Саясий жарыш жакындаган сайын партиялардын жандануусу байкалууда. Ал эле эмес, кыргыз саясатчылары жаӊы идеяларга жардыланып, айласы кеткенде бирин-бири туурай баштады. Мындан улам биз Кыргызстанда биринчилерден болуп карапайым дыйкандарга кол сунуп МТС ачкан «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевди кепке тарттык.
– Акыркы учурларда Кыргызстанда партиялар МТС ача баштады. Кандай деп ойлойсуз, ким кимдин артынан баратат?
– Биз башкаларга үлгү болуп, алардын да МТС ачып жатканы кубандырат. Айрыкча өлкө ЕАЭСке кирүү алдында азык-түлүккө баа жогорулайт. Эгерде дыйкандарга азыр жардам бербесек, күзүндө эл эмнени жейт? Биз азык-түлүк коопсуздугун эске алышыбыз керек. Мен эл менен жолугушкан жерде айтып келем. Биздин өлкөдө катталган 200 партиянын ар бири бештен МТС ачып койсо, өлкө боюнча монополисттер азайып, дыйкандарга тандоо болмок. Демек, жерди иштетүүнүн баасы дагы төмөндөмөк. Өлкөдө агрардык революция жасалмак. Ал тургай биз башка партияларга МТС ачуунун жол-жобосун көрсөтүп берүүгө даярбыз. Болгону дыйкандарга пайда алып келсе деген тилек. Ошондуктан башка партияларды биздин демилге аркылуу дыйкандарды колдоого чакырабыз.
– «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын идеяларын ишке ашыруу менен, айрым саясатчылар шайлоодо сиздерден озуп кетет деп коркпойсузбу?
– Тескерисинче, башка партиялар бизди кууп жетип, ашып кетсинчи. Биз бүгүнкү күндө
160 000 гектар жер аянтын иштетип жатабыз. Бул Талас, Баткен же Нарын облусунун айдоо аянтына барабар жер иштетилди дегенди билдирет. Жыл сайын айдоо аянтын 30 пайызга жогорулатып, план боюнча келе жатабыз. Биздин кызматты өлкө боюнча 32 500 дыйкан-фермерлер колдонууда. Бул бир гана МТС боюнча иштер. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагы боюнча мамлекеттик долбоорлор менен теӊ тайлашып калдык. Учурда
25 000 адам текшерүүдөн өттү. Бул Токмок же Талас шаарынын бүтүндөй тургундарын текшерген менен барабар. Биздин райондордо ачкан палаталар аркылуу 20 000 оорулуу сакайып чыгууда.
Жогорудагыдай жакшы иштер жасалса, андан эл утат. Эл үчүн эӊ биринчи кезекте тандоо түзүлөт.
Айрым саясатчылар шайлоо алдында жанданып, бирок бул саясий кампания бүткөн соӊ кайрадан эле ишин токтотуп коюшу мүмкүн. Биз болсо эл менен үзгүлтүксүз иш жүргүзгөн партиябыз. Андыктан бизде шайлоого чейин же кийин деген түшүнүк жок. Болгону колубуздан келген жардамды аябай, эл менен бирге ишке ашырып жатабыз. Тандоону эл жасайт. Элибиз көп нерсени көрүп, көрөгөч болуп калганына ишенем.
– «Өнүгүү-Прогресс» партиясы айыл чарбасында алгылыктуу иш жасап жатканы талашсыз. Бирок Кыргызстан айыл менен гана чектелбейт да?
– Ооба, туура айтасыз. Шаарларыбыздын абалын оӊдоо зарыл. Айрыкча борборубуз Бишкек көп ойлондурат. Изилдөө жүргүзүп, шаардын эӊ талылуу жерлерин таап, шаардыктарды эмне тынчсыздандырарын билебиз. Азырынча мамлекеттик органдар мэрия, шаардык кеӊеш өз милдеттерин аткара албай, бишкектиктердин жашоосун оӊдой албай жатат.
Бишкек шаары үчүн атайын күчтүү программа түздүк. Анда шаардын бардык көйгөйлөрү комплекстүү каралат. Таштанды, коопсуздук, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер жана криминалдык көрүнүштү жок кылуу. Бул долбоор борбордун сырткы көрүнүшүн түп тамырынан бери өзгөртөт. 20 жылдан бери мамлекеттин күчү жетпегенди биз жасайбыз. Муну жакында өз көзүӊүздөр менен көрөсүздөр.
– Бул кандай программа, айтып берсеӊиз?
– Айтканда эмне, аны жакында өзүӊүздөр көрөсүздөр. Биз баштаган ишти башкалар дагы туурап, көчүрө баштайт. Мындайдан айрыкча бишкектиктер утат деп ишенем.
Мирлан Өмүралиев