Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КУРГАК УЧУК – НАЧАР ТАМАКТАНУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж


Кургак учуктун көбөйүшүнө ички-тышкы миграция, жашоо-турмуштун төмөндүгү себеп экендиги талашсыз. Адамдар жана жаныбарлар жабыркоочу бул дарттан учурда канча киши азап тартууда? Оору кандайча жугат? Булар жөнүндө Бишкектеги Улуттук фтизиатрдык борбордун директору Абдуллат Кадыров баяндайт.

Статистика

Дүйнөдө. 2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча кургак учук менен
9 миллион адам ооруп, анын 1,5 миллиону каза тапкан.
Кыргызстанда. 2013-жылы 7710 адам ооруп, анын 144ү кайтыш болгон. 2014-жылы 5763 адам ооруп, анын 389у көз жумган. Өлкөдө кургак учуктан дарылоочу 27 оорукана бар.

Кургак учукту микобактериялар козгойт. Аны 1882-жылы немис окумуштуусу Роберт Кох ачып, «Нобель» сыйлыгына (1905) татыган. Андыктан оору козгогучтар Кох таякчалары деп да аталат.

КУРГАК УЧУК ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
Дарттын келип чыгуусуна эмнелер себепкер?

  • Жакшы тамактанбоо
  • Ичкилик ичүү, чылым чегүү
  • Баӊгизат колдонуу
  • Стресс, оор кара жумуш
  • Бронхит, астма
  • Кант диабети
  • Ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы
  • ВИЧ/СПИД жана башкалар

Жугуу жолдору

  • Аэрогендик (аба аркылуу): оорулуунун чүчкүрүгү, шилекейи, какырыгы аркылуу
  • Тамак-аш аркылуу
  • Тиричилик буюмдары аркылуу
  • Кургак учук менен ооруган жаныбарларды карап багууда, этин жеп, сүтүн ичкенде

Кайсы органдар жабыркайт?

  • Өпкө (кургак учук менен жабыркагандардын 70 пайызы ооруйт)
  • Калган 30 пайызы мээ, ички бездер, жыныстык органдар, омуртка, сөөк, тери, бөйрөк жана башка органдардын кургак учугу болуп эсептелет

Түрлөрү

  • Жабык түрү. Адам кургак учук менен ооруйт, бирок ооруну козгоочу бактерияларды бөлүп чыгарбайт
  • Ачык түрү. Адам кургак учук менен жабыркайт жана ооруну козгогучтарды бөлүп чыгарат. Андыктан ал оорунун булагы болуп эсептелет

Оорунун белгилери

  • Жөтөл (2 же андан ашык аптага созулган)
  • Какырык
  • Арыктоо
  • Дене табынын көтөрүлүшү
  • Чыйрыгуу, түнкүсүн көп тердөө
  • Бат чарчоо, булчуӊдардын оорусу
  • Аба жетпей демигүү
  • Көкүрөктөгү оорутуу
  • Кан түкүрүү (өтүшүп баштаса)

Диагноз үчүн керектүүлөр

  • Өпкөнүн флюорографиясы (же рентгени)
  • Компьютердик томография (зарыл болсо)
  • Анализдер

Дарылоо

  • Күчтүү антибактериалдык дары-дармектер берилет
  • Өтүшүп кеткен түрүндө операция жасалат

Алдын алуу

  • Жаӊы туулган балдарды кургак учукка каршы эмдетүү (БЦЖ)
  • Бала бакчаларда жана мектептерде 1 жылда бир текшерүү (манту)
  • 1 жылда 1-2 ирет флюорографиядан өтүү (чоӊдор)
  • Өнөкөт оорулардан дарылануу
  • Стресстерден качуу, витаминдүү азыктар менен тамактануу
  • Тамеки, ичкиликти таштоо
  • Спорт менен алектенүү

«ООРУГАНДА ӨЛӨМ ГО ДЕП ОЙЛОГОМ»
Жаркынай, Жалал-Абад облусунун Аксы районунан, учурда Бишкекте жашайт. 20 жашта, үй-бүлөлүү, 1 баласы бар.
– Ооруканда 2 айдан бери дарыланып жатам. Оорум күчөгөндө тамак өтпөй, жалаӊ суу ичип калгам. Жатып алып өлөм го деп ойлогом. Өпкөмдөн тышкары ичегилерим да кургак учукка чалдыгыптыр. Жолдошум, балам да текшерилип, азыр алар үйдө дары ичип жатышат. Врачтарга рахмат, жакшы карап, дарылашууда.

