Сиздердин сурооӊуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун директору, профессор АКЫЛБЕК УСУПБАЕВ жооп берди.
«ЖУМУРТКАЛАРЫМ БИР ЖАКТА...»
– Башынан эле менин 2 жумурткам теӊ бир жакта жайгашкан. Балдардан жумурткалар эки тарапта болот деп угуп, менде эмнеге андай эмес деп ойлоп жатам. Досторум кемчилигиӊди операция жолу менен гана калыпка келтирсе болот дешет. Ушул туурабы?
Сали, 16 жашта, Бишкек
– Жумурткалардын бир жакта болуп калышы тубаса. Мындай учурда сөзсүз операция жасалат экен деп коркуунун кереги жок. Болгону урологго барып, анализге урук клеткаларын (спермограмма) тапшыруу керек. Андан урук клеткаларынын бар же жок экендиги, ошондой эле алардын кыймылдуулугу текшерилет. Эгер баары жайында болсо, жумурткалар бир жакта экенине карабай эркек кийин балалуу боло берет. Жумурткаларды ордуна келтирүүнүн, башкача айтканда, операциянын кереги жок.«МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМИ ЖОК АДАМ БАЛДАРДЫ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗСА МАЙЫП КЫЛЫП КОЁБУ?»
– Учурда кичине балдарды медициналык билими жок адамдар деле сүннөткө отургузуп жатышат. Врачтар болсо «аларга алып барбагыла» дейт. Чындап эле туура эмес отургузуп коюп, балага зыян келиши мүмкүнбү?
Айжан, 34 жашта, Ош
– Алардын медициналык билими жок болгондуктан, балдарды отургузганга акысы жок. Анын үстүнө колдонгон шаймандары атайын тазалоодон өтпөгөн. Андайларды соттош керек. Айрым балдар жыныстык жактан тубаса оору менен төрөлөт. Медициналык билими жоктор баланы билбей отургузуп, аны түбөлүк майып кылып коюшу ыктымал. Врач болсо баланы алгач текшерип, оорусу болсо отургузууну эмес, дарылатууну сунуштайт. Оорудан улам отургузууга мүмкүн болбогон балдардыкын ырымдап гана кесип коёт.
«БАШЫ КИРДЕГЕНИ ЭМНЕСИ?»
– Жыныстык мүчөмдүн башына дайыма ак өӊдөгү кир топтолуп калат. Жуусам кайра эле пайда болот. Эмне кылсам болот?
Бакы, 18 жашта, Ош
– Медицинада ал ак кир «смегма» деп аталат. Аны жыныстык без иштеп чыгарат. Андыктан жыныстык мүчөнү күн сайын самындап жууш керек. Болбосо ал жерге микробдор топтолуп, сезгенүү пайда болот.
«УМАСЫ ЧОӉОЮП БАРАТАТ...»
– Учурда 8 айлык эгиз баламдын биринин умасы (урук бези туруучу калта) чоӊоюп баратат. Мурун бир жолу текшертсек хирург «ичинде суу бар» деген. Шартыбыз болбой дарылаткан эмеспиз. Эми аны кантип дарылатабыз? Умада суу эмнеден улам пайда болот?
Жыпара, 34 жашта, Кадамжай
– Балаӊызга дароо операция жасатуу керек. Болбосо кийин жыныстык жактан шал, анан тукумсуз болуп калат. Умага суунун толушу медицинада «гидроцеле» деп аталат жана бир нече себептерден келип чыгат: тубаса түрү, мында ич көӊдөйү менен уманын ортосундагы каналча жабылбай калат; жаӊы төрөлүп жатканда умасы жаракатка (соккуга) дуушар болсо; баланы бешикке бөлөгөндө шимекти туура эмес коюп, умасы кысылып калса жана башка.
«БӨЙРӨК ЭМНЕГЕ УБАКТЫЛУУ ИШТЕН ЧЫГАТ?»
– Өнөкөт оорусу жок адамдын бөйрөгү убактылуу иштен чыгып, аппаратка жатып калуусу мүмкүнбү?
Сапар, 30 жашта, Бишкек
– Мүмкүн, муну төмөнкүлөр шарттайт:
Бөйрөккө терс таасирин тийгизген кээ бир уулуу заттар организмге көп өлчөмдө кирип кеткенде (сымап, мышьяк);
Дары-дармектен, ичкилик менен тамак-аштан, уксустан катуу ууланганда;
Канды көп жоготуудан жана башкада.
Мындайда адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, аппаратка жаткырылат. Бөйрөгүнүн иштеши калыпка келгенде чыгарылат.
«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg