алышпагандыктан башка балдар менен тил табышып ойной алышпайт. Ушул боюнча калса келечектери кандай болот деп санаа чегем. «Кайсы убакка чейин ажатканага барган соӊ көчүктөрүн аарчып жүрөм?» деп кээде капа болом. Жолдошум курулушта иштейт, тапканы кийим-кече, тамак-аштан ашпайт. Мен уулдарымды, кызымды бала бакчага алып барып, кайра алып келем. Кызымдын да «р», «ш» тамгаларына тили келбей, аны логопедге алып барып жатам. Уулдарым 2 жашка чыкканда өкмөт балдарыма 1 бөлмөлүү батир берген. Ага да шүгүр, бирок ал батирде убактылуу жашайбыз, биз менчикке өткөрө албайт экенбиз. Эгер менчик үйүбүз болсо сатып жиберип, элден жардам сурабай эле өзүбүз дарылатып алат элек.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg