Желим идиш-аяктар, микротолкундуу мештер, сууну бат кайнатуучу чайнектер, полиэтилен баштыктар жана кайра иштетилген материалдардан жасалган буюмдар жашообузда көп эле колдонулуп келет. Булар аркылуу убакыт үнөмдөп, ашыкча күч сарптоодон кутулганыбыз менен, адамдын ден соолугуна зыяны жок деп айта албайбыз. Эмесе, желим чайнек, муздаткыч жана микротолкундуу мештин терс жактары тууралуу кеп кылалы.
ЖЕЛИМ ЧАЙНЕК. ҮЧ МҮНӨТТӨ ЧАЙ ДАЯР, БИРОК...Зыяны:
Пластмассадан жасалган чайнек ден соолук үчүн зыян. Өндүрүшчүлөр пластмассаны иштетүүдө ар түрдүү синтетикалык каражаттардын аралашмасын эритип, физикалык таасирлердин жана химиялык кошулмалардын жардамы менен жасашары белгилүү. Эгер сиз 20 жылдык өмүрүӊүздө жалаӊ пластмасса чайнекте кайнаган сууну колдонуп келген болсоӊуз, анда ден соолугумдун 50 пайызын жоготуп алдым дей бериӊиз. Анткени кайноо кубулушунда чайнекке ысык температура таасир этип, ал жасалган материалдын молекуласынын полимерлери кеӊейет дагы, суу зыяндуу кошулмаларды өзүнө алат.
Пластмасса идиште кайнаган суунун даамы желим даамданып, ал тургай жыттанып да турат.
Пластмассадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар ашказан-ичеги ооруларын жаратып, ал тургай залалдуу шишиктерди пайда кылышы мүмкүн. Сатып алган чайнегиӊиз
пластмасса болсо, аны 1-2 жылдан ашык колдонууга болбойт. Канчалык көп колдонгон сайын зыяндуу заттар ошончолук көп бөлүнүп чыга баштайт.
Дегеле пластмасса идиштин баары фарфор, айнек, карапа же дат баспоочу болоттон жасалган металл идиштерге караганда зыяндуулугу жактан биринчи орунда турат. Колдон келсе бир гана суу эмес, эӊ жөнөкөй туз, кумшекер, кургак азык-түлүктүн дээрлик баарын полиэтилен баштык жана пластмасса идиштерге сактоодон качыӊыз.
МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШ Учурда микротолкундуу мештер ашканада газдын, электр мешинин, электр плитасынын, ал тургай көмөч казандын ордуна да колдонулуп келет. Ага эртеӊ мененки жеӊил тамактан тартып, мейманга коюлчу тамактардын бардык түрлөрүн жасоого жана жылытууга, муздаткычтагы тоӊгон азык-түлүктү бат эритүүгө болот. Бирок бул ыӊгайлуу буюмдун да терс жактары бар.
Зыяны:
Эӊ негизги кемчилиги – анын электромагниттик нурдануусу. Компьютердин алдында отурганда же чөнтөк телефондон бөлүнүп чыккан нурдануу канчалык зыяндуу болсо, микротолкундуу мештен бөлүнүп чыккан нур да ошончолук зыяндуу. Ошондуктан микротолкундуу меш иштеп жатканда жанынан 1,5-2 метр алыстыкта туруу керек.
Жумуру азыктарды бышырууга болбойт. Буунун басымы жогорулап кеткенде жумуртка жарылып, ал эми ичине сосиска салынган камыр же ортосуна бир нерсе салынган пирогдор камыр бышканча эзилип кетиши мүмкүн. Өтө көп көлөмдөгү майга да тамак бышырууга болбойт. Май катуу кайнап, мештин ичин булгап, айрым учурда жарылууга да алып келиши ыктымал.
Иштеп жаткан микротолкундуу мештин оозун ачык калтырууга болбойт. Эшигинин ички бетин чачыраган нерселерден тазалап, жылчыксыз жабуу керек. Эгер кичине эле жылчык калса, андан бөлүнүп чыккан нурдануу жанында жүргөн адамдын ден соолугуна зыян келтирет.МУЗДАТКЫЧ
Азыркы күндө ар бир үйдөн муздаткычты көрүүгө болот. Анын ичине чийки-бышкан, суюк-коюу, жумуру, катуу экенине карабай азыктын баарын салып сактайбыз. Айтор, муздаткыч ашканадагы үй-бүлөнүн «сейфи» десек болот. Анын эӊ башкы артыкчылыгы ушунда. Бирок бул артыкчылыктын артында кемчилик да кездешет.
Зыяны:
Ар бир өндүрүүчү компания муздаткычтардын улам жаӊысын ойлоп таап, бирине бири атаандаштык түзүп, жан үрөп иштеп келишет. Бирок алардын ден соолукка зыяны жок дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Сөз болуп жаткан электромагниттик нурдануу муздаткычтан да чыгат. Андан коргонуу үчүн муздаткычты уктоочу бөлмөгө жана анын дубалына чектеш бөлмөгө койбош керек. Чоӊ, кубаттуу муздаткычтан чыккан нурданууга дубал дагы тоскоолдук кыла албайт.
Ошондой эле муздаткычтын ичинде көптөн бери турган банка же бөтөлкөлөрдөгү суюктуктар, мөөнөтүнөн өтүп кеткен азыктар, кесилген мөмө-жемиштерди дароо алып салуу керек. Анткени алардан зыяндуу бактериялар бөлүнүп чыгып, жанындагы таза азыктарга жугуп, сапатын бузат. Мындай бузулган азыктарды жегенден уулануудан башка дагы түрдүү ооруларга кабылууӊуз мүмкүн.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg