КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жазгүл Садыр менен ажырым жолго түшкөндөн кийин башка адам менен турмуш курган жок. Чиедей наристелерин алар ыйлаганда кошо ыйлап, күлгөндө кошо күлүп эрезеге жеткирди. Балдары ак-караны аӊдап, турмуштан көздөрү эрте ачылды. Жазгүл жетимдери бой жеткенче Акыл жөнүндө көп деле ойлободу. Бардар үй-бүлөдө өсүп жатат. Чоӊойгондо өзү түшүнүп алат деп жүрдү. Уулунун терс жоруктары айылдан айылга желдей тараганда кейип, «ка-ап, бекер эле бериптирмин, өзүм тарбиялаганда мындай болбойт эле» деп арман кылды. Анын мындай жолго түшүшүн эне катары карап тура албай, энелик насаатын айтууну ойлоп, ал жашаган үйгө бармакчы болду. Садыр иштери менен жүргөн. Кабагы бүркөө тартып, дүйнөнүн түйшүгүн моюнуна артып алган адамдай ойлуу келе жаткан Жазгүлдү бакка суу куюп жүргөн Жылдыз байкаган жок. Улам жакындаган сайын Жазгүлдүн жүрөгү катуу согуп, чекесинен тер кетип, денесин калтырак басты. Үйгө жакындай бергенде көлөкөдө жаткан дөбөт киши келе жатат дегенсип үрүп койду. Жылдыз жанында турган адамды көрүп саамга селейе катты да, көзүнө ишенбей:
– Жазгүлсүӊбү?- деп суроолуу карады.
– Ооба, менмин. Эмнеге келди деп турасызбы?
– Амансыӊбы, балдарыӊ чоӊоюп калгандыр? Үйгө кирип сүйлөшөлү,- деди сылык сүйлөп.
– Өзүӊөрдө баары жакшыдыр?- деп ооз учунан жооп узатты. Уулунун ичип келгенин жашырып, «атасына жардамдашам деп таӊ атпай чөп жыйнаган эле, чарчап уктап жатат. Садырдын жаны жай албай тоого малга кеткен»,- деп суроонун алдын ала жооп узатты. Үйүнө түз качырып келгенине түшүнбөй, түркүн ойго жетеленип турганда сөз башталды.
– Акыл тууралуу сүйлөшүүгө келдим,- дей бергенде:
– Анын эмнесин сүйлөшөсүӊ?- деп оозунан кебин жулуп жооп кайтарды.
– Туура тарбия бере албагандан кийин эмнеге талаштыӊар эле?! Силердин көзүӊөргө акча эле көрүнөт. Баланы бузуп бүттүӊөр!- деп ачуусу менен балп эткизе айтып
салды.
– Тарбияны сенден сурабайм. Өз балама кандай тарбия беришти өзүм билем! Азыр ал жаш, убакыт өтсө өзүн колго алат!- деди деми кысылып.
– Толготуп төрөп койгонсуп сүйлөйсүӊ да!
– Төрүмдө отуруп минтип айтууга кантип дитиӊ барды? Баланы тырмактайынан чоӊойттук!
– Көрүп турам чоӊойтконуӊарды, эмне үчүн жашаганыӊарды деле түшүнбөйсүӊөр!- деди.
–  Акыл үчүн жашап жүрөбүз. Жылдыз актанып жиберди.
– Жаштайынан ичип, тескери жолго түшүшүнө жол бердиӊер! Келечеги мага маанилүү, алып кетем!- деп жулунду Жазгүл.
Экөөнүн ортосунда талаш күчөп, алардын жаман-жакшы айтышы Акылдын уйкусун бузду.
– Уф-ф, дагы эмнени башташты? Булардын талашы бүтпөс болду го,- деп чыга бергенде:
– Акылды алып кетем!- деген чоочун аялдын үнү угулду. Мени мынчалык талашка алган ким болду экен деп аялдар отурган бөлмөгө кирип келди. Аны көрөрү менен бөлмө жым боло түштү.
Үн катпай туруп калган баласына:
–  Үйгө келген киши менен учурашпайсыӊбы?- деди билмексен болуп. Кызыл эт кезинде таштап кеткен уулунун зыӊкыйган жигит болуп маӊдайында турганын көрүп, эт жүрөгү туйлап кетип:
– Акыл, балам!- дегенде Жылдыз шашылып, ашыкча сөз чыгып кетпесин деп чый-пыйы чыгып:
– Балам, картошкага суу коюп койгом, карап койчу,- дей салды. Акыл босогодон чыга берерде кайрадан «балам, мен сени алып кеткени келдим» деген бейтааныш аялга:
– Сиз кимсиз өзү?- деди кабагын түйүп.
– Мен сенин апаӊ болом.
– Менин сиздей апам жок. Мен билген бир эле апам бар. Ал азыр маӊдайыӊызда отурат,- деп кесе сүйлөдү.
– Мен сени...
– Эмне мени? Төрөп таштап кеткем дейсизби?!
– Жо-ок.
– Анан эмне? Апам болсоӊуз ушуга чейин каякта жүрдүӊүз?!- деди ызырынып. Жылдыздын үшү түшүп шалдырап эле отуруп калды да, «апам маӊдайыӊызда отурат» дегенде эсине келгендей болду.
– Эже, сиз кете берсеӊиз болот, мындан кийин биздин тынчыбызды албаганыӊыз жакшы,- деп Акыл чыгып кетти. Өз канынан бүткөн уулунун сөзү эне жүрөгүнө октой тийди. Көз жашын көлдөтүп үйдөн чыгып баратып:
– Баланы дагы өзүӊөрдөй тарбиялаптырсыӊар?! Убал-сообу силерге!- деди эле, Жылдыз ага жооп кылып:
– Жөн келип, жөн кетсеӊ боло. Үстүӊө үй, корооӊо мал бердик. Балдарыӊ менен сары суу ичкен күндөрүӊ эсиӊде болсо керек? Жазгүл аялуу жерин тырмап салгандай селт этип:
– Ач-ток болсок да балдарымды өзүм чоӊойттум. Сага окшоп бирөөнүн баласына көзүм түшүп, зар болгон жокмун,- деди да, үйүн көздөй бет алды.
Бүгүнкү күйүт Акылды жайына койчудай эмес. Кеч кирери менен адаттагыдай көчөгө чыкты. Ачууну ачуу менен басууну ойлоп дүкөнгө кирди. Ал жерде кумарчылар арак ичип отурушкан. Кеӊеш менен Искен баланын арак алып жатканын көрүшүп, чырагына май тамгандай кубанышты.
–  Акыл, бери кел. Жалгыз ичмек белеӊ?- деп бырс эте күлүмүш болду Кеӊеш. Азыр барам дегенчелик ишарат кылып башын ийкеп, бөтөлкөнү жогору көтөрүп койду. Дүкөнчүнүн «барбай эле кой» деп көзү менен ымдаганына баам салган жок. Утурумдук азгырыкка алданып жүргөн баланы өз куралындай пайдаланууну ойлогон Искен «бөтөлкөнү буз!» деп корс этти. «Эмне, атаӊдын акчасын аяп жатасыӊбы? Кутусу менен эле алып кел!» дегенде кошомат кылып жанындагылар калп күлүштү. Өзүн ыӊгайсыз сезип, «акелер, менин атымдан ичип коюӊуздар» деп кетүүгө камынды.
– Каякка барасыӊ, иничек? Же бизди киши ордуна көрбөй турасыӊбы? Азыр сен арак аласыӊ, менин үйүмө барып куурдак менен ичебиз. Куру эле иче берип ич ачышып
бүтмөй болду. Куурдак менен ичип, кумар ойноп чер жазалы,- деди Кеӊеш. Улуу кишилер менен барууга көӊүлү тартпай чөнтөгүнөн акча чыгарып, «менин атымдан ичимдик алып коюӊуздар» дегенине көнүшкөн жок. Колго түшкөн коёнду ким эле коё берсин? Бардыгы жабыла:
– Эй, бала, акчаӊ көп болсо ката тур. Азыр карта ойнойбуз. Дүкөндөн убап-чубап Кеӊештин үйүнө келишип, карта таратып кумар ойной башташты. Бөлмө ичи түтүн, улам тамеки тартышат. Бири «мен мынча сом койдум» десе, экинчиси «мен жаптым» деп жатышты. Бир убакта башын жерден албай тамекини дембе-дем тарткан, өӊү күнгө күйгөн кара киши четте отурган балага:
– Эй, бөлтүрүк, бул жерге жөн киши келбейт. Акыл жооп бергенче:
– Ал үйрөнүп жатат,- деди Кеӊеш.
– Карап үйрөнмөк беле, отур катарга!- деди да, картаны кайрадан таратышты. Бирине бири көз кысып, менде жок деп картаны жаап салышты. Алардын ою утулумуш болуп, аны кызыктыруу керек эле.
– Эй, жигит, сенин колуӊан жакшы чыгат турбайбы? Чөнтөгүбүздү кактап алдыӊ,- дешти. Анда ал кылтакка түшкөнүн кайдан түшүнсүн, уткан экенмин деп дардаӊдап, акчаны чөнтөгүнө салып алды.
– Бүгүн утуш сеники болду, жигит. Биз акча чогултканда кайра кездешебиз. Кийинки оюнга катуураак камынып кел. Антташабыз, шерттешебиз. Кумардын шарты ушундай,- деди мыйыгынан күлгөн Кеӊеш...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
nuris208
2015-05-04 11:00:00
Карышкырларга жем болот экен да
0
Ledi89
2015-05-04 11:59:12
Ушинтип Садыр менен Жылдыздын байлыгын чачат экенда.
0
azia9393
2015-05-07 18:12:19
Ledi89,
0
s9zen098
2015-05-04 16:11:13
Жылдыз туура эмес кылган экен. Жокчулукта болсо да оз энеси тарбияласа атасы карыганда карайлап, жол карап калбайт беле
0
kg_egizder
2015-05-05 09:08:23
Эх адашпаган адам жок, балким пешенеси ушундайдыр
0
jakka.9999
2015-05-05 14:56:20
ээх бироо балага заар бироо энеге зааар дагы бироо акчага заар бул жашоо ушунусу менен кызык экенда корсо
0
adusi9
2015-05-05 20:49:37
дагы бир жума кутмой башталдыыыы
0
kanyshaikg
2015-05-05 23:02:54
Эми кызык башталыптыр
0
roza.90
2015-05-06 02:33:35
Ошон учун бир баланын козун карабай,кудай берсе торош керек 3-4ту.
0
pirim77
2015-05-06 17:29:38
кызыксыздай. ар жумада уланышы толук жазылбай эле свежий быщырып аткандай
0
Eureka
2015-05-07 11:58:20
Эх кумарчылар жаш баланы андышкан...
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан