Учурда кыргыз спортчуларынын арасында өз жеринде гана эмес, чет өлкөдө да ийгиликтерге жетишип жүргөндөр бар. Алардын бири 19 жаштагы Айперим Акишева аттуу мекендешибиз өзгөчө сөзгө татыктуу. Ал АКШнын Нью-Йорк шаарындагы мектепте билим алып, «Eagles» волейбол командасынын негизги оюнчусу аталып келет. Аны менен байланышып, өзү тууралуу маалымат алдык.
Аты-жөнү – Айперим Акишева
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 1-декабрь
Туулган жери – Чүй облусу, Токмок шаары
Бою – 171 сантиметр
Жетишкендиктери: Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын күмүш медалчысы (2012-жыл), АКШнын окуу борборлор арасында чемпиону (2014-жыл). Спорт чеберине талапкер.
Учурда Манхэттен (Нью-Йорк шаары) мектебинде 12-класста окуйт жана «Eagles» командасында ойнойт.
– «Океандын ары жагындагы АКШда кыргыз кызы волейбол ойнойт» деп угуп калабыз. Волейбол менен качантан бери «ооруп» калдыӊ эле?
– Спорт менен машыгууну 5-класста окуп жүргөндө баштагам. Өзүм Чүйдүн Беловодское айылында чоӊойгом. Ал жактагы мектептин волейбол секциясына жазылганымда секциядагылардын эӊ кичүүсү мен болчумун. Анда 11 жашта элем. Башында колумдан эч нерсе келчү эмес. «Спорттун эӊ татаал түрүн тандап алгам го» деп да ойлочумун. Көрсө, мээнет менен баарын үйрөнсө болот экен. Бара-бара бардыгы окшошуп, 6 жылдан соӊ мектептин мыкты оюнчуларынын катарына илиндим. 16 жашымда спорт чеберине талапкер болдум. Волейболго болгон «сүйүүм» ушул деӊгээлге жеткирди десем болот. Бул менин машыктыруучум Светлана Стецконун эмгеги.– Чет өлкөгө барып өз өнөрүӊдү таштап салбай, улантканыӊ мактоого татыктуу десем болчудай...
– Шартка байланыштуу үй-бүлөбүз менен АКШга көчүп кетүүгө туура келди. Келгенибизге быйыл 3 жыл болот. Башында волейбол ойноого мүмкүнчүлүк жок болуп жатты. Бөтөн жерде баары бир татаал болот экен. Мектепке тапшыргандан кийин карьерам жанданды десем болот.
Бир жолу дене тарбия сабагында волейбол ойноп жатканда азыркы командабыздын машыктыруучусу байкап калып, командага чакырган. Командабызда ар улуттун кыздары ойнойт. Африкалык, европалыктар болсо да, баарыбыз бир үй-бүлөдөйбүз. Учурда «Eagles» командасы АКШнын окуу борборлорунун арасында чемпионбуз.
– Эки өлкөдө бир спорт түрү менен машыгып калдыӊ. Спортко болгон мамиледе кандай айырма бар экен?
– АКШ өнүккөн өлкө болгон үчүн бул жакта спорт да өнүгүүдө. Спортко, спортчуларга болгон мамиле да өзгөчө. Бир эле мисал менен айтсам, АКШда спорт мектептен эле башталат. Волейбол, футбол, баскетбол жана башка оюндар боюнча ар бир мектептин командасы бар. Алардын арасында чемпиондуктар өткөрүлөт. Спортчу болом дегендер жаштайынан эле мектеп командаларында өзгөчөлөнүшөт. Университетте да ушундай көрүнүш. Жыл сайын драфт (жаш спортчуларды тандоо) өткөрүлүп, профессионалдык клубдар спортчуларды өз командаларына кошуп алышат.
– Оюнда кайсы позицияда жакшы оюн алып барасыӊ жана мыкты ыкмаӊ кандай?
– Волейболдо бардык позицияда ойноп билүү керектелет. Мыкты өздөштүргөн «фишкам» топ берүү (подача) деп айта алам. Топту туура чыгарып берүү да абдан маанилүү. Көп жылдык машыгуулардын натыйжасында бул жаатта мыкты боло алдым десем болот.
– Кайсы оюн сен үчүн эсте каларлык болду эле?
– Мен үчүн ар бир оюн маанилүү. Арасынан «Ысык-Көл оюндары-2012» эл аралык оюндары эсте калган. Мыкты командалар чогулуп, ар бир оюн жогорку деӊгээлде өткөн эле. Анда мен болгону 16 жашта болчумун. Мен үчүн ал оюндар өтө маанилүү болчу, анткени ошол учурда спорт чеберине талапкер болуп жаткам. Ошондо 2-орунга татып калганбыз. Жыйынтыгында бардыгы жакшы өткөн, аким да келип куттуктаганы эсимде.
– Дүйнөлүк волейболго кызыксаӊ керек. Кайсы оюнчуну баалайсыӊ, ага окшошкуӊ келет?
– Чынын айтсам, башынан эле дүйнөлүк волейболчуларга көӊүл бурган эмесмин. Олимпиада жана Дүйнөлүк чемпиондуктарды көрүп коём. Бирок алардын бирөөсүн да кумир тутпайм.
– Үй-бүлөӊ тууралуу айта кетсеӊ...
– Үч бир тууганмын. Байкем Аман, мен жана иним Атай. Аман бул жакта окуп, андан тышкары иштеп, ата-энебизге жардам берет. Инибиз Атай учурда Кыргызстанда. Атамдын аты Кубат, курулуш компаниясында архитектор, апам Фатима ооруканада иштейт. Алардын мага ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп бергенине ыраазымын.
– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыӊ?
– Максатым – спортто чоӊ ийгиликке жетишүү, аны менен бирге мекенибизди дүйнөгө таанытуу. Алгач окуумду бүтөйүн, андан кийин спортту улантайын деген ойлорум бар. Профессионалдык клубдарда волейбол ойноп, тажрыйбам менен жаштарга бөлүшсөм деп алдыга максат койгом. Кыргызстанда спорт мектебин ачып, машыктыруучулукту аркаласам деген тилектерим бар.
– Тилектерин орундалсын, маегиӊе рахмат!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg