Редакциябызга «кызымды «Кеӊеш» тобунун ырчысы Мүзүр машинасы менен коюп кетип «өзү жыгылып кетти» деп жатат»,- деп Гүлбарчын Закирова аттуу айым кайрылды.
Гүлбарчын Закирова: «КЫЗЫМДЫ СҮЗҮП КЕТИП КЕЧИРИМ СУРАГАН ЖОК»– 23-март күнү кечки саат 18:30дар чамасында кенже кызым дарбаза ачык калып, көчөгө чыгып кетиптир. Бир убакта балам «Аймээримди машина коюп кетти» деп көтөрүп кирди. Сүзүп кеткен айдоочу ырчы Мүзүр Мамбетов экен. Ал баламдын артынан короого кирип келип, ошол замат №3-балдар ооруканасына алып бардык. Травматология бөлүмүндөгүлөр «эч жери сынбаптыр» деп хирургия бөлүмүнө жиберишти. Анализ тапшырып бүткөндөн кийин доктур «бүгүн билинбейт, эртеӊ көгөрүшү ыктымал, кайра кайрылгыла» деди. Врачтар «эгерде өз ара чечишип алабыз, доом жок десеӊер, МАИге кабарлабай эле коёлу» дегенинен биз макул болгон жокпуз. Ошентип, МАИ кызматкерлери Мүзүрдүн унаасын машина токтотуучу жайга алып кетишиптир.
Балдарым жалгыз болгондуктан ооруканага жатпастан эле келе бердим. Кызым түнү бою ыйлап чыкты. Эртеси ооруканага барсак доктурлар «дарылангыла» деп айтышты. Ырчылар «баарын көтөрөбүз» дешип 5000 сом акча беришти да, тосмо арыз жазып берүүмдү суранды. Мүзүрдүн аялы Гүлмира «өзү жыгылып кетти деп жазып бергиле, качып кетмек белек? Балдарымдын жакшылыгын көрбөй өтөйүн» деп карганды. Ушунча убада берип жатса деп 25-март күнү кайненем тосмо арыз жазып бермей болду. Кайненем тергөөчүгө барып «коӊшуларыбыз тормоз басканын угуптур» деп айтса, Мүзүр Мамбетов «Сиз эмнеге минтип жазасыз?! Кулап түштү деп жазбайсызбы, эми унааны чыгарыш кыйын болот» дептир. Кайненем ачууланып жазган кагазын тергөөчүгө таштап, ооруканага келе бериптир. Мүзүр менен Гүлмира артынан келип кечирим суроонун ордуна «кызыӊарды карабай көчөгө коё бересиӊер, ооруп жаткан экен, бекер дарылатып алдыӊар» деп болбогон сөздөрдү айтып, кыйкырып кетип калышты. Эртеси күнү тергөөчү келип «паспортуӊуз менен кызыӊыздын күбөлүгүнүн көчүрмөсү керек. Силер 60 000 сом сурап жатыпсыӊар» деди. Мен «бир тыйын сураган эмеспиз, эч кандай документ бербейм» дедим.
Кудайга шүгүр, көгөргөн жерлери тарап калды. Болгону машинаны көрсө чаӊырып ыйлап жатат.
Мени баарынан нааразы кылганы – биз тосмо арызга кол койбосок дагы булар машинасын чыгарып алыптыр. Азыр үйдүн жанынан «көрдүӊбү, арызыӊ жок эле чыгарып алдым» дегенсип камырабай машинасын ары-бери айдап жүрөт. Жок дегенде кечирим сурап койсо болмок да.
Мүзүр Мамбетов: «ДАРЫ-ДАРМЕГИН КӨТӨРҮП, КАНЧА ЖОЛУ КЕЧИРИМ СУРАДЫК»Бул окуя боюнча «Кеӊеш» тобунун ырчыларынын пикирин уктук.
– 23-март күнү кечки саат жетилерде үйгө бара жаткам. Жаш балдар ойноп жатканынан 50-60 метр аралыктан эле сигнал бердим. Унаамды оӊ жакка буруп, жолдун четине токтоттум. Түшүп барып карасам кичине кыз качам деп жыгылып калса керек, оозу бир аз канап кетиптир. Ата-энесине айтып коёюн деп үйүнө алып кирип, «баланы карабайсыӊарбы, машина коюп кетсе эмне болот?» деп айттым. Ары жактан мал айдап келе жаткан аксакал «балам, ооруканага көрсөтүп койгула» деген кеӊешин берди. №3-балдар ооруканасына алып келсек, «коркунучтуу эч нерсе жок, хирургия бөлүмүнө көрсөткүлө» деди. Анализ тапшырткандан кийин «кызыӊар сасык тумоолоп калыптыр, кооптонсоӊор эртеӊ келип УЗИге түшүп койгула» дешти. Эртеси «баары жайында» деген жыйынтык чыкты. Кыз сасык тумоолоп жаткандыгы үчүн дарыгерлер «2-3 күн дарыланып койгула» деди.
Гүлмира: – Ооруканага жаӊы түшкөндө эле Гүлбарчынга (кыздын апасына) «Кудайга шүгүр, кызыӊыз аман-эсен турат, силер ооруканага жатсаӊар тамак-аш ташыш керек. Дообуз жок деп жазып бергиле, эч кайда качпайбыз, машинаны чыгарып айдап туралы» дедик. Дарыгерлер дагы «биз жабырланган кыздын эмне себептен кайрылганын жазышыбыз керек. Өз ара келишип бир чечимге келгиле, болбосо МАИ кызматкерин чакырышыбыз керек» дешти. Гүлбарчын кайненесине чалса «артисттерди шыйрактан карма» деген өӊдүү адам чыдагыс жаман сөздөрдү айтканы телефондон жаӊырып турду.
Ачууланып жатат, эртеӊ сүйлөшөбүз, кызынын жакшы экенин көрсө түшүнүшөт деген ойго келдик. Макул болбогондуктан унаабыз шаардык МАИнин унаа токтотуучу жайына токтотулду. 24-март күнү кызды ооруканага жаткырдык. Кайненеси 700 сомго жөтөлгө, сасык тумоого каршы дарыларды алыптыр. Кызы жакшы болуп кетсин деп биз баарына макул болуп, 5000 сом акча бердик. Андан сырткары эмне керек десе, баарын алып келип жаттык.
Мүзүр: – 25-мартта кайненесин алып тергөөчүгө бардык. «Дообуз жок, кызыма эч нерсе болгон жок деп жазып берем» деп айткан. Киргенден кийин «машинасын катуу айдап келип токтоткондо чыккан үнүн кошуналарыбыз угуптур» деп жазып баштады. Эжеге «окуя андай болгон эмес, сиз күчөтүп жатасыз» десем, ачууланып кетип калды. Артынан ооруканага барсак болбогон сөздөрдү айтып урушту. Кечирим сурасак дагы уккан жок.
«Алдына келсе атаӊдын кунун кеч» дегендей, 7-апрель күнү дагы барып алдынан өттүк. Биз кечирим сураган сайын Гүлмиранын өӊ-келбетине чейин асылып, «балаӊ өлүп калсын, сен баланы атайын сүзгөнсүӊ» деген жаман сөздөр менен каргап жатат. Жөн эле куру доомат тартып, ачуу сөз уга бергенди ким көтөрсүн?! Алардын уудай тилине түтүп, кайра-кайра кечирим сурап жатсак, бул адамдарга дагы эмне керектигин түшүнбөй жатабыз. Кыздын ата-энеси «машинаны чыгарып айдап жүрөт» деп айтып жатышат. Тергөөчү сот болгонго чейин унааны МАИден чыгарып алса болорун айтты. Биз чыгарып алдык. Иш азыр сотко өтөт, мен ал жерден административдик айып пулду төлөйм.
Султан Төрөбеков
star@super.kg