Бий сынактардан, сыналгыдан, концерттерден «Кара жорго» бийин бийлеген кичинекей кызды көрсөӊүз керек. Кыймыл-аракети өзүнө куп жарашып, көргөн жанды арбап алат. Кичинекей бийчинин аты Нурпери. Анын Айпери аттуу түгөйү бар экенин көпчүлүк билбесе керек. 3,5 жаштагы эгиз Нурпери жана Айперини ээрчитип келген апасы кеӊсебиздин коногу болушту.
Наргиза Сулайманова, апасы: «ЭГИЗ ЖЫЛДЫЗ БОЛОБУЗ ДЕП БИЗДИ КУБАНДЫРЫШАТ» – Нурпери эки жашка толгондон тартып эле бийлей баштады. Такыр тынчы жок, энергиясы ашып-ташып турат. Азырынча эл алдында бийлетпей туралы десек алсырап, ооруй баштады. Үйдө күнүнө 15 жолу бийлемейинче жаны тынбайт. Бир жылдан бери «Асем» бийчилер тобунда тарбияланып жатат. Азыр «Кара жоргодон» тышкары танго сыяктуу бийлердин бир нече түрүн өздөштүрүп калды.
Атасы экөөбүз теӊ чыгармачылыктан алыспыз. Жадакалса тойлордо ыр-бий эмес, каалоо-тилек да айта албайбыз. Бийден тышкары эки кызым теӊ жакшы ырдашат. Айпери «мен «Кара жорго» ырын ырдайм, Нурпери артымда бийлейт. Биз эгиз жылдыз болобуз» деп бизди кубандырат. Чыгармачылыкка азыртадан шыктары бар, ырчылардын көпчүлүгүн таанышат. Нурпери азыр чоӊ сахнага чыгып, концерттерде бийлеп жатат. Биз бир тыйын да албайбыз. Кызыбыздын эл алдына чыкканына эле сыймыктанабыз.
– Кандайсыӊар, атыӊар ким?
Нурпери: – Девучка, атым девучка.
Апасы: – Нурпери деп айтпайсыӊбы.Н.: – Нурпери Тургуналиева.
Айпери: – Мен биринчи айтмакмын да. Тургуналиева Айпери Уланбековна.
– Ой, азаматтар, канча жаштасыӊар?
Н.: – Үч жаштамын.
А.: – Үч жарым жаштамын десеӊ.
– Кой, урушпагыла, тентек окшойсуӊар, ээ?
Н.: – Бул тентек. (Айперини көрсөтүп)
Апасы: – Урушпагыла, уят болот.
Н.: – Мама, сени уят кылып койбоюн азыр.
– Апаӊ кимиӊерди жакшы көрөм деп айтат?
Н.: – Өзүнүн апасын эле жакшы көрөт.
– Апаӊарды жакшы көрөсүӊөрбү же атаӊардыбы?
Н.: – Экөөнү теӊ жакшы көрөм.
А.: – Апамды, атамды, жеӊемди жакшы көрөм.
– Бийлегенди ким үйрөткөн?
Н.: – Бийлеп арыктайм, диета кармайм.
– Бала бакчада досторуӊар көппү?
Н.: – Айтпайм. Садикте орус эжекем бар.
– Ал жакта да бийлейсиӊби?
Н.: – Үйдө компьютерди коюп бийлей берем. SUPER.KG`ден ыр угам.
Апасы: – SUPER.KG`деги Медиа-порталдан кечке музыка угушат.
– Үйдө силерди ким карайт?
Н.: – Иши кылып карайт да. Кээде Калбү жеӊем келип карайт.
– Силерге жомок айтып береби?
Н.: – Ой, азыр тамагым ооруп жатат. Анан жооп берейинчи (колун силкип)
– Ырдаганды билесиӊерби?
Н.: – Кү-үн ысыккы, абдан ысыккы, достор менен көлөкө издеп...
– Бул ырды сага ким үйрөткөн?
Н.: – Өзүм эле үйрөнүп алгам. Нурлан Насик ырдайт (Нурлан Насипти айтып)
– Дос кыздарыӊар көппү?
Н.: – Жок.
А.: – Көп.
– Чоӊойгондо ким болгуӊар келет?
Н.: – Акуйист, аку-уйист (окулист)
– Окулист кандай доктур, билесиӊби?
Н.: – Көздү чукуйт.
– Айпери, сен ким болгуӊ келет?
Н.: – Күрөшөт. Айсулуу менен күрөшөт.
Апасы: – Айсулуу Тыныбекованы айтып жатат.
А.: – Жок, мен өзүм айтам. Асема апчемдей ырчы болом.
– Тамга тааныйсыӊарбы?
Н.: – Ал эмне? Биз кичинебиз.
– Кайсы тамакты жакшы көрөсүӊөр?
Н.: – Күрүч.
– Кайсы ырчы жагат?
Н.: – «Көк жөтөл».
Апасы: – Нооруз Алымбаевди жакшы көрөт.
– Кайсы мультфильмди жакшы көрөсүӊ?
Н.: – «Актан менен Акылай».
Н.: – Суроо бере бербегилечи, башым ооруп, тажап кеттим. Кежеӊ-пежеӊдей берет экенсиӊер.
– Азамат кыздар экенсиӊер. Өмүрүӊөр узун болуп, тилеген тилегиӊерге жеткиле!
Султан Төрөбеков
star@super.kg