«ДАРЫГА ТУРУКТУУ ФОРМАСЫ МЕНЕН ООРУГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ»
– Абдуллат мырза, айтсаӊыз, дартка чалдыккан адам канча убакыт дарыланышы зарыл?
– Дарттын дарыга сезгич жана дарыга туруктуу формалары бар. Дарылар эл аралык донорлордун эсебинен келет жана бекер берилет.
Дарыга сезгич түрүндө (ооруп, алгачкы ирет дарылануу) адам 6-8 айга чейин дарыланып, 4 түрлүү дары ичет. Эгер адам аягына чейин дарыланса, толук айыгып кетет. Бирок кээ бир адамдар узак убакыт күн сайын дары ичкенден тажап, дарылануусун токтотуп салышат. Мындай болгондо оору козгогучтар ал ичкен дарыларга көнүп, кийин алардан өлбөй калышат. Адам дарттын дарыга туруктуу түрү менен ооругандардын катарына кошулуп, дарты аздан күчөй баштайт. Врачка кайра барганында, алар мурункудан күчтүү дарыларды берүүгө аргасыз болушат. Күчтүү дары ичкен сайын организмге күч келип, айыгуу убактысы да узарат. Башкача айтканда, 1,5-2 жылга дейре 5-6 түрлүү дары ичүүгө аргасыз болот. Андыктан дарыланууну баштаган соӊ эрктүү болуп аягына чыгаруу кажет. Өкүнүчтүүсү, учурда туруктуу формасы менен ооругандардын саны өсүп жатат. Дарыланууну токтотуп койгондор оору жуктуруучу булак болуп кала беришет.
Кээ бирлер дарттан айыгам деп врачтарга кайрылбай ар кайсы жаныбарлардын этин, майын жеп жүрө беришет. Айтылгандар адамга күч-кубат бериши мүмкүн, бирок бактерияларды өлтүрө албайт. Андыктан врачтарга гана кайрылуу керек.
– Ооругандар сөзсүз ооруканага жатып дарыланышы керекпи?
– Жок, үйүндө (амбулатордук) дарыланса да болот. Үйдө ооруган адамга өзүнчө бөлмө бөлүп берүү керек. Мындайга мүмкүн болбосо, анда бөлмөнүн бир капшытын бошотуп, көшөгө менен бөлүп коюу кажет. Идишин, сүлгүсүн жана башка буюмдарын да бөлүп, полду хлор кошулган суу менен жууп туруу зарыл. Үйдө бир адам кургак учук менен ооруса, анда калган үй-бүлө мүчөлөрү да текшерилет.
– Операция тууралуу да түшүндүрсөӊүз...
– Мисалы, кургак учуктан адамдын бир өпкөсү жарабай калса, ал операция жолу менен алынып салынат. Эгер сөөктүн кургак учугу болсо, сөөктүн чириген жерлери кырылып, тазаланат.

«ӨТКӨН ЖЫЛЫ ТҮРМӨДӨ 135 АДАМ ООРУП, 17СИ КАЙТЫШ БОЛДУ»
– Түрмөлөрдө кургак учук менен ооругандардын саны канча?
– Кыргызстандагы №27 жана №31-түрмө (колония) кургак учук менен ооругандар үчүн атайын адистештирилген. Абактардагы кургак учук менен ооругандардын баары ушул 2 колонияга бөлүштүрүлөт. Статистикага келсек, 2013-жылы 149у кургак учук менен ооруп, алардын 25и каза тапкан. 2014-жылы 135и ооруп, 17си көз жумган. №27-колонияда 40 орундуу хоспис бөлүмү бар. Ал жерде өмүрүнүн акыркы кезин өткөрүп жаткандар жана дарылануудан өз эрки менен баш тарткандар жаткырылат.
– Айыкпай эле эркиндикке чыгып кеткендер башкаларга оору жуктуруп жүрө береби?
– Кургак учук менен ооругандар эркиндикке чыгардан 6 ай мурун биздин борборго маалымат келип түшөт. Анда адамдардын аты-жөнү, жерлиги толук көрсөтүлөт. Биз ал маалыматты керектүү райондордогу фтизиатрларга, алар айылдагы ФАПтарга жиберет. Эркиндикке чыгып үйүнө баргандарды алар каттоого алып, текшерип, дарыларды берип турушат. Бирок эркиндикке чыккандардын баары айылына барбай же барса да башка жакка кетип калышууда. Мындайда аларды көзөмөлгө алуу кыйын. Дарттын ачык түрү менен ооругандар, албетте, ооруну жуктурушат.
– Өлкөдө селсаяктарды карап, текшерүү, кургак учук менен ооруса айыктыруу чаралары көрүлөбү?
– Бишкекте селсаяктар баш калкалоочу «Коломто» аттуу жай бар. Ошол жерге селсаяктар шаршемби сайын барып жуунуп, тамак ичип кетип турушат. Алар менен көбүнчө бейөкмөт уюмдар иштешип, көзөмөлдөп турушат. Кургак учукка чалдыкты деп шектелгендерди флюорографияга түшүрүшөт. Ооруганы далилденсе, анда бизге маалымат беришет жана биз керектүү райондун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна аларды дарылоо боюнча көрсөтмө жиберебиз.
2015-жылы 1-марттан 1-апрелге чейин кургак учукка каршы айлык жарыяланып, Бишкектен 124 селсаяк текшерилди. Алардын 11и кургак учукка чалдыккан деген күмөн менен учурда толук текшерүүдөн өткөрүлүүдө.
Негизи үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору өздөрү жайгашкан аймактагы селсаяктарды көзөмөлдөп, ооругандарын дарылоого милдеттүү.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(9)
13.04.2015. 14:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
07-03-2015
Соӊку аракети:
03-11-2016 13:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах баарыбызды мындай илдеттен сактасын ооругандарга шыпаасын берсин
13.04.2015. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-06-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жылда оорууга чалдыккандардын канча пайызы таза айыгып кетет ошону так сан м.н айтпайбы олгондордун санын айта бербей!
15.04.2015. 04:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 01:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Чуркоо менен опко оорусун алдын алып же айыктырып салса болот деп уккам ушул туура бекен??????
15.04.2015. 12:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
390
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
23-06-2018 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Оорулулар шпаа тапсын бул оорудан баарыбызды Аллах озу сактасын.
16.04.2015. 01:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
05-02-2014
Соӊку аракети:
21-09-2016 12:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эх мен ушул оорунун 3жыл азабын тартымго,буйруса ал кундор артта калды. Аллах баарбызга ден соолук берсин!
15.12.2015. 23:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
0
aziko88,анан кантип дарыландын айтып койчу мен да жабыркап журом азыркы учурда
17.04.2015. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
12-04-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
АКСЫ
0
Кудай сактасын мындай оруулардан.
23.04.2015. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
29-06-2014
Соӊку аракети:
20-07-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо силердин жамаатка рахмат, жакшы кенештерди берип жатасынар. Уй булого байланыштууда жакшы кенештер берилип жатат. Силерден сураныч 1 жашка чейинки балдардын жотолун кантип элдик медицинада дарыласа болот ошо жонундо жазгылачы. Алдын ала рахмат.
23.04.2015. 11:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2058
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
aikarus8384, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: