«Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» деген ырды уксам эле ичимде бир нерсе туйлап, ордумдан тура калам. Себеби мен дүйнөнү өз апам аркылуу эмес, өгөй апам аркылуу тааныдым. Бизден качып жүргөн өз апамды сиздердин гезит аркылуу тааныгым келет»,- дейт 20 жаштагы каарманыбыз Тимка.
Темирланды эркелетип, башкы сөздө Тимка деп жазганымдын себеби бар. Аны өз апасы ушинтип эркелетчү экен. Балким, Тыӊсынбүбү айым бул макаланы окуп калса, башкы сөздөн эле бул окуя анын балдары жана өзү жөнүндө экенин сезер. Бир себептерден улам эки кыз, бир уулун эми гана там-туӊ басып калган кезинде атасына таштап кеткенине 17 жыл өтсө да, кабар албай жүргөндүгү ушул күнгө чейин балдарына суроо жаратып келет.
Темирлан Акылбек уулу: «МЕНИ ТӨРӨГӨН АПАМА ЖОЛУГУП КАЛСАМ, АПА ДЕП ЭЛЕ КАЙРЫЛАМ»
-Мен 1995-жылы Аксы районунун Кызыл-Жар айылында төрөлүптүрмүн. Бизди төрөгөн апам Тыӊсынбүбү мени жана эки эжемди машинага салып бир жакка жөнөтүп жатканын бир аз элестетем. Ал кезде 3 жаштагы бала экенмин. Эс тартканымдан бери бизди баккан Мира апамды гана апам деп билем. Эч нерседен кем кылбай бакты. Бешенебизге ушул аял болуп калбаганда кимдин колунда чоӊоёт элек, билбейм. Кудай канча өмүр берсе, ошонун баарын Мира апам менен атамдын жанында өткөрөм.
Бирок бизди төрөгөн апамды бир жолу болсо да көрсөм деген ниетим бар. Эне мээримине муктаж болбогондуктан ага таарынычым деле жок. Жолугуп калсак «апа» деп эле кайрылам. Ушул күнгө чейин келбеди, акыры өзүм издесемби деп бел байладым. Аны издегенимдин дагы бир себеби – анын колунда атам экөөнүн нике күбөлүгү бар. Расмий түрдө ажыраша элек. Анын айынан биз документ жагынан бир үй-бүлө боло албай жатабыз. Мира апамдын мурунку турмушунан бир уулу бар. Кийин атам экөө бир кыздуу болушту. Беш бир тууган болуп калдык. Бирок иним менен карындашым апамдын фамилиясында, эки эжем үчөөбүз атамдын фамилиясындабыз. Ал нике күбөлүк кыркылса, атам менен Мира апам мыйзамдуу никеге турушуп, иним менен карындашым да биздин фамилияга өтмөк.
«БУТТАРЫ СУУ БОЛУП ҮШҮП КАЛЫШЫПТЫР»
Темирлан өз апасы тууралуу толук маалымат билбегендиктен, баккан апасы Мира айым төмөнкүлөрдү айтып берди:
-1998-жылдары борбордогу базарлардын биринде самса сатып иштечүмүн. Аны бир тааныш байке менен анын жубайынын самсаканасынан сатып алар элем. Бир күнү самсаканага келсем, кичинекей 2 кыз жана 1 бала туруптур. Аябай үшүп, буттары суу болуп калган. Кароосуз калгандай туюлду. Аябай боорум ачып, самса саткан эжеден «булар кимдер?» деп сурасам, «кайнимдин балдары, аялы бакпайм деп айылдан машинага салып жибериптир» деди.
Балдардын апасы Тыӊсынбүбү Эсенкулова 1967-жылы туулган, Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну. Ал жолдошу Акылбек Кыргызбаев менен чырдашып, бирге жашабай калышкан экен. Акылбек борборго келип иштеп жүрүптүр. Менин бир балам бар эле. Жолдошум менен ажырашып, аны өзүм багып жүргөм. Үч балага боорум ооруп, аларды да балама кошуп багып алсамбы деген ой пайда болду. Ошентип убакыт өтүп, ал балдардын атасы Акылбекке турмушка чыгып, балдарын багып алдым.
«4 ЖЫЛ МУРУН ТЫӉСЫНБҮБҮГӨ ЖОЛУКТУМ»
-Бир күнү Тыӊсынбүбү шаарга келиптир. Ага жолугуп, «Уулуӊ куса болуп ооруп жатат. Барып көрүп койчу» дедим. Ал «Бирөөгө пальто алдырышым керек, ошону алдырып алып анан барам» деди. Ошол боюнча караанын көрсөтпөдү. 4 жыл мурун «Ош базарынан» самса жеп отурган жеринен көрүп калдым. 4 жаштагы баланы ээрчитип алыптыр. «Тимка канчага чыкты?» дейт, «15ке чыкты, балдарга документ алууга жардам берип койчу, Кызыл-Жарга барууга бизге кыйын болуп жатат» деп сурандым. Балдар Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө каттоодо турган экен. «Паспортум Кызыл-Жарда, силер менен байланышууга телефонум жок» деди. «Анда паспортуӊ колуӊа тийгенде телефон чалып койчу» деп номеримди бергем. «Уулдуу болуптурсуӊ. Үч балаӊды да сагынгандырсыӊ, үйгө барып чай ичип кет» деп дарегибизди бердим. «Бул баланы бирөөлөр эшигимдин алдына таштап кетишкен экен, багып алдым» деди. Ошол боюнча кабарсыз.
«БЕШ БАЛАБЫЗ АР ТАРАПТАН КУРАЛГАН»
-Акылбек экөөбүз 2002-жылы бир кыздуу болгонбуз. Беш балабыз ар тараптан чогулса да бир туугандай болуп чоӊоюп жатышат. Улуу кызыбыз Нуржамалды турмушка бергенбиз. Кыздуу болду. Экинчи кызыбыз Асел Орусияда иштеп жүрөт. Ал эми Темирлан аскерге барып кызмат өтөп келди. Кызыбызды турмушка узатуудагы, уулубузду аскерге жиберип, келгенде тосуп алгандагы бакытты сөз менен айтып бере албайм. Ал бакытты көрүүгө кызыкдар болмок турсун, 9 ай ичинде көтөргөн балдарынын кандай чоӊоюп жатканына кызыгып койбогон эненин жүрөгүнө таӊ калдым. Кыздар апасы жөнүндө сурашкан эмес, ал эми уулум аскерден келгенден кийин «Мени төрөгөн аял кандай болду экен, бир жолу көрүп коёюнчу» деп кеп козгоду.
«ТУРМУШТУН ТҮЙШҮГҮНӨН МЕН ДА ТАЖАГАМ, БИРОК...»
-Бир кезде турмуштун түйшүгүнөн мен да тажагам, чарчагам. Бирок бир да жолу бирөөнүн баласын багып алганыма өкүнбөдүм. Өгөйлүк кылып нан бекитип жеген жокмун. Эч нерсе таппай калган учурда кийип жүргөн күрмөмө чейин сатып, балдардын окуусуна бергем. Өзүм 2 жыл кышта жемпир кийип чыккам. Канча жыл балдарды шагыратып ээрчитип батирден батирге көчүп жашап жүрдүк. Эптеп шаардын четинен жер алып, таӊкы беште туруп, бирден кирпич куюп, аны бирден кураштырып үй тургуздук. Балдар чоӊоюп, кыйынчылыктын баары артта калды. Азыр алардын астында кадырлуу, барктуу, бактылуу энемин.
Тыӊсынбүбү менен Акылбек турмуш курганда нике күбөлүгүн албай эле жашап жатышкан экен. Кийин бирге жашабай, балдар бул жакка келгенден кийин эмнеге керек болгонун билбейм, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө барып нике күбөлүк жасатып алыптыр. Анда Акылбектин ордуна башка адам кол койгон. Аны жокко чыгарам деп жолдошум айылга барып Тыӊсынбүбүнү таппагандыктан, бүтүрө албай келди. Ошентип Акылбек экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз жок, кызыбыз менин фамилияма катталып калды.
Юристтин кеӊеши
Болот Баетов, «Мен жана мыйзам» юридикалык компаниясынын жетекчиси, юрист: «СОТ СЫРТТАН ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫП, АЖЫРАШТЫРЫП КОЁ АЛАТ»– Эгер биринчи аялы кандайдыр бир шарт менен жолдошунун үй-бүлө курууга ниети болбой туруп никеге катталып, нике тууралуу күбөлүк алып алган болсо, сотко никени жараксыз деп табуу арызы менен кайрылсын. Эгер мыйзамга туура келген жол менен никеге турушкан болсо, Аксы райондук ЖААКтан күбөлүктүн дубликатын алып, сотко никени токтотуу арызы менен кайрылуусу керек. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 23-беренесинин талаптарына ылайык, никени бузууга жубайлардын бири макул болбой, сотко бир нече жолу чакырылып келбей жаткан болсо, сот доогердин талабы боюнча сырттан чечим чыгарып, аларды ажыраштырып коё алат. Доогер жоопкердин (мурунку жубайынын) акыркы жашаган жери боюнча Аксы райондук сотуна никени ажыратуу үчүн арыз менен кайрылсын. Эгер борбордо жашап, маанилүү себептер менен Аксыга бара албаса, өзүнүн жашаган аймактык сотуна кайрылса да болот.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg