ВЯЧЕСЛАВ ТИХОНОВдун АКЫРКЫ ӨМҮР ИРМЕМИ

Ар күнүн “Известия” гезитин окуу менен баштаган улуу актёр Вячеслав Тихонов үчүн 2009-жылдын 4-декабры акыркы күн болду. Бул күнү баарыбыз Штирлиц деп билген актёрдун ичер суусу түгөнүп, келбес сапарга узап кете берди.

Толук аты-жөнүВячеслав Васильевич Тихонов
Туулган жылы1928-жыл, 8-февраль
Каза болгон жылы2009-жыл, 4-декабрь
Туулган жери Орусия, Москва шаары
КесибиАктёр
СыйлыктарыСССРдин Эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры, көптөгөн сыйлыктардын лауреаты
Жеке жашоосуЭки жолу үйлөнгөн, 1 кыздын атасы

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

  • Тихонов баш-аягы 50дөн ашуун тасмага тартылган.
  • “Жаздын 17-ирмеми” тасмасын түстүү кылып чыгаргандарга “Нобель” сыйлыгын бериш керек” деген сөздөр болгон.
  • Чет элдик тасмаларды которуу маалында үн коштоочу болуп иштеген. Мисалы, актёр Ален Делондун үнүн дайыма коштогон.

ТИХОНОВ ДЕКАБРЬ АЙЫНДА ӨЛӨРҮН БИЛГЕН
Маалыматтарга караганда, Вячеслав Тихонов мындан 30 жыл мурун улуу көзү ачык Ванганын кабылдамасында болгон. Ванга Тихоновго “2000-жылы декабрь айында бул дүйнө менен кош айтышасың” деп суук кабар угузган. Ал айтылган мөөнөт жакындаган сайын өлүмүн күтүп, коркуп жашап келген. Жараткан аядыбы же ичер суусу түгөнө элекпи, айтор, көзү ачык айткан убакыт-саат да өтүп, улуу актёрдун өмүрү андан ары уланган. Вячеслав “Ванга адашып калган окшойт” деп өзүн жубаткан. Тилекке каршы, 2002-жылдын декабрь айында жүрөгү катуу кармап, инфаркка кабылат. Жакындары көз жашын төгүп аман калса экен деп турган кезде Вячеслав ооруну жеңип, жашоого кайрылып келет. Мындан кийин актёр ар жылдын декабрь айы жакындаган сайын өлүмүн күткөндөй жашап келгени маалым.

БАЛАЛЫГЫНА САЯКАТ
Вячеславдын балалыгы Дүйнөлүк экинчи согуш маалына туш келген. Ошол кезде Слава болгону 13тө экенине карабай атасына жардам берип, бир заводдо чогуу иштеген. Бош убактысында достору менен кинотеатрга барып кино көрүүнү өзгөчө жактырган. Чапаев менен Александр Невский сүйүктүү каармандары эле.
Ата-энеси баласын болочокто мыкты инженер болсо деп самаса, кичинекей Слава жүрөгүнүн түпкүрүндө актёр болууну кыялданчу. Бирок буга ата-энеси каршы болорун билип, бул туурасында эч кимге айтчу эмес.
1945-жылы жашыруун түрдө С.А.Герасимов атындагы Кинематография университетине тапшырат. Тилекке каршы, Слава сынактан өтпөй калат. Тышка чыгып алып өксүп ыйлап жатканда, бир профессор анын үнүн угуп, таланты бар бала экенин дароо эле байкайт. Ошентип, сынакка кирүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берип, келечегине жол ачкан.

ШТИРЛИЦ ЛЕГЕНДАГА АЙЛАНГАН
Тихонов студент кезинде алгач “Жаш гвардия” аттуу тасмага тартылган. Бирок бул тасма ийгилик жарата алган эмес. Табият тартуулаган келбет аны кино дүйнөсүнө аралаштырып, мыкты актёр болуусуна чоң өбөлгө болгон. Келбеттүү келишимине суктанган режиссёрлор ага башкы каармандын ролун дайыма сунушташкан.
“Жаздын 17-ирмеми” аттуу сериал болочок актёр үчүн атактуулук менен бирге ийгиликтин туу чокусун алып келген. Ошол кезде сериалды бир гана Тихонов үчүн көргөн айымдардын саны чексиз эле. Аталган сериалда Тихонов чалгынчы Исаев-Штирлицтин ролун жеткиликтүү ойной алгандыгы үчүн СССРдин Эл артисти деген сыйлыкка ээ болгон. Жакындары жана жоро-жолдоштору үчүн Вячеслав ысымы өчүп, Штирлиц деген жаңы атка конгон.

ТИХОНОВДУН БИРИНЧИ ЖАНА АКЫРКЫ СҮЙҮҮСҮ
Актёр өмүрүнүн аягына чейин бир гана айымды сүйүп өткөн. Ал өзүнөн бир жашка кичүү Юля Российская болчу. Бул тун сүйүүсү тууралуу актёр эч кимге комментарий берген эмес. Бирок журналисттер Юляны издеп таап, интервью алышкан соң баары ачыкка чыккан. Юля: “Слава экөөбүз мен 7-класста окуп жүргөндө сүйлөшүп баштаганбыз. 3 жыл кыз-жигит болуп кол кармашып жүрдүк. Ал мектепти аяктап, чоң окуу жайга тапшырып кетти. Студент болгон кезден тарта ортодогу байланышты таптакыр үзүп салды. Мунун себебин түшүнбөй көпкө кыйналдым. Анын үстүнө, кыз киши намыскөй болот да, аны издеп артынан барбадым. Угушума караганда, ошол кезде Слава Нонна Мордюкова (биринчи жубайы) менен төшөктө чогуу болуп алган экен. Нонна аны кайырмакка илип алары менен артынан ээрчип жүрүп тийип алган дешет. Бирок кийинчерээк мени издеп таап келип, кечирим сураган. Аны канчалык сүйсөм да кеч болуп калган. Себеби мени сүйгөн, мен үчүн баарына даяр болгон жолдошум, балдарым бар эле”,- деп маалымат берген.

АЯЛЫ КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛЫП, УУЛУНАН АЖЫРАП...
Тихонов курсташы Нонна Мордюковага үйлөнүп, 1950-жылы экөө Владимир аттуу уулдуу болушат. Экөө тең чыгармачыл чөйрөдө кызмат өтөшөт. Нонна менен Вячеслав 13 жыл бирге өмүр сүргөн соң ажырашууга туура келет. Буга себеп Ноннанын ала жипти аттаганы болгон дешет. Экинчи ирет француз тилинен сабак берип мугалим болуп иштеген Тамара Иванова аттуу айымга тагдырын байлайт. Экөө 1969-жылы Анна аттуу кыздуу болушкан.
Вячеславдын жашоосунда эң чоң жоготтуу бул – уулу Владимирден айрылуусу эле. Анткени баласы 40 жашында каза болуп калат. Ошондо "ажал уулумду эмес, мени алып кетпейт беле деп боздогон" дешет. Уулу өз өмүрүн өзү кыйган. Доктурлардын айтымында, ашыкча өлчөмдө баңгизатын колдонуудан улам жүрөгү токтоп калган экен.

АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ
Штирлицтин ролун ал жөн жерден аткарып калбаса керек” деп айтышат жакындары. Анткени Вячеслав бир гана сахнада эмес, жашоодо да мыкты чалгынчы болгонун эскеришет. “Аз сүйлөп көп иштеп, өзүн табышмактуу алып жүргөн инсандын көзүнөн айтылбаган көп сыр бар экени байкалып турар эле” деп эскеришет кесиптештери. Ал эми актёрдун кызы Анна атасы тууралуу: “Атамдын жанында болгон учурларда андан кандайдыр бир бейкуттуктун аурасы сезилип турар эле. Анын дүйнө салып кеткенине азыркыга чейин ишенбей жатам. Мурункудай эле дачасында кыбырап жүргөндөй туюла берет,”- деп баяндайт. Тихонов акыркы күндөрүн дачасында эски тасмаларды көрүү менен өткөргөн. "Төрт небереси конокко келгенде чарбагынан алма үзүп, аарчып бергенди жакшы көрчү" дешет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан