Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«Style Mix» триосунун солисти Талас: «ИЛИМАНЫ КИЙИН ДА ЫРДАТА ТУРГАН АДАМГА ТУРМУШКА БЕРЕБИЗ»

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж


Өлкөбүздө саналуу гана музыкалык топтор бар. Аларды манжа менен эле саноого болот. Дегеле, дүйнөлүк практикада топтордун узакка өмүр сүрүүсү чанда кезикчү көрүнүш эмеспи. Мына ошол түшүнүктү жокко чыгарып, «буюрса, өзүбүздүн топту көпкө кармайбыз» деген «Style Mix» триосунун солисттери бүгүн бизге кызыктуу маек куруп беришти.

– Куш келипсиӊер, Илима, Талас, Адилет! Адатта топто сөзсүз бир лидер болот эмеспи, уктап калса телефон чалып ойготуп, кезиге турган убакытты эскертип дегендей. Силердин топто алдыга сүрөп турган ким?
Илима:
– Саламатсыздарбы? Бизде атайын шайлап алган лидер жок. Жума сайын ар бирибиз дежур болуп, керектүү жумуштарды аткарып, алмак-салмак лидер болуп турабыз. Ал деле жоопкерчиликтүү иш да. Эгер жалгыз бирөө лидер болсо, топтун түйшүктөрүн көтөрө албай калышы мүмкүн. Негизи биздин продюсерибиз бар. Миргүл эже көп жумуштарды бизге калтырбай өзү эле бүтүрүп коёт. Ал эми убакытка баарыбыз такпыз. Бирок бизге караганда Талас пунктуалдуураак. Ошон үчүн да бүгүн ал редакцияӊарга биринчилерден болуп келди.
– Чыгармачылыкта такшалып баратасыӊар. Шоу-бизнеске аралашканы эмне таптыӊар, топ үчүн, жеке өзүӊөр үчүн кандай жаӊылык жараттыӊар?
Талас:
– Топтун түзүлгөнүнө 2 жыл болгонуна карабай ийгиликтерди багынтып келе жатабыз. Биз үчүн топтун түзүлгөнү эле чоӊ жаӊылык. Себеби топ түзүү идеясын Адилет экөөбүз башыбызда көпкө бышырып жүргөнбүз. Жетишкендигибиз деп 2014-жылы Юрмала шаарында өткөн «Жаӊы толкун» сынагына катышып келгенибизди айта алам.
– Аталган сынакта көрсөткөн жыйынтыгыӊарга өзүӊөр кандай баа бересиӊер?
Адилет:
– Сынактын жыйынтыгы боюнча акыркы орундарды алып калдык. Билбейм, жакшы эле даярданып барганбыз. Бирок даярдап барган ырларыбызды ырдатпай, бизге сынакка ылайыксыз ырларды берип коюшту. Экинчиден, жаштык да кылып койдук окшойт. Бирок биз үчүн мен-мен деген орустун улуу ырчылары басып өткөн ыйык Дзинтари сахнасында ырдап, өзүбүздү көрсөткөн деле чоӊ сыймык. Ошол жактан алган тажрыйба бизди кийинки сынактарда жеӊишке жетелейт деген үмүттөбүз.
Т.: – Менимче баары эле ойдогудай болду. Мүмкүн вокал жактан өзүбүздү жакшы көрсөтө албай калгандырбыз. Ал жакта аткарылган чыгармалардын көпчүлүгү бийлей турган, ритмикалуу ырлар болуп калды. Ал эми вокалдык ырлар башкача болот да.
– Сынактан келгенде коомчулук кандай кабыл алды?
А.:
– Ар кандай сын-пикирлер болду. Интернеттен «булар байдын балдары, ата-энесинин байлыгына манчыркап барып келишти» деген ойлор айтылып жатты. Бул туура эмес, үчөөбүз теӊ карапайым үй-бүлөдөн чыкканбыз.
И.:«Сен мындай ырдашыӊ керек эле, тигинтип-минтип койдуӊ» деп ич ара бири-бирибизге нааразы болгон жокпуз. Тескерисинче, аталган сынакка катышып келгенден кийин ортобузда ынтымак, биримдик, сый бекемделди.
– «IOWA» тобунун «Улыбайся» деген ырын «Күлүп койчу» деп которуп ырдап, клип тарттыӊар. Топто адатта гитара черткен Адилеттин бул жолу силерге кошулуп ырдаганы көпчүлүк үчүн жаӊылык болду окшойт...
А.:
– Ой, жок, мен негизи ырдайм. «Жаӊы толкунда» эле ыр 3 мүнөттүк болуп мага жетпей калганда гитара чертип тургам. Эми дайыма ырдабасамбы (күлүп).
И.: – «Улыбайся» ыры биздин топтун чыгармачыл жашоосунда маанилүү орунду ээледи. «Жаӊы толкундан» кайтып келгенден кийин ушул ырды аткаруубузду көп суранышчу. «IOWA» тобунан уруксат алып, кыргызчага которуп клип тарттык. Кийинкилеринде өзүбүздүн репертуарыбыздагы ырларга клип тартабыз.
– Топтун көп жыл жашашы чанда кезигет, биринин жеке маселеси чыгат, экинчиси үйлөнөт, үчүнчү адам турмушка чыгат дегендей. Ошондой нерселерге даярсыӊарбы?
И.:
– Биз ушул тууралуу чынында көп сүйлөшөбүз. Бул акыры ишке ашчу нерсе, бирок анын өз убактысы болот. Азыр биз жашпыз, ырдап, иштей турган курагыбыз.
Т.: – Продюсерибиз менен түзүлгөн келишимибиз бар. Ошол жерде канча жашыбызда үйлөнүп, турмушка чыгууга мүмкүн, баары жазылган.
– Мисалы, келишим боюнча Адилет экөөӊөр канча жашыӊарда үйлөнсөӊөр болот?
Т.:
– Ал жерде «келишим сырларын элге жарыялабаш керек» деген да пункту бар (күлүп).
– Мисалы, Илиманы кокусунан ала качып кетсечи же күйөөсү кийин ырдатпайм деп койсочу?
Т.: – Ала качкандан Кудай сактасын. Илима турмушка чыга турган убакытка жетеличи, көрөбүз да. Менимче, Илиманы кийин ырдата турган адамга гана турмушка беребиз го дейм.
А.: – Биз дайыма идеалдуулукка умтулабыз. Буюрса, топтун өмүрү узун болот. Анткени биздин максатыбыз, жолубуз бир.
– Адилет, Илима экөөӊөрдү кыз-жигит деп угуп жүрөбүз?
И.:
– Социалдык тармактарда «баракчаӊа ушинтип жазып, ушул баланын сүрөтүн илип кой» деген сыяктуу мелдештер болот. Жеке баракчама илинген сүрөт деле ушуга байланыштуу. Досторум менен мелдеше кетип, жеӊилгенде канча бир убакытка «эӊ мыктысы меники, сүйгөнүм деген «намёк» менен эч кимге бербейм» деп жазып, Адилеттин сүрөтүн илип койгом.
– Чынында эле сенин болочоктогу жолдошуӊ Талас же Адилет болуп калсачы?
И.:
– Бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Тагдырыма эмне жазылса, ошондой болот да.
– Алдыда дагы кандай пландар бар?
Т.:
– «Со мною рядом» деген ырыбызга клип тарттыруу алдында турабыз. Анан эл аралык сынактарга, Американын «The Voice» деп аталган музыкалык шоусуна катышууга уруксат алалы деп жатабыз.
И.: – Буюрса, жайында ырчы Анжелика менен квартет жаздырабыз.
А.: – Мен көптөгөн кичинекей күйөрмандарымдын суранычы менен гитара үйрөтүү боюнча сабак берсемби деп жатам. Анткени буга чейин толтура кайрылуулар болгон, «кантип мен сабак бермек элем» деп койчумун. Азыр бул боюнча олуттуу ойлонуп жатам. Өзүм деле гитараны жакшы билем деп айта албайм, бирок билгенимди үйрөткөнгө аракет кылам.
– Маегиӊерге чоӊ рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


“Style Mix” триосу: "Бизди бай, депутаттын балдары деп ойлошот экен"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(44)
Super TV
12.04.2015. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-12-2014
Соӊку аракети:
14-02-2018 11:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет абдан жагат даа, тамашоудо ойноп жургондо эле жакчуу чыгармачылык ийгилик сиздерге.
Super TV
12.04.2015. 17:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-12-2014
Соӊку аракети:
14-02-2018 11:58
Жынысы:
Белгисиз
-1
Талас абдан ойлонуп туура жооп бериптир азаматсын.
Медиа-портал
12.04.2015. 17:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
08-01-2015
Соӊку аракети:
28-10-2015 12:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адилет озун звезда сезип алган го, суйлор суйломоксон болуп.Сени эл алдындагы ырчы деп коет!Интервьюга жакшылап даярданып суйлоп жур.Илима менен Таласка Ийгилик!
13.04.2015. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
26-05-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 03:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды жон еле койбопсунар да,суперчилер!
13.04.2015. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
16-09-2011
Соӊку аракети:
28-04-2018 09:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бай, депутаттын балдары деп ойлогон эмесмис ай, андайлардын балдары ырчы болмок беле, алардын балдары дуйнонун эн мыкты университеттеринде окуп атышат да
13.04.2015. 10:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
20-09-2016 00:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таластыкы ойдороок экен ою,суйлогону бирок учоонун тен суйлогонунон кыйналып кеттим!
13.04.2015. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
09-08-2012
Соӊку аракети:
05-04-2018 13:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечиресинер тааныбайт да экенмин силерди.
13.04.2015. 11:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
27-10-2013
Соӊку аракети:
17-10-2016 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
буларды жакшы тааныбайт экенмин бирок ундору жакшы экен кенири маалыматты кай жактан окусам болот ? Супер инфо эмнеге нон стоп дуетин чыгарбайсынар порталда да ырлары жок колдонуучулар киргизген а силерден неге коро албайбыз? Алар жонундо макала чыгарыныздарчы аябай жакшы кором ошол группасы Максат менен Чолпонай жонундо жазгылачы эмкиде.
13.04.2015. 16:15 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Aksy-13, саламатсызбы!
"Style Mix" тууралуу макалалар:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=style+mix&x=0&y=0&media_search=1
Ал эми сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
13.04.2015. 11:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
27-10-2013
Соӊку аракети:
17-10-2016 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адилет УЖАС УЖАС деп озунон кетипийдиго дагы бир аз суйлосо столдун тугуно кирип кетет беле Талас жакшы суйлоп серезныйлык менен туздоп кетти. Илима Таласты эле карап отуратго чын эле жактырат корунот Адике конул бурбай эле
13.04.2015. 11:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
07-03-2015
Соӊку аракети:
03-11-2016 13:22
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик силерге
Медиа-портал
13.04.2015. 12:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
603
Катталган:
08-12-2010
Соӊку аракети:
03-06-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат- өзүн аябай эркин алып, камера алдында иштегенди жакшы өздөштүрүп атканы кубандырат. Стайл Микс-оригиналдуу группа, бирок өз ойлорун кыйналып толук жеткизе алышпайт азырынча. Сөз байлыктарын өнүктүрүш керек.
13.04.2015. 12:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
390
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
23-06-2018 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Бир гана ийгилик каалайм
Super TV
13.04.2015. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-01-2014
Соӊку аракети:
05-07-2018 16:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Илима Адилетти кыз жигит эмеспиз,жон эле доспуз дегенден кийин,Адилеттин настроениеси сразу тушуп калды го таманына.Ага чейин,Максаттын ар бир суроосуна экоонон талашып жооп берип жатты эле го.Чыгармачылынарга ийгилик!
Медиа-портал
13.04.2015. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
12-09-2013
Соӊку аракети:
25-07-2017 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилет очуп эле калды го аягында)))
Талас азамат жакшы суйлогон!
Илима анча мынча "жылдыз оорусу" менен ооруп калгандай сезилди мага...
13.04.2015. 16:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
01-10-2016 02:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Маек нукка кире албай аттыбы же мага ошондой сезилдиби. Максат да конулу келбегендей какшыктап аткандай эле сезилди.
13.04.2015. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
02-12-2014
Соӊку аракети:
12-02-2018 22:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Адилет озунчо эле шалдырайт гооо
13.04.2015. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
06-03-2018 01:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Уууууф дагы кайсы ырчы сооройлор........ бир да ырын укпабтырмын
13.04.2015. 18:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
07-05-2013
Соӊку аракети:
23-08-2018 23:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адилет жон отура албайтко, бирде ручканы чыкылдатып, бир гезитти кармалап
13.04.2015. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
07-05-2013
Соӊку аракети:
23-08-2018 23:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилет озун коруп кулсо керек
13.04.2015. 21:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
19-05-2008
Соӊку аракети:
18-11-2015 12:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар дагы кимиси я???жапжаш балдар экен убакытты кетирбей башка жумушка иштешпейби...
13.04.2015. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
01-08-2018 13:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырысы жок ырчы болот дегендей
14.04.2015. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
04-01-2017 05:30
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды эч ким деле билбейт го. анан да оздору чыгарып алышса керек бизди байдын балдары дешет экен деп ай билбейм ай толуп кетти козу карын болуп тоого чыктым кайра туштум деп 4 аккордду кошуп ырдагандар
Медиа-портал
15.04.2015. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
азаматсынар ийгилик чыгармачылыгынарга.....
15.04.2015. 20:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
14-04-2015
Соӊку аракети:
09-03-2017 01:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талас красавчик! Созду орду менен суйлойт экен.Азамат менен Илима аман эле болгула!
16.04.2015. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
21-04-2018 18:02
Жынысы:
Белгисиз
0
обу жок неме го кыз
16.04.2015. 19:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
11-09-2016 11:32
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо неге менин коментими очуруп салдынар
17.04.2015. 11:36 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
feruza86, саламатсызбы!
Сиз бул макалага буга чейин комментарий жазган эмессиз.
17.04.2015. 09:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
19-03-2013
Соӊку аракети:
07-08-2018 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жаннат
0
Жалган суйлогондун не кереги бар, жер жузундо толло кыз толло бала башкалар баары ушуларды суйуп калгансып жамман жалган суйлоп мамилесин жашаырыптыр го
18.04.2015. 13:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
28-01-2015
Соӊку аракети:
27-05-2015 01:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош. Алай
0
Ушулардын жашында ушундай ийгиликтерге жетишип коргулочу анан коро жатарбыз силердин кантип суйлогонунорду.. Молодцы ребят Я за Вас!!!! За Вашу команду!!!! Только Вперёд)))))
Super TV
19.04.2015. 23:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
24-02-2015
Соӊку аракети:
24-11-2015 20:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы составдагы группа.Ийгилик!
Super TV
21.04.2015. 23:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
22-05-2014
Соӊку аракети:
26-08-2016 15:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ошондой сезилдиби айтор Адилет Таласты коро албагандай карап жатты ал эми Талас абдан орундуу суйлоду,Илима менен Адилет жылдыз оруусу менен оруп баштаганго мурунку интервьюларында башкача эле,ананда жакшы даярданышбаптыр
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: