Тасма тартуу кыялбы же каражат табуунун оӊой жолубу? Айтор, акыркы убакта биринен экинчиси ашып тасма тартууда. Жакын арадан бери кинотеатрларда «Туугандар» аттуу кино көрсөтүлүп жатат. Аталган тасманын таржымалы тууралуу режиссёру Жумгал мырза менен маек курдук.
«ТУУГАНДАР» ТАСМАСЫ ТУУРАЛУУ
Режиссёру – Жумгал Иманакунов
Сценаристтери – Аскар Карасаев, Жумгал Иманакунов, Нурлан Найманбаев, Таалай Касымалиев
Оператору – Талант Ургазиев
Башкы ролдордо – Элдияр Желдеӊбаев, Өмүрбек Назаралиев, Чолпон Саитова, Давлет Нургазиев, Шекер Жоомартова, Эрлан Казакбаев, Канат Шабдалиев, Артык
Батилов
Тасманын узактыгы – 1 саат 24 мүнөт
Жанры – Комедия
– Тасмаӊызды «Туугандар» деп атаптырсыз. Көрөрмандарга кандай ойду берейин дедиӊиз?
– Бул тасма аркылуу айтайын деген оюбуз – биримдик, ынтымак. Бүгүнкү күндө тууган-урук, айылдаштар арасында бир туугандык мамиле солгундап баратат. «Адам – адам менен адам» демекчи, тууган жакыны, дос санаалашы менен биримдикте болушу керек деген ойду камтыдык. Айылдын жашоосу ары кызыктуу, бир чети түйшүктүү да эмеспи. Күнүмдүк эле кайталанган элет турмушун тасма ичине камтыдык. – Көрүүчүлөр сиздин тасмаӊызда айтылган ойду сиӊирип, кабыл алат деп ойлойсузбу?
– Көрөрмандар тасмадан өзүнүн айылдагы жашоосун көрө алат. Тактап айтканда, өзүн тасмадан көргөндөй элес калтырат. Анткени тасманын сценарийин жазып жатканда элеттин нукура жашоосун, андагы кайталанган кызыктуу окуяларды кошконбуз.
– Эмне үчүн комедия жанрына басым жасадыӊыз. Көргөндө мыйыгыӊдан эле күлүп койгон комедиялык тасмалар көп. Тасма өзүӊүздүн купулуӊузга толдубу?
– Сапатын жакшы кылып тартууга аракет кылдык. Тасманын кандай болгонун эл таразалап, бааласын.
– Тасмаӊыз тууралуу айтылган сын-пикирлер сиз үчүн маанилүү болсо керек. Көрүүчүлөрдөн бул жерин минтип койсоӊ болмок деген ой-сунуштар айтылып жатабы?
– «Беш кол теӊ эмес» дегендей, ар ким өз деӊгээлине жараша тасманы кабыл алат. Элдин 100 пайызына жагат деп айта албайм. Арасынан менин тасмамды жактырбагандар да чыгышы мүмкүн. Бирок азырынча андай терс пикирлерди уга элекмин. Жылуу сөздөрүн айтып, «уландысын дагы тартсаӊар болот эле» дегендер да болууда.
– Уландысын тартам деп турасызбы анан?
– Ооба, уландысын тартабыз го деп ойлоп жатам. Сценарийинин үстүнөн бир аз иштеп да койдук.
– Актёрлорду кандай жол менен тандап алдыӊыздар?
– Ар бир актёрду сценарийдеги каарманга дал келиштирип тандадык. Көпчүлүгү Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы драма театрдын актёрлору.
– Башка кинолордон эмнеси менен айырмаланат?
– Көпчүлүк тасмаларда белгилүү актёрлорду же ырчыларды тартышат. Биз бул көрүнүштөн качып, элге жүзү көп тааныш эмес театр актёрлорун тарттык. Алар өз кесибинин дасыккан чеберлери. Өз ролун ийне-жибине чейин билгендиктен, мыкты роль жаратышты. Аталган тасмада зордук-зомбулук, ичимдик ичип, тамеки тартуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү камтыган бир дагы эпизод жок. Баштан аяк мыкты юморлор менен коштолот.
– Жеке өзүӊүзгө кайрылсак. Тасма талаасында качантан бери жүрөсүз?
– Кино тармагында тажрыйбам аз. Биздин топтун бул экинчи долбоору. Биринчиси орус тилинде тартылган «Ищите профессора» тасмасы. Буга чейин жарнамалык роликтерди тартып жүрчүбүз.
– Кеп соӊунда көрөрмандарга эмне деп айтасыз?
– Турмуш чындыгын чагылдырган «Туугандар» тасмасын көрүп, көӊүл ачып кетиӊиздер!
Султан Төрөбеков
star@super.kg