Интернет жашообуздун бир бөлүгү болуп, саясатчыларыбыз да виртуалдуу жашоодо активдешип жаткан убагы. Алар интернет баракчаларын эмне максатта ачышкан? Дегеле, ошол саясатчылардын атына катталган аккаунттарда өздөрү отурушабы?Темир Сариев, экономика министри: «ФЕЙСБУКТА ЖАРДАМЧЫЛАРЫМ ЭМЕС, ӨЗҮМ ОТУРАМ»
– Темир Аргенбаевич, Фейсбукта бар экенсиз. Өзүӊүзбү же жардамчыларыӊызбы?
– Жок, өзүм. Акыркы кезде эле убактымдын тардыгынан көп колдоно албай жатам.
– Фейсбук аркылуу жарандар көп кайрылышабы?
– Албетте, көп кайрылышат жана аларга жооп жазып жөнөтүп турам. Бирок жана айтып өткөндөй, убакыттын аздыгынан көп комментарийлерге жооп бере албай
калуудамын.
– Качантан бери социалдык тармактардын «тургунусуз»?
– 2010-жылдан тарта. Башында активдүү колдонуучу болчумун.Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ФЕЙСБУКТАГЫ ЭКИ КАЛМАМАТОВДУН БИРӨӨСҮ ЭЛЕ МЕНМИН»
– Интернеттеги социалдык тармактарды канча убакыттан бери колдонуп келе жатасыз?
– Көп эле болду. Буга чейин байланыш каражаты катарында гана колдонуп келсем, депутат болгондон кийин маалымат таркатуунун булагы катарында да пайдаланып
жатам.
– Фейсбукта Бактыбек Калмаматов деген аккаунттарда сиздин сүрөттөрүӊүз илинген эки колдонуучу бар экен, экөө теӊ сизби?
– Жок, ошонун бирөөсү эле менмин.
– Интернетте канча убакыт отурасыз?
– Ал бош убактымдан көз каранды. Эгер убактым кенен болсо, көп отуруп калам. Негизи, маалыматтарды интернеттен окуйм.Данияр Тербишалиев, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ СЕЗИМИН БИЛДИРГЕНДЕР ДА БАР»
– Социалдык тармактарда барсыз, активдүү колдонуучусузбу?
– Катталганыма 4 жыл болду. Фейсбуктун активдүү колдонуучусумун. Саясатчылар үчүн бул чоӊ мүмкүнчүлүк, жарандар менен ар дайым байланышта болуп, тыгыз мамиледе болууга шарт түзүлөт. 21-кылымда ар бир коомдук ишмер жана саясатчы интернет баракчасы аркылуу өзү жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү.
– Интернет аркылуу сезимин билдирген кыздар да болгондур?
– «Таанышалы» деген адамдар дагы бар, сезимин билдиргендер дагы бар, жамандагандар дагы бар.Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеӊештин депутаты: «8 МИӉ АДАМ ДОС БОЛУУГА КЕЗЕКТЕ ТУРАТ»
– Ыргал Кармышаковна, социалдык тармактагы жеке баракча деген сиз үчүн эмне?
– Депутаттар үчүн социалдык тармактар шайлоочулар менен байланышканга, алардын кеӊешин, арыз-муӊун укканга жакшы платформа. Фейсбукта өзүм отурам,
суроолорду жоопсуз калтырбаганга аракет кылам. Мail.ru жана Инстаграмда да бармын.
– Канча интернет досуӊуз бар?
– Так санын билбейм. Өткөндө карап көрсөм, 8 миӊ адам дос болууга кезекте туруптур. Дагы бир баракча ачсамбы дегем. Бирок «фейк» деп ойлоп калышабы деп жатам.Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ИНСТАГРАМДЫ ҮЙРӨНӨ АЛБАЙ КОЙДУМ»
– Турсунбай агай, качантан бери социалдык тармактарды колдонуп келесиз? Интернетте жеке баракча ачууга эмне түрткү болду?
– Социалдык тармактарды 2009-жылы өздөштүрдүм. Уул-кыздарым да интернет талаасын өздөштүрүүмө чоӊ салымын кошушкан. 2010-жылы кызым Тахмина gmail.com сайтын, уулум Искендер «ВКонтакте» сайтын үйрөтүп койду. Кенже уулум Кантемир мени Инстаграмга да каттаткан, аны туура колдонгонду эч үйрөнө албадым.
– Интернетте кээ бир адамдар менен кайым айтышканга чейин барасыз. Бул көрүнүш элдин көзүнчө болгондуктан саясий беделиӊизге шек келтирбейби?
– Мага ыймандуу, таалим-тарбия көргөн адам кайрылып жатканда ага орой жооп бергенимдин бир жолу болсо да мисалын келтирип берчи?! Провокаторлор арам ою менен баракчаларыма кирип, уят сөздөрдү жазып жатса, мен аларга «рахмат» дешим керекпи?! Мага таарынгандардан «Макул, Турсунбай Бакир уулунун жообун жарыялаптырсыӊ, а өзүӊ ага эмне деп жаздыӊ эле?» деп сурап көрчү?! Ошол үчүн арам ойлуулардын провокациялары беделимди эч кандай түшүрө албайт, анткени ыймандуулар жана ата-энесинин таалим-тарбиясын көргөндөр мени дайыма колдошот.Дастан Бекешев, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ДЕПУТАТТАР ИНТЕРНЕТТЕ БОЛУШУ КЕРЕК»
– Социалдык тармактарды депутат болгондон кийин колдоно баштадыӊызбы же андан мурда эле өздөштүргөнсүзбү?
– Мен социалдык тармактарды депутаттыкка келгенге чейин эле колдонуп баштагам. Учурда Твиттер жана Фейсбукта бармын. Абдан ыӊгайлуу. Шайлоочулар менен, жарандар менен интернет аркылуу байланышып, жолугушкан учурлар көп эле болот.
– Баракчаӊызда өзүӊүз отурасызбы же кээде жардамчыларыӊыз жооп берип коюшабы?
– Жок, дайыма өзүм отурам. Мына, мисалы, азыр унаада бара жаткам. Сиз интернеттеги баракчам аркылуу мага кат жөнөттүӊүз, аны окуп, анан телефон менен байланышпадыкпы.
P.S. Жогорку Кеӊештин депутаттарынын арасында алгачкылардан болуп Ширин Айтматова жыйындардагы талкууларды интернет баракчасына жарыялап, өз пикирин ачык билдирип баштаган. Бүгүнкү күндө экс-премьер Өмүрбек Бабанов, министр Эльвира Сариева, мэр Кубанычбек Кулматов, министр Алтынбек Максүтов, экс-министр Алманбет Шыкмаматов өӊдүү саясатчылар да интернеттин активдүү колдонуучулары.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg