– Полот хандын саясий ишмердүүлүгү 19-кылымдын экинчи жарымына туура келет. Исхак Асан уулу 1844-жылы Кокон хандыгына таандык Маргалаӊ аймагындагы Охна кыштагында туулган (азыркы Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков атындагы кыштак). Теги – кыргыздын ичкилик уруусунун бостон уругунан. Атасы Асан молдо хандыктагы медреселерде жана мектептерде сабак берген. Мударистик кылып жүргөн Асан молдо уулу Исхакты өзү менен кошо ала жүрүп, сабатын ачып, медреседен окуткан. Кийин ал Маргалаӊдагы «Ак медресеге» которулганда Исхак да кошо келип окуусун уланткан. Исхак молдолуктан сырткары соода-сатык иштери менен да алектенген. Анын хан болуп калуу тагдыры тарыхтагы чанда кездешчү окуя. Тактап айтканда, 1865-75-жылдар аралыгында Кокондо Кудаяр үчүнчү жолу хан болуп такка отурат. Элге көрсөткөн зулум саясатына чыдабай Шер датка башында турган бийлер Кудаярдын ордуна тактыга мураскор издөөгө киришет. Ал мезгилде чыгышта тактыга Чыӊгыз хандын урпагы келиши керек деген принцип болсо, Кокондо миӊ урпагынан болушу керек деген норма сакталып турган. Ошол себептен көтөрүлүштүн уюштуруучулары Самарканды мекендеген, миӊ уругунан чыккан Алим хандын урпагы Полот бекке хан катары баштоосун сунушташса, ал бул милдетти аткаруудан баш тартат. Тилеги орундалбаган өкүлдөр келатып Ташкенге жакын жерден Абдымомундун (Чаткалдан чыккан Момун Шамурзак уулу, Абдымомун 1873-74-жылдар аралыгында Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири) үйүнөн Полот бекке окшош жигитти көрүшөт. Ал Исхак Асан уулу (тарыхта Полот хан) эле. Ага эгемендик үчүн күрөштү хан катары баштап берүү сунушун киргизгенде, айныбай макул болот. 1873-жылы 29 жаштагы Исхак азыркы Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында хан көтөрүлөт. Жүрүштү Чаткалдан баштайт. Анын саясий ишмердүүлүгүн эки бөлүккө бөлүп кароого туура келет. Биринчиси, анти феодалдык көтөрүлүш же Кокон хандыгына каршы күрөш. Экинчиси, 1875-76-жылдары орус империясынын Коконду каратуусуна каршы жасаган аракети. 1875-жылы 28-августта Коконго орус аскерлери кирип, Кудаяр хандын баласы Насирдин менен К.П.Кауфмандын ортосунда келишим түзүлөт. Сыр- дарыянын оӊ жээгинде жайгашкан Наманган, Чуст орустарга берилип, Наманган бөлүмү түзүлүп, М.Д.Скобелев ал жерге башчы болуп дайындалат. Ошол эле жылдын 27-сентябрында Исхак Асан уулу экинчи жолу хан көтөрүлүп, 9-октябрда Коконду ээлейт. Орус бийлиги менен дипломатиялык алака түзүү үчүн Кауфманга өкүлчүлүк жиберет. Бирок ал Полотту хан катары тааныбай коёт.
Скобелев баштаган согуш отряды Коконду согуштук жол менен каратууга киришет. 1876-жылдын 9-январында Андижанды каратууда 20 миӊге жакын адам өлөт. Өлүктөрдү эч ким албагандыктан 3 күндүн ичинде жыттанып, карга-кузгун жеп, айрымдарын сууга ыргытышкан деген маалымат орус булактарында жазылып калган. Орус аскерлери курал жагынан күчтүү келгендиктен, Полот хан аскерлери менен Алай тарапка качууга аргасыз болот. 1876-жылы 19-февралда Кокон хандыгы жоюлуп, анын ордуна Орусия империясынын Түркстан генерал-губернаторлугуна караган Фергана облусу түзүлгөн. 1876-жылдын алгачкы айларында Исхак Асан уулу – Полот хан аскерлердин колуна түшүп, орус абагында кармалып турган. Ошол эле жылдын 1-мартында аны Маргалаӊда дарга асышкан.
Төлөнбай Абдразаков, журналист: «ПОЛОТ ХАНДЫ ЭКИ ЖОЛУ ДАРГА АСКАН ДЕШЕТ»
Полот хандын бейити эл оозунда айтылган маалыматтарга караганда Өзбекстандын Фергана облусунун Ахунбабаев районундагы Эшен гузар айылында. Бул жерге барып баатырдын арбагына багыштап Куран түшүрүп, көзү менен көрүп келген журналист Төлөнбай Абдразаков буларга токтолду: – 2005-жылы Кадамжай районунун борбору Пүлгөн айылында Исхак Асан уулуна эстелик тургузганда Өзбекстандын Фергана облусунун Ахунбабаев районунан келген Мурат аттуу ажы Полот хандын мазары Эшен гузарда деп айткан экен. Журналисттик ишмердигим менен Эшен гузарга барып, маалымат алып кайттым. Ал жер «Пулат хан маалеси», «Пулат хандын мазары» деп айтылып калыптыр. Мурат ажынын жана туугандарынын айтуусунда, 1876-жылы жазында Исхак Маргалаӊдын борбордук базарында даргага асылат. Ажал алдында турган хан бешим намазын окуп алууну суранат. Биринчи ирет асканда дардын жиби үзүлүп, аман калат. Мындай учурда шарт боюнча тирүү калыш керек болчу. Бирок генерал Скобелев кайрадан дарга асууга буйрук берет. Анын сөөгү эч кимге берилбейт. Хандын өтө жакын адамдары түн ичинде анын сөөгүн кайтаргандарга ири тартуу беришип, сөөктү сатып алышат. Алар Эшен гузардагы мечитке алып келип сууга алышат да, эски мазарга алып келишип, кийин тапканга жеӊил болуш үчүн бий алманын түбүнө жашырышат. Полот хандын адамдары өздөрүнүн изин жашыруу үчүн туш тарапка тарап кетишкен экен. Мурат аксакалдын чоӊ атасы Полот хандын сөөгү коюлган мазардын айлана-тегерегин тосуп, өмүрү өткөнчө ага көз салып жүрөт. Өлгөндөн кийин өзү да ошол мазарга, баатырдын жанына коюлат.
Мурат ажынын атасы карып калганда балдарына «бул мазарга Полот хандын сөөгү коюлган. Мен көз жумганда мени хандын жанына койгула» деген керээз айтат. Атасынын айткан керээзин Полот хандын урпактарына жеткирүү үчүн Мурат ажы атайын Кыргызстанга келген. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар Полот хандын мазарын ыйык, сыйынуучу жай катары эсептешет.
Султан Төрөбеков