Исхак Асан уулу (Полот хан) тууралуу өткөн саныбызда кеп козгоп, тарыхчылардын изилдеген маалыматтарын жарыялаганбыз. Бул ирет баатырдын түздөн-түз урпагы болгон Айтбүбү апа менен байланышып, түпкү атасы тууралуу сөз кылдык.
– Мен Полот хандын чөбөрөсү болом. Бабабыздын биринчи жубайы Бүбүайша болгон экен. Андан Назар аттуу уулдуу, Мария деген кыздуу болушат. Экөө бир тууган экенине карабастан куда болушуп, чоӊ атам уулу Сатарга бир тууган эжесинин кызы Баринсаны алып бериптир. Ошондуктан аны Мария таене дечүбүз. Ал киши 97 жашка чыгып кайтыш болду. Санжыраны укмуш билчү. Өмүр бою атамдын мазарын көрсөм, Куран окусам деп жүрүп көзү өтүп кетти. Кайсы жерге жашырылганы алар үчүн табышмак болуп кала берди. Союз мезгилинде чоӊ атам «биз хан тукумунан болобуз. Заман өзгөрүлүп, тарых изилденсе Полоттун урпагыбыз деп айткыла. Азыр Исхактын тукуму болобуз десеӊер камап жок кылат. Бул тууралуу эч кимге ооз ачпагыла» деп чочулап турчу. Ошондуктан биз Полот хандын урпагыбыз деп ачык айта алган эмеспиз. Тарыхчылар урпактары калган эмес деп жазып жүрүшкөнүнүн себеби да ушунда болсо керек.
Бабамдын (ред. Исхак Асан уулу) эки жубайы болгонун көпчүлүк биле беришпейт. Экинчи энебиз Кайры тажик улутунун кызы болуптур. Ал жубайынан Ырыс, Казак аттуу эки уулдуу болушкан экен. Анын небере-чөбөрөлөрү Кадамжай районунун Охна айылында жашап жатышат. Чоӊ атам менен таенемдин изги тилегин биз ишке ашырып, 2007-жылы Өзбекстандын Фергана облусунун Ахунбабаев районундагы Эшен гузар айылына барып, бабамдын мазарына Куран окутуп келдик. Жергиликтүү тургундар ал жерди ыйык жай катары кабыл алышат экен. Жара-чака чыккан жаш балдарга мазардын топурагынан сүртүшсө, бат эле айыгып кетет дешти. Мен азыр 80 жашка чыгып калдым. Абышкам экөөбүз 5 уул, 2 кыздуу болдук.
40 небере, 16 чөбөрөнүн чоӊ энесимин.Кокон ордосу. Жалпы аянты 4 гектар. Сарайдын баштапкы узундугу 138, туурасы 65 метр келип, 119 бөлмөлүү болгон. Ордого кире бериш жерде «Улуу Саид Мухаммед Кудаяр хан» деп араб алфавитинде жазылып турат. Бүгүнкү күндө ордо оӊдоп-түзөтүүдөн өтүп, Өзбекстандын Чөлкөм таануу музейи деп аталган. Азыр анын 19 бөлмөсү калган.
Султан Төрөбеков