Кытайлык карапайым үй-бүлөнүн жашоосу чагылдырылган турмуштук сериал ЭлТР каналында орун алмакчы. Кыргыз тилине которулган бул тасма туурасында телекомпаниянын көркөм жетекчиси Чолпонбек Касмалиев чакан маек курду.
– ЭлТР каналында жаӊы сериал башталган жатат деп угуп калдык. Сериал эмне жөнүндө?– Ооба, «Ся уруусунун үч кызы» деген аталыштагы тасманы көрсөтүү алдында турабыз. Анда бир үй-бүлөдөгү үч эже-сиӊдинин жашоосу чагылдырылган. Үч кыздын мүнөзү үч башка, тагдырлары да ар кандай. Тасмада алардын ой-толгоосу, курдаштары, ата-энесине болгон мамилеси, сүйүүсү, кулк-мүнөзү камтылган. Белгилей кетчү жагдай, тасманы кытайлык кыргыздар которушкан.
– Эмне үчүн бул тасманы тандадыӊар?
– Бул сериал 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын 70 миллион калк жашаган Аньхой провинциясында тартылган экен. Тасма элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, Кытайдын көптөгөн провинцияларында, борбордук телевидениесинде көрсөтүлүп, рейтинги эӊ жогорку баскычты көрсөткөн.
– Кытай элине жаккан сериал кыргыз элинин табитине туура келер бекен?
– Бул сериалда көтөрүлгөн маселелер бизге аябай жакын. Ар бир ата-эне өз баласынын бактылуу болушун каалайт. Дегеним, «Ся уруусунун үч кызы» тасмасында балдарынын жашоосуна кийлигишип, алардын тагдырын өзгөртө алган ата-энелерди көрүүгө болот. Сериал абдан көркөмдөлгөн жана эмоционалдуу тартылган. Андагы каармандардын ой-толгоосу, сезимдери ар бир жөнөкөй кишиге жакын. Ошондуктан биздин көрүүчүлөргө жагат деген ойдо программабызга киргиздик. Белгилей кетсем, сериал 13-апрелден баштап биздин көгүлтүр экрандан көрсөтүлө баштайт.
– ЭлТРде дагы кандай жаӊылыктар бар? Жаӊы жетекчилик кандай иштерди жасап жатат?
– Көп эле жаӊылыктар бар. Олуттууларына токтолсом, былтыркы рейтингибизди карап чыктык. Жасалуучу жумуш көп. Кызыкпы, кызык эмеспи, көрөрмандарга керек болгон маалыматты бере алдыкпы, жокпу, эмнелерди өзгөртүүбүз керек деген суроолордун үстүндө көп пайдалуу маалыматтарды топтодук. Бул иштер медиа-эксперттер, көрүүчүлөр менен биргеликте жүргүзүлдү.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg