4-апрель күнү Малайзияда аталган өлкөнүн премьер-министри Нажиб Тун Разактын кызы Нуриана Нажиб менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганы Данияр Кесикбаевдин үйлөнүү тоюнан тик учак менен кайтып келе жаткан коноктор кырсыкка учурашкан. Жыйынтыгында 6 адам көз жумду. Алардын арасында учкучка жардамчы болуп жүргөн кыргыз кызы Айдана Байзиева да бар.
«АЙДАНА БАЙЗИЕВАНЫН УЧКУЧ БОЛОМ ДЕГЕН ТИЛЕГИ ЧОӉ ЭЛЕ...»
Маалыматтарга караганда, коноктор бара жаткан тик учак Малайзиянын борбор калаасы Куала-Лумпурдун чет жакасынан кырсыктаган. Окуяга күбө болгондор тик учак абада жарылып кетип, токойго кулап түшкөнүн айтышкан. Анда өлкөнүн өкмөт башчысынын катчысы Азлин Алиас, Малайзиянын АКШдагы экс-элчиси, депутат Жамалуддин Жаржис, анын жан сакчысы жана бир ишкер баштаган аттуу-баштуу адамдар, тик учакты башкарган америкалык учкуч Клиффорд Уильям Фурнье жана анын жардамчысы Айдана Байзиева болушкан.
7-апрель күнү авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгүн таануу боюнча ДНК анализинин жыйынтыгы чыгып, каза болгон кыз 25 жаштагы Айдана Байзиева экени аныкталганын Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов билдирди. Элчинин айтымында, анын сөөгү Кыргызстанга «Эйр Астана» компаниясы аркылуу жөнөтүлүп, 10-апрель күнү кечинде Бишкекке жеткирилиши күтүлүүдө.Малайзиялык bernama.com маалымат сайты билдиргендей, жергиликтүү полиция
кызматкерлери Айдана Байзиеванын досторунан көрсөтмө алышып, анда каза болгон кыздын учкуч болууга кызыгуусу чоӊ болгондугу айтылган. Кырсыкка чейин да ал учкуч Клиффорд Уильям Фурнье менен тик учакта чогуу учуп, сабак алып жүргөндүгү белгилүү болду.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин маалыматтарына таянсак, Айдана 8 жашар кезинде анын апасын поезд сүзүп каза тапкан. Ал Малайзияда туризм боюнча жогорку билим алып, атасынын жардамы менен ошол өлкөдө бизнес баштаган.
ТОЙ ЭЭЛЕРИ КИМДЕР БОЛГОН?
Кырсыкка кабылган тик учактын жүргүнчүлөрү Малайзиянын премьер-министри Нажиб Тун Разактын кызы Нуриана Нажиб менен казакстандык Данияр Кесикбаевдин тоюнан кайтып келе жатышканын жогоруда белгилеп өттүк. Данияр Кесикбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болот Назарбаевдин өгөй баласы. Анын апасы Майра Курмангалиева менен Болот Назарбаев 2001-жылы баш кошушуп, 2010-жылы ажырашып кетишкен.
Данияр Кесикбаев Малайзиянын өкмөт башчысынын кызы Нуриана Нажиб менен АКШда билим алып жүргөн кезинде таанышкан. Экөө теӊ 27 жашта. Жаштардын үйлөнүү тою дүйнө коомчулугунда кызыгууну жаратты. Той 19-мартта башталып, расмий бөлүгү 28-29-мартта болуп өткөн. Жаш жубайлар тойдо малайзиялыктардын салттуу кийимин кийип жүрүштү. Малайзияда казак күйөө бала үчүн атайын «Кара жорго» бийи көрсөтүлүп, «Жар-жар» ыры аткарылганын интернет басылмалары кабарлашууда. 28-март күнү тойго жаштардын жакындары жана Малайзиянын падышасы, коӊшу өлкөнүн лидерлери баш болгон 500 сыйлуу конок катышкан. Эртеси тойго жөнөкөй жарандар да катышып, келген коноктордун саны миӊден ашкан. Ал эми 4-апрель күнү тойдун акыркы бөлүгү өкмөт башчынын туулган штаты Пехангда саясатчынын тарапташтары үчүн өтүп жаткан болчу.
Данияр Кесикбаев Казакстандагы «Esquire» журналына берген маегинде өз мекенинде үйлөнүү той 18-апрелге белгиленгенин айткан. Ал кесиби боюнча саясат таануучу, учурда IT-бизнес менен алектенет. Келечекте саясатка аралашып, казак элинин тагдырына таасиримди тийгизем деген дымагы бар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg