ЖАСМИНДИН 6 АЙЛЫК БОЮНДА БАРБЫ?

ЖАСМИНДИН КЕНЕН КӨЙНӨК КИЙГЕНИНИН СЫРЫ
Эсиңиздерге салсак, мындан бир нече ай мурун Жасмин күйөөсү Вячеслав Семендуев менен чырдашып, жолдошунан катуу токмок жеп, оор абалда ооруканага жет­кирилгендиги тууралуу гезит-журналдарга жарыяланган эле. Эми ырчы кайрадан көпчү­лүктүн көңүл борборунан орун алды. Учурда ырчы Араб Эмиратында теле-шоуга тартылууда. Ырчынын кош бойлуулугу көпчүлүккө теле-шоунун съёмкасында байкалган. Анткени, ырчы съёмкага ичин жашыруу үчүн кенен көйнөк кийип жана съёмкага белине чейин гана тартыла турганын айткан. Ушундан уламбы, айтор, Жасмин коомчулукка көп кө­рүн­бөгөнгө аракет жасоодо. Ырчы айым 1-сентябрда уулун мектепке ал­пар­ганда анын курсагы такыр байкалган эмес. Ал эми андан бир ай өткөндөн кийин «Новые песни о главном» программасынын съёмкасына барганда курсагы кадимкидей билинип калган. Ошондон кийин ырчынын күйөрмандары жана кесиптештери күмөн санай башташкан.

ЖАСМИНДИН БОЛОЧОК БАЛАСЫНЫН АТАСЫ ӨЗҮНҮН ЭКС-БИЙЧИСИ
Кээ бир маалыматтарга таянсак, ырчы айым кү­йөөсү менен жашап жүргөндө эле өзүнүн бийчиси Андрей Гасаненко менен көңүлдөш болуп келген. Ырчынын болочок баласынын атасы да Андрей деп айтылууда. Жасмин экс-күйөөсү Вячеслав менен ажырашып, мүлктөрүн бөлүшүп жүргөн кезде Андрей элдин көңүлүн бурдурбоо максатында Москвадан убактылуу көрүнбөй калган.
Учурда Жасмин Москвадагы концерттерге катышуудан баш тартууда. Ал эми Россиянын башка шаарларына жана жакынкы чет өлкөлөргө гастролго чыгуудан тажай электигин билдирүүдө. Ырчы айым азыр кайда барбасын аны дайыма Андрей коштоп жүрүүдө. Учурда да Андрей Жасмин менен Араб Эмиратында жүрөт.
Жасмин Ереванга гастролдоп барганда анын кош бойлуулугу көпчүлүккө байкалган. Ырчы айым сахнага чыгаар алдында колготки кийип, аны төшү­нө чейин тартып алган. Бул да болсо курсагын жашыруунун аракети болгон. Ал эми пресс-конференция өткөрүү алдында ырчы алдын-ала журналисттерге өзүн сүрөткө тартып алууга тыюу салган. Анткени, ырчы профессионалдуу сүрөт­чүлөр анын азыркы абалын толук чагылдырып берип коёорунан корккон. Анан дагы кош бойлуулугу тууралуу журналисттердин суроосунан коопсуздандыбы, айтор, Жасмин пресс-конференция башталаар алдында аны токтотуп койгон. Ал жерге барган журналисттердин айтымына караганда, ырчынын ошол учурда көңүлү айнып кеткендей болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан