АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА ырдаган «Роза гүлү» чыгармасын АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА жаӊыртып ырдап, клип тартуу алдында турат.
Опера ырчысы, СССРдин Эл артисти БОЛОТ МИҢЖЫЛКЫЕВдин 75 жылдык мааракесине карата Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мариинский театрында анын айкелинин ачылыш аземи болду.
Кыргыз улуттук музыка жумалыгына карата комузчу АСЫЛБЕК НАСИРДИНОВдун «Улуу көч» аттуу концерти 25-апрелде болот.