ЮРИСТ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
«КЫЗЫБЫЗДЫ КОРКУТУП АКЧА УУРДАТКАН ЖИГИТТИ СОТКО БЕРЕ АЛАБЫЗБЫ?»
– Кызым 17 жашта. Ал түрк жигит менен бир нече айдан бери мамиле куруп келген. Биздин каршы болгонубузга карабай аны менен жарандык никеде жашап, боюнда болуп калган эле. Анан 2 апта мурун кызыбыз бизге чалып «Азыр Москвадамын, жигитим «мени менен барбасаң өлтүрөм» деп коркутуп, өзү менен кошо бул жакка алып келди. «Боюңдагыны алдыр, болбосо мууздап салам» деп түндө мени уруп, тилдеди. Мен анын мажбурлоосу менен үйдөгү сиздер чогулткан 50 000 сомду уурдап кетүүгө да аргасыз болдум. Мени кечиргиле...» деп айтып эле телефонун өчүрүп салды. Биз кайра чалсак жооп жок. Ошондон 5 күндөн кийин кызыбыз «тигинден качып келдим» деп түндө үйгө келип калды. Азыр катуу стрессте. Биз ал жигитти кылган иштери үчүн сотко бере алабызбы? Жигит Түркиянын жараны экен.
Карлыгач Токобаева, 60 жашта, Бишкек
– Кызыңыз өзүңүздөр жашаган райондун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, арыз жазышы керек. Арызында түрк атуулу (жигити) мыйзамсыз түрдө коркутуп-үркүтүү жолу менен алып кеткенин, денесине залал келтиргенин (уруп-согуу), кыскасы баарын толук жазып, көрсөтүшү зарыл. Негизгиси баары өзүнүн эркинен тышкары болгонун баса белгилеши керек.
Соттук-медициналык экспертизадан өткүсү келгенин да укук коргоо кызматкерлерине айтуусу кажет. Алар арыз боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, анын жыйынтыгын папкага тиркөөгө тийиш. Эгер түрк атуулу кармалса жана кылган иштерин моюнуна алса, анда сот тиешелүү чечимин чыгарып берет.
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
17 жаш тообаааа, эне суту оозунан кете элек кыз экен го
Aidar.001,
Биринчи тилин тапкынча акчасына алданып журду да . анан намысынан айрылды, ата энесинин акчасын бериптир . Акыл эсин иштетбей калат иностранец десе эле.
ал турк башын айлантып,сирияга сатып жиберген жатат да
биздин кыздар турк десе жанын берип салат,кочодо кериле баскандарычы кыйратып койгонсушат тим эле, жон эле журо бер ким экенинди билип,жакшы эже карындаштарыбыздан сабак алгыла керилбей, тартип деген жок бизде ата энени тоготбой баратышатго,
Ошол мээси жок кызга сооп болот
Ата Энесин укпай кеткен кыздын турмушу еч качан жакшы болбойт Ата раазы Алла разыы дейт ойлонгула кыздар суйдум деп еле корунгон менен кете бербестен бул жашоодо Ата Энедей ичким суйбойт жана чыныгы суйууго Ата Энебиз кана татыктуу
Саламатсызбы юристке кантип кат жазсам болот?
guln88, саламатсызбы!
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
17 жаш тооба, кудай сактасын. кыздын бээбаштыгыда кыргыз жигиттери куруп калгансып
Shahrizada97,андай кыздардан кыргыз жигиттерин КУДАЙ САКТАСЫН !!!
шейхтердин жашоосун элестетиптир да байкуш кыз
Ушул кыз башка кыздарга сабак болуш керек! Чубак ажы айтмакчы кыз бала эрге тиерде жана сийиерде козу каранылашып калат деп !жаш кыздын козу каранылашканго!!!
Силерге бул да жетишпейт турк тажик десе жабышып аласынарго кавказдардын ххх сайытарынан коруп жатабыз кинонорду. Ирас болуптур ата энесинин боштугу.
iliaz-sng,киного да тартыла баштадыбы кыргыз кыздары ???
Бир макалды эстей албай койдум мааниси:" Сынчынын ... майрык" дегендей коомдогу ар кандай терс корунуштордун арабызда кобойуп жатканы жакындарыбызга кайдыгерлик кылып калганыбыздан кабар бергендей. Сиз таза болсонуз, биз таза болсок анан ...
Саламатсызбы? Мен азыр 19 жаштамын. Мен тороло электе ата энем ажырашып кетишкен экен. Ошондон улам менин фамилям тайкемдерге жазылып калгам.Мен фамилиямды оз апамдын фамилиясына кантип откоро алам. Бирок ал Россиянын жараны?
kyrgyzka96, саламатсызбы!
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Кечиресиз админ ал жактан жоното албай жатам
Турктордун сериал кинолорун коруп жаман ойунда кенандашдай деп ойлоду да.
кантип суроо берсем болот Юристке?
ilyaz007, саламатсызбы!
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.