«КУМТӨР» ОТОРБАЕВДИ ДА АЛЫП ТЫНАБЫ?

Талкуу чордонун кайрадан «Кумтөр» кени боюнча иштер ээледи. Биринчиден, сүйлөшүүлөрдүн багыты биргелешкен ишкана түзүүдөн «Центерра» компаниясындагы директорлор кеӊешинин курамын өзгөртүүгө бурулду. Экинчиден, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөттүн ичинде детективдик окуяга тете кырдаал жаралды. Үчүнчүдөн, окуянын өнүгүшү «Кумтөр» алтын кени өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди да кызматтан алып тына тургандай болуп бара жатат.

ОТОРБАЕВ ОРДУН БОШОТУУГА ДАЯР...
«Центерра» компаниясында биздин таасир чоӊураак болушу үчүн мен директорлор кеӊешинин курамын өзгөртүүнү сунуштайм. «Кумтөр» үчүн бүт жоопкерчиликти өз моюнума алам. Эгерде депутаттар кенди улутташтыруу же биргелешкен ишкана түзүү боюнча варианттардан артка кайтпай турган болушса, анда мен отставкага кетүүгө аргасыз болом»,- деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы мындай позициясын 7-апрель күнү парламенттин комитеттик жыйынында билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, «Центерра» кенди иштетүү боюнча жаӊы планын жарыялаган соӊ кырдаал жана шарттар өзгөрүп, биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстанга мурункудай кирешелүү болбой калган. Сөз болгон планда алтындын болжолдуу запасы кыйла азайтылып берилген. «Кумтөр» боюнча жаӊы долбоорду иштеп чыгууну сунуштайм, же баарын азыркы бойдон калтыралы. Улутташтыруу да маселени чечпейт. Жогорку Кеӊеш мени колдобой турган болсо, анда мен парламент сунушун колдоого ала турган талапкерге ордумду өткөрүп берүүгө даярмын»,- деди Оторбаев.
Эске салсак, Жантөрө Сатыбалдиев премьер болуп турганда «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча Жогорку Кеӊеште отчёт берип жатып ишканадагы Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткире алчу адамга ордун бошотуп берүүгө даяр экенин айткан болчу.
Оторбаевге келсек, комитеттик жыйында отурган депутаттар анын сунуштарына макул болушуп, «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн дагы бир жолу карап чыгууну чечишти. Ал эми маселени кенди улутташтыруу же биргелешкен ишкана түзүү аркылуу чечүү жолдорунан баш тартмай болушту.

ӨКМӨТТӨ ДА, ПАРЛАМЕНТТЕ ДА АБАЛ ТЫНЧ ЭМЕС...
8-апрель күнү кечинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун башчысы Дүйшөн Ирсалиев бир айга кызматтан четтетилди деген маалымат таркады. Ошол замат Ирсалиев «Кумтөр» кенин рейдердик басып алууга алып келчү документке кол коё албайм. Ошол үчүн кызматтан четтетилдим» деп чыкты. Ирсалиевдин айтымында, премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Центерра» компаниясынын директорлор кеӊешине кыргыз тараптан көз карандысыз эксперттер катары 8 кишини шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин бир күндүн ичинде жиберүүнү тапшырган. Талапкерлердин көпчүлүгү чет жердик жарандар. «Тизмеде көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турганынан шек санадым жана аларды «Центерранын» директорлор кеӊешинде шайланышы үчүн киргизүүдөн баш тарттым. Мунун артында эл аралык финансылык топтор, Максим Бакиевдин, Жорж Соростун же башка бай олигархтардын адамдары турушу мүмкүн»,- дейт Ирсалиев.
9-апрель күнү эртеӊ менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев журналисттерди чукул маалымат жыйынга чогултту. «Дисциплина, жалпы пикир болушу керек. Эгерде өкмөттүн пикири жалпы болбосо, Кыргызстан Йемен же Сомалиге айланып кетиши ыктымал. Ирсалиев биздин комментарийлерге кулак салбай, өкмөт менен акылдашпай, «Центерранын» директорлор кеӊешине Кыргызстандын атынан сунушталып жаткан өкүлдөрдүн талапкерлигин кайра чакыртып алган. Бир айга кызматынан четтетилген соӊ да ал өкмөттүн кызматкерлерин катты каттоого жолотпой койгон. Ошол үчүн Ирсалиевге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлөт»,- деди өкмөт башчы. Аны менен катар премьер-министр Дүйшөн Ирсалиевди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун башчылыгынан бошотконун билдирди.
Тизмеде көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча Оторбаев мындай деди: «Андагы адамдар укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн өткөн. Алар тизмедеги талапкерлерди кесипкөй адистер деп тастыктап беришкен. Ошондуктан ишенбей коюуга негизибиз жок калган. 8-апрель талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө чектелген акыркы күн болчу. Ирсалиевдин ишинен улам биз 8-майда өтчү «Центерранын» акционерлер жыйынына катыша албай калабыз».
Кыргызстан «Центерранын» директорлор кеӊешине 11 кишини көрсөтө алат, учурда андагы өкүлдөрдүн саны 3 адамды түзөт.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев ошол эле күнү түштөн кийин Жогорку Кеӊеште «Кумтөр» менен болгон сүйлөшүүлөр боюнча отчёт берди. Комитеттик жыйында айткан позициясын кайталаган премьер-министр: «Эгерде мага уруксат берсеӊиздер, директорлор кеӊешин алмаштыруу боюнча ишти баштайбыз. Биз азыркы директорлор кеӊешин кетиришибиз керек»,- деди.
Гезит басууга кетерде парламентте «Кумтөрдүн» маселеси каралып жаткан, айрым депутаттар «Кумтөрдүн» маселесин чечпегендиги үчүн өкмөттү отставкага кетирүүнү, кээ бирлери өкмөткө дагы мөөнөт берүүнү сөз кылып жатышты.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
dina
2015-04-13 10:55:30
Оторбаевден төртөө келсе да кумтордун чечилиши кыйын...
0
eliza5566
2015-04-13 13:35:03
"Алтын" созу "ал" андан кийин "тын" дегенди билдирет. Илгээртен алтын бар жерде ар дайым жанжал жана олум болуп келген кумторго байланышкан мындай окуялар бир нече ирет болбодубу. 3 президент бутуро албаган жанжалды бир Оторбаев бутуро алмак беле.
0
Jyrgal_msk
2015-04-14 00:05:35
Улутташтырууга барганы он болотго.Кийин мен билген эмесмин деп чыгып кетесинер.Ирсалиев туура кылат,тааныбаган адамдарга кантип кол коет эле.Байкуш Ирсалиев,эгер Оторбаев кетпей калса шорун кататго...
0
_KipchaK_
2015-04-14 10:04:32
Ушул "Кумтор" маселеси урпактарга калып кетет окшойт.
0
jaazira13
2015-04-18 12:33:28
бу окмоттун башчысы жанторо болуп кала берсе мурдале бутуруп коюшмак, андан короо башка маселелерди чечишсе туура болмок, билим беруу тармагы армиябыз шалпыйган абалда
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан