Мезгил үнү
Учурда Европадан келген эски кийимдерди саткан Сэконд- хенд деген аталыштагы дүкөндөрдүн саны көбөйүүдө. Баарынан да “келиңиздер, арзан жана сапаттуу кийинип кетиңиздер” же “Жаңы жылга карата жаңы арзандатуулар” деген көрнөктөр көпчүлүктү кызыктырса керек.
СЭКОНД-ХЕНДДИН ПАЙДА БОЛУШУ
«Сэконд-хенд» деген сөздү уксак эле оюбузга эски кийим-кечек деген түшүнүк келет. Ал эми Европада бир гана кийим-кечек эмес, колдон-колго өткөн буюмдардын баары эле сэконд-хенд деп аталат. Мисалы, Кыргызстандын көчөлөрүнө батпай бара жаткан машиналардын да көбү сэконд-хенд. Сэконд-хенддин бизнеске айланып кетишине Европа өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүп-өсүшү түрткү болгон. Адамдар байыган сайын гардеробдорун алмаштыруу үчүн эски кийимдерди таштандыларга ыргыта башташкан. Мындай кырдаалдан пайдаланып, элдин арасынан ташталган кийимдерге экинчи жашоо тартуулоочу адамдар чыга башташкан. Алгач мындай кийим-кечектер оор кырдаалды кечирип жатышкан Африканын Ангола, Зимбабве, Замбия, Мозамбик, Уганда, Конго, Кения, Танзания, Нигерия жана башка өлкөлөрүнө кайрымдуулук иретинде таратылган. Бара-бара мындай кайрымдуулук иштер бизнеске айланып, атайын уюмдар уюшулган. Бул уюмдар эски буюмдарды анча-мынча акчага сата башташкан. Мындай дүкөндөргө мамлекет тарабынан эч кандай салык салынган эмес.
БААРЫ ЧОГУЛТУУДАН БАШТАЛАТ
Сэхонд-хенд үч жол менен чогултулат. Биринчи түрү үй-бүлөлүк деп аталат. Атайын уюмдардын кызматкерлери үймө-үй кыдырып чогултушса, кээ бир адамдар уюмга кийимдерди почта аркылуу бандероль менен жөнөтүшөт.
Ал эми кийинкиси – контейнерлик жол. Мында ар бир шаарга чоң контейнерлер орнотулат да, ага эл эски буюмдарын ташташат.
Үчүнчүсү – мектеп окуучулары тарабынан чогултуу болуп саналат.
Мындан сырткары сэконд-хенддин товарлары машина ташып бизнес кылгандар аркылуу да келет экен. Алар машиналардын кузовдоруна кийим-кечектерди толтуруп ала келишет. Мындай жол кыргызстандык ишкерлердин брендине айланган.
СЭКОНД-ХЕНДДИН КИЙИМДЕРИНЕН ТЕРИ ООРУЛАРЫ ЖУГУШУ МҮМКҮНБҮ? Бул суроого жооп табуу үчүн Бишкектин так борборунда жайгашкан дүкөндөрдүн бирине баш бактык. Баш бакканыбызда эле кандайдыр бир жыт бар экени байкалды. “Кандай жардам көрсөтө алам? Бүгүн бизде 50 пайыз арзандатуу болуп жатат” деп кайрылган кызды маекке тарттык.
«Негизинен, биз Даниядан мүшөктөлүп келинген кийимдерди сатабыз. Мүшөктөр ачылгандан кийин кийимдерди үтүктөп, бөлүштүрүп илүү – биздин милдетибиз. Анан ар бирине сапатына карап бааларын коёбуз.
Бул кийимдерден оору жугат деп кооптонуунун кереги жок. Себеби эски буюмдар бизге жөнөтөрдөн мурун сөзсүз санитардык тазалоолордон өткөрүлүп, дезинфекцияланат. Башкача айтканда, ар кандай курт-кумурскалардан (кене, бит), жагымсыз жыттардан арылтуу максатында атайын кошулмалар кошулуп кайнатылат».
БААЛАР КАНДАЙ КОЮЛАТ?
Алынып келинген кийимдер 3кө бөлүнөт. STOCK – булар жапжаңы, кийилбеген кийимдер. Булардын баасы 300 сомдон жогору турат.
Экинчи топ LUX, EXTRA – башкача айтканда, бир эки жолу кийилген кийимдер. Булардын баасы 100-200 сомдун тегерегинде болот.
Ал эми үчүнчү топ – чоюлуп, жыртылып, күйүп калган кийимдер. Булар таразалап тартылгандыктан, “Үчүнчү сорт” деп аталат. Мындай кийимдердин килограммы 20 сомдон жогору. Ал эми сырткы кийимдер кымбатыраак келип, баасы 500-5000 сомдун тегерегинде. Бирок мындай кийимдер кампага келип түшөрү менен таланып кетет. Керек болсо чоң-чоң дүкөндөрдө илине турганын да сатуучу кошумчалай кетти. Болгону, этикетка тагып, баасын асманды чапчытып коюшат экен. Ошондой эле сатуучулар жаңы товар келери менен такай кардарларына чалышат. Алар келип тандап алышкандан кийин гана калгандары сатыкка чыгарылат.
Баа коюуда кийимдердин кайсы өлкөдөн алынып келингенине жана чыгарган фирмасына да карашат. Мисалы, Англиядан алынып келингендер көбүнчө табигый материалдардан тигилгендиктен, бир кыйла сапаттуу. Ошондуктан баасы кымбат болот экен. Ал гана эмес, байпактардын, ички кийимдердин өз кардарлары бар.
Мындан сырткары бут кийимдерге да суроо-талап көп. Бут өлчөмү чоңдор өзүнө жарашыктуу кылып таап алса болот. Негедир европалыктардын буттары 39 өлчөмдөн чоң болот экен.
“НАМЫСТАНУУНУН КЕРЕГИ ЖОК”
Сэконд-хенд тармагындагы дүкөндөрдү кыдырып жүрүп, балдарына кийим алып жаткан Нурила эжени кепке тартканыбызда буларды айтып берди:
– Балдарымдын бешөө тең мектеп окуучулары. Жолдошум экөөбүздүн тапканыбыз кийим-кечек эмес, тамак-ашка араң жетет. Бул жерден арзан, анан сапаттуу киймдерди таба аласың. Үйгө барарым менен кайнатып, жууп тазалайм. Андан кийин кыскартчусун кыскартып, балдарыма чактап тигип кийгизип коём. Бир жолу улуу кызым үйгө ыйлап келди. Көрсө, курбулары “сэконд-хендден кийинесиң” деп ызалантып коюшуптур. Ошондо аябай жүрөгүм ооруган болчу. Кийин кычырап кийинген айымдардын, белгилүү ырчылардын ушул жерден соода кылганын көрүп, балдарыма намыстануунун кереги жок деп айтып келем. Анын үстүнө, Кытайдын бир кийгенден чыкпаган кийимдерине караганда бир кыйла сапаттуу.
Ал эми дагы бир сатып алуучу күрмө сатып алып, жыртык чөнтөктүн ичине кирип кеткен алтын шакек таап алганын айта кетти.
Учурда сэконд-хенд товарлары базардагы товарлардан кем калышпай өтөрүнө ынандык. Муну кирип-чыккан кардарлардын куру чыкпаганынан эле байкай алдык.
КЫЗЫКТУУ
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg