ЖУСАЙ КЕТИРГЕН ЭМГЕГИӉИЗДИ 10 ЖЫЛ БОЮ АКТАЧУ ӨСҮМДҮК

Сөзсүз эле чет өлкөгө кетпей, өз жериӊде деле жер иштетип каражат табууга болот. Мисалы, жусай эгип, көп жыл түшүм ала аласыз. Бул өсүмдүктү айдап, өстүрүү жаатындагы кеӊештери менен Бишкек шаарынын тургуну Жыргал Насыров бөлүшөт.
1-ЖЫЛЫ ТҮШҮМ БЕРБЕЙТ
Жер
(1 гектар) апрелдин башында айдалып, малаланат. Анан жер тик бурчтук формасында, башкача айтканда, узундугу 30, туурасы 1,5 метрден кылып
(күрүч өстүргөн пал сымал) бөлүштүрүлүп, арыктар салынат. Ошондо 1 гектар жер 222 тик бурчтукка
(палга) бөлүнөт. Кезек урук себүүгө келет. Биз жусайдын кытай, голланд сортторун колдонобуз. 1 гектар жерге 22 килограмм урук кетет. Сепкендин эртеси 5 килограмм отоо чөпкө каршы дары
(стомп) сууга кошулуп себилип, 1 суткадан соӊ сугарылат. Ошондон кийин аралыгын 3 күндөн кылып 2 ирет сугарылган соӊ жусай өсүп чыгат. Жусайдын бою 1 карыш болгондо 3 кап жер семирткич
(селитра) берилип, адамдарды жалдап ототобуз. Андан соӊ күзгө чейин ар бир 10 күн сайын сугарылып, ар ай сайын
(апрель-август) отолот. Сентябрда отолбойт. Күздө 20 тонна кык чачылат.
Жалпысынан эсептесек, апрель-сентябрь ичи
(6 айда) талаа баш-аягы 20 ирет сугарылып, 3 жолу жер семирткич берилип
(2 ай сайын), 5 ирет отолуп, 1 ирет кык чачылат. Бирок бул жылы жусай жетилбегендиктен түшүм бербейт. Андыктан жалаӊ чыгым кетет.

2-ЖЫЛДА ЖУСАЙДЫ КАРАП, БАГУУ
Март айында жусай чыгып, апрелдин башында отоо башталат. Ага 10 кишини жалдасаӊ, 3 күндө бүтүрүшөт. Отолгондон кийин жусайды бир четинен кыркып, сата бересиз. Орточо эсеп менен күнүгө 2000 байлам
(боо) кыркылып, сатылат
(болжол менен 3,3 сотых жер). Бул үчүн 4 кишини 2000 сомго жалдоо керек. Базардагы баа учурда 1 байламына 3-7 сомдун тегерегинде болуп жатат
(дүӊ баада).
Орулган жер кийин кайра айланып келгиче өсүп калат. Анан дагы убагы менен отолуп, сугарылып, жер семирткич берилип турат.
Жалпысынан талаа 6 айда 6 ирет орулуп
(ай сайын 1 ирет), орточо эсеп менен 360 000 байлам сатылат. 23 ирет сугарылып
(апта сайын 1 ирет), 5 ирет отолуп
(сентябрда отолбойт), 5 ирет селитра берилет
(апрель-август ичи ай сайын 3 каптан). Күздө талаага 20 тонна кык чачылат.

КИЙИНКИ ЖЫЛДАРЫ ЖУСАЙДЫ КАРАП, БАГУУ
3-жылдан тартып 10 жылга чейин карап, багуу 2-жылдык жусайды карап-багуудан эч айырмаланбайт. Чыгаша менен түшкөн кирешенин суммаларынын да айырмасы жок.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Ошончо коп жусайды кайда сатышат?
Менин огородумда жусай коп осот.Билишимче бул жусайлар менден дагы жашы чон.Ары жок болот экен жок кылсан деле кайра чыга берет.Шакарап кылсан,лагманга кенири колдоносун,болгар калемпири менен туздасан томат ордуна кетет
Бул жусайлар менин бакчамда дагы осот. Сугарып анда санда эле отоп койбосок оздору эле осо беришет. Жогоруда айтылгандай кооооп жылдан бери осот
Жусай эн жакшы нерсе да андан коп тамактарды, кышкыга да коп нерсе жасаса болот.
Жакшы экен...Кандай иш болбосун мээнет кылсан акыбети кайтат да.
356 мин байламды отуруп алып сатпайсын да, оптом откоруп бересин, оптом откоргондо 4сомдон сата албай калсан 2 сомдон сатсан 356мин сом болуп калат го. чыгаша 551мин.
азаматсын жусайчы жигит ишине ийгилик
Жусайды оромого кошсон..жумуртка мн кууруп жесен соонунда
овощной дукондон 22 сомдон алам
Азаматсын туура кенеш бергенсин.
мен сатам озум азыр розницага 10 сом
Муну билип базардан коп алчубуз бирок атын ЖУУСАЙ экенин биринчи жолу билип угуп атам
Жакшы макала экен.Эми, жусайдын курамында кандай пайдалуу заттар бар экенин, жана жусай кошулган тамак-аштардын рецебин да жазгылачы. Рахмат
Nurrka, Жусайды таза жууп туурап манты самсы тамака кошуп жесен ммм даамдуу чоп