Мындан бир нече күн мурун борбор калаабыздын Келечек жаӊы конушунун 37 жаштагы тургуну кошунасынын 5 жаштагы кызын зордуктады деп шектелип кармалган эле. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы наристе кыздан эч кандай зордуктоонун же кандайдыр бир күч колдонуунун белгилерин тапкан эмес.
«КЫЗЫН ЖАМАН ИШКЕ КОЛДОНУП ЖАТКАН ЭНЕГЕ ТҮШҮНБӨДҮМ»
«Агам жалаа менен кармалып, абакта отурат», - деп бул кылмышка шектелип кармалган Нурбек Мамбеталиевдин иниси Чынарбек редакциябызга кайрылды.
– Агамды 21-март күнү наристе кызды зордуктадыӊ деп милиция кызматкерлери кармашкан. Соттук-медициналык экспертиза ал кыз зордукталбаганын аныктаптыр. Анын жыйынтыгы 30-мартта эле чыккан, бирок агамды дагы деле коё бербей жатышат.
Агам коӊшу жашаган Марапат аттуу аял менен чырдаша кетиптир. Ошондо ал аял агама «карап тур, мен сени каматам» деген экен. Агамдын үстүнөн арыз жазган Санавар деген аял Марапаттын үйүндө батирде жашайт. Кожойкесинин кызыкчылыгы үчүн Санавар 5 жаштагы кызын кантип жаман ишке колдонуп жатканына түшүнбөй жатам. 22-март күнү агам «Марапат эже жаш кызды зордуктадыӊ. 3 күндүн ичинде 15 миӊ сом алып келбесеӊ, үстүӊдөн арыз жазам деди» деп менин үйүмө келди. «Чын эле зордуктадыӊ беле?» десем «жок» деди. «Эгер кылмыш кылсаӊ, жазаӊды ал. Зордуктабаган болсоӊ эмнеден коркосуӊ? Милиция кызматкерлери деле текшерип, аныгын билип туруп анан камайт да. Ал аял кама десе эле камай бермек беле» деп үйүнө узаткам. 23-мартта түнкү саат 22:30дар чамасында милиция кызматкерлери келип, агамды кармап кетишиптир. «ЭКСПЕРТИЗА ТАЗА ЧЫКСА ДА АРЫЗЫМДЫ АЛБАЙМ»
Биз да кантип эле наристе кызын энеси ушундай жолдорго пайдалансын деп жабырлануучунун апасы Санавардын үйүнө барып, ага жолугуп жооп алдык:
– 21-март күнү күндүзгү саат 12, 13төр чамасында кызым эшикте ойноп жүргөн. Жарым сааттан кийин үйгө башкача болуп келди. Карасам колдору, чурайы кан экен. Каткыра күлүп, кайра ыйлап жатты. Эмне болду десем бизге кошуна жашаган Нурбек деген кишинин үйүн көрсөтүп, зордуктап койгонун айтты. Шок болуп кожойкем Марапат эжени чакырып келдим. Ал Нурбекке барып «Бетиӊ жок экен, Кудайдан коркпойсуӊбу? Ата-энеси билбейт, мен кыздын өзүнөн сурап билип алдым» десе, башын кармап, «эже, эч ким билбесин» деп акча сунуштаптыр. Ошондон кийин эле эшиги жабык болуп, ичинен кулпулап отуруп алышты. 23-мартта түнү көчүп кетерин билип милиция чакырдык. Мен ага таба кылбайм, ак болсо акталып чыга берсин. Анын менин кызыма кылган мамилесин кечирбейм. Экспертизадан кызым таза болуп чыкты. Гинекологго текшерттирдим. Алар да «кызга эч нерсе болгон эмес. Чурайынын четиндеги кан тамырлар жарылып кетсе керек, ошол үчүн канагандыр» дешти. Азыр психологдор текшерип жатышат.
«ОКУЯНЫ УГУП ТАӉ КАЛЫП ЖАТАБЫЗ»
Санавар айым батирде жашаган үйдүн ээси Марапат аттуу аялга жолуга албадык, балдары «апабыз жок, бул окуя боюнча апабыз эле билет» дешти.
«Ош базарындагы» жайма базарда Нурбек мырзанын жанында соода кылган Гуля айым төмөнкүлөрдү айтып берди.
– 21-март күнү Нурбек менен келинчеги эртеден кечке эле жаныбызда соода кылышкан. Бизге майрамдын урматына деп сүмөлөк ооз тийгизишти. Мен аларга нан-боорсок ооз тийгизгем. Окуяны угуп алып таӊ калып жатабыз. Антип доомат койбош керек да. Тергөөчүгө барып көргөн, билгендерибизди айтып коёлу деп ушул жерде бирге соода кылгандар сүйлөшүп жатканбыз.
«ПСИХОЛОГДОРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮҮДӨБҮЗ»
Бул ишти Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Каныбек Сулайманов карап жатыптыр. Ал буларга токтолду:
– Айыпталуучу Нурбек Мамбеталиевдин үстүнөн зордуктоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза кызда эч кандай зордуктоонун белгилери жок экенин аныктап чыкты. Эми психологдордун кыздын психикасына карата чыгарган жыйынтыгын күтөбүз. Ошого жараша бир жыйынтык чыгарабыз. Айыпталуучу окуя болгон убакта жумушта болгон деген күбөлөр бар деп анын жакындары айтышууда. Аларды жактоочу тергөөгө алып келем деген, бирок келише элек.
Эгер зордукталбаган болсо, секелек кызынын атын булгап, мындай жаман иштерге колдонуп жана бейкүнөө адамга жалаа жаап, абакка отургузуп, анын тагдыры менен ойноого кандай адамдардын жүрөгү чыдайт? Бул окуянын аягы эмне менен бүтөөрүнө биз да көз салып турмакчыбыз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